Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Бакиев үчүн Беларус менен алака үзүлөбү?


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Апрель окуясынын жабырлануучулары түзгөн “Мекен Шейиттери” бирикмеси Кыргызстан Беларус менен дипломатиялык мамилесин толугу менен токтотуу керектигин айтып чыкты.

Бакыт Тургунбаев 2010-жылы Апрель окуясы учурунда эки бутунан жараат алган. Андан бери төрт жыл өтсө да, дале эки күндүн биринде ооруканалап жүрөт. Ал Апрель окуясы боюнча сот чечими чыгып, күнөөлүүлөр соттолду деп турганда эң башкы айыпталуучу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Беларустан сыйлык алганын угуп “күйбөгөн жери күл болуп турган” кези:

- Канчалаган адамдын өлүмүнө забын болуп, майып кылган адамдын сыйлык алганын угуп, аябай жиним келип атат. Ал киши жазасын алышы керек эле. Биз болсо минтип ооруканалап жүрөбүз. Алар четте жыргап жүрүшөт.

Бакыт Тургунбаев сыяктуу Апрель окуясы учурунда жараат алып, жакынын жоготкондордун башын кошкон “Мекен Шейиттери” бирикмесинин мүчөлөрү Бакиевдин Беларуста “Эл достугу” ордени менен сыйланышына нааразылыгын билдирип, президентке кайрылышты. Алар 80ден ашык адамдын өлүмүнө айыптуу деп табылган адамга мартабалуу сыйлыгын ыйгаруу менен Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстанды келекеледи деп эсептешет. Мындан улам президент Алмазбек Атамбаевге Беларус менен дипломатиялык мамилени толугу менен үзүү талабын коюп жатканын “Мекен Шейиттери” бирикмесинин теңтөрайымы Нурия Айдабосунова билдирди:

- Бакиев жүздөгөн ейкүнөө адамды атууга буйрук берген. 4 жылга созулган соттун жыйынтыгы менен өмүр бою кесилип жатса, Лукашенко ага сыйлык берип жатат. Бул кыргыз элин шылдыңдоо. Биз президенттен Кыргызстандагы беларус, Беларустагы кыргыз элчилигин жабууну талап кылабыз

Буга чейин жергиликтүү айрым агенттиктер 2-августта Беларус президенти Александр Лукашенко Бакиевдин 65 жылдык мааракеси менен куттуктап, “Эл достугу” ордени менен сыйлаганын жазып чыккан. Бул кабар тараган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Бишкектеги элчиси Виктор Денисенкону эки ирет чакырып түшүндүрмө сурады. Акыркы ирет 14-августта сураганын министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” кабарлады:

- Жолугушуу жүрүшүндө элчи Денисенко мурдагыдай эле бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди. Ал эми тышкы иштер министри элчи Денисенкого сот тарабынан түбөлүк эркинен ажыратылган кылмышкер Бакиевге бул өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгынын берилиши таңгалууну жана нааразылыкты жаратканын, мындай көрүнүш Кыргызстанда бейдостук аракет катары бааланып жатканын, эки тараптуу кызматташууга терс таасирин тийгизген бул өңдүү аракеттерди жокко чыгарууну өтүндү.

2010-жылы 7-апрелден кийин бир нече өлкөнүн ортомчулугу менен Беларуска чыгып кеткен Курманбек Бакиев ошол эле жылы белорус өлкөнүн жарандыгын алган. Башкы прокуратура ошондон бери Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү сунушу менен Беларуска кайрылып, бирок андан майнап чыкпай келет. Бул жагдай эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин салкындатып келатканын эксперттер айтып жүрүшөт.

Белгилүү мамлекеттик ишмер жана дипломат Медеткан Шеримкулов Бакиевдин айланасындагы акыркы окуялар эки өлкөнүн мамилесинин дагы начарлашына себеп болот деген пикирде:

- Лукашенконун Бакиевди “Эл достугу” ордени менен сыйлаганы дүйнөлүк саясий аренадагы нонсенс. Дүйнөдө көп эле мамлекеттин президенттери өз өлкөсүнөн качып кеткен окуялар болгон. Анткени Кыргызстандын жарандарын өз буйругу менен аттырып, 87 адамдын өлүмүнө себеп болгон адамга мындай сыйлык кандай негизде берилди деген суроо жаралууда. Ошол эле учурда Бакиевдин элдин атынан достук орденин алууга кандай укугу бар? Бул кыргыз элин сыйлабагандык.

Ошентсе да Кыргызстан Беларус мүчө болгон Бажы биримдигине жыл аягына чейин кирүү ниетин билдирип келет. "Бул жагынан алганда кыргыз бийликтери кааласа да, каалабаса да Бакиев факторуна көз жуумп, Беларус менен экономикалык алаканы өнүктүрүүгө мажбур болот",- дейт коомдук ишмер Эдил Байсалов:

- Лукашенкого таарынып, ичибиз күйгөнүбүз учурда туура эмес болуп калат. Анткени мындай аракет кылганыбыз учурдагы ички-тышкы саясий багыттарга каршы келчүдөй болуп турат. Азыркы бийликтин негизги максаттарынын бири - Бажы биримдигине кирүү. Ал эми бул уюмдун үчтөн бири дал ушул Лукашенконун колунда. Ошондуктан кандай нааразылыгыбызды билдирсек да, аны менен эсептешүүгө туура келерин эстен чыгарбашыбыз керек.

Дээрлик үч жарым жылга созулган апрель соту быйыл 25-июлда өз өкүмүн чыгарды. Ага ылайык Курманбек Бакиев, бир тууганы Жаныш Бакиев 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок атууга буйрук берген деген айыптын негизинде өмүр бою абакка сыртынан кесилди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG