Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:34

Апрель соту: Бакиевдер өмүр бою кесилди


Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен апрель окуясынан кийинки митингде. Ош шаары, 15-апрель, 2010
Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен апрель окуясынан кийинки митингде. Ош шаары, 15-апрель, 2010

Апрель окуясы боюнча ишти караган сот Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен анын бир тууганы, ошол туштагы мамлекеттик Күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты.

Күттүргөн өкүм

Апрель окуясы боюнча үч жарым жылга созулган сот процесси 25-июлда аяктады. Бишкек гарнизондук аскер соту чыгарган өкүмдүн негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылды. Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылды. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга кесилди.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Булар кызмат абалынын ашыкча пайдаланган деп табылды.

Камакка алынгандардын ичинде Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев да бар. Сот Темирбаевди 22 жылга, Жолдошалиевди 6 жылга эркинен ажыратты.

7-апрелде элге ок атууга көмөктөшкөн деп айып тагылган УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов 20 жылга соттолду. Суталинов саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу сот өкүмү күчүнө киргенге чейин боштондукта калтырылды. Саламаттыгына байланыштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов да камакка алынган жок. Аны сот 25 жылга кести.

Негизги айыпталуучулардын ичинен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иш кыскартылды. Ал эми президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванная болсо 10 жылга сыртынан соттолду.

Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун өкүмүн судья Дамир Оңолбеков жарыялады.

Апрель сотунун өкүмү чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:38 0:00

Сот андан ары "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин актап, соттук териштирүү учурунда аскерлердин күнөөсү далилденбегени айтылды.

Элге ким ок атканы белгисиз бойдон калдыбы?

Жабырланучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев сот чечимине негизинен канааттанганын билдирди.

- Соттун өкүмү ушундай блот деп күткөнбүз. Бир гана Руслан Байтоков менен Олег Ребенек боюнча чечимге мен жеке нааразы болуп калдым. Анткени алар 7-апрелде Темирбаев, Дунгановдой эле ролду аткарышкан. Команда беришип, эки топко башчылык кылган. Калганы боюнча сот кылмыш иштеги материалдардын негизинде эле чечим чыгарды.

Ошол эле кезде айрым жабырлануучулар “7-апрелде Мамлекеттик күзөт кызматынын жана УКМКнын атайын “Альфа” тобу элге ок аткан болушу мүмкүн” деп аларды актаган сот чечимине нааразы болушууда. Сот болсо алардын куралынан элге ок карай ок атылганы далилденген жок деп тапкан. Ошентип күттүргөн сот өкүмү акырына чыкканы менен 7-апрелде сексендей адам кимдин огунан каза тапканы белгисиз бойдон калды.

Осунбек Жамансариев муну тергөөнүн чабал жүргөнүнөн деп эсептейт.

- Иштин материалдары боюнча, 7-апрелде Мамлекеттик күзөт кызматынын 45тей, “Альфанын” 25тей кызматкери жана 30дай милиция болуп, ок атканы бизге белгилүү. Мындайча айтканда жүздөй кишинин ичинен 14 киши гана кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Далилдер жетиштүү болбогону үчүн аларды актап жатат. Тергөөдө так далиллдерди койо алышкан эмес. Сотто да, тергөөдө да так далилдерди көрсөтө алган жокпуз.

Ал ортодо соттолуучулар жана алардын адвокаттары сот өкүмү менен макул эместигин, сөзсүз кийинки тепкичтеги сотко кайрыларын айтышууда.

“Альфа” атайын тобунун жана 6 жылга соттолгон Алмаз Жолдошалиевдин адвокаты Чолпон Жакупова арыз жазарын билдирди.

- Сөзсүз арыз жазабыз. Биз эле эмес башкалар да жазат. Соттун чечими менен макул эмеспиз. Жолдошалиевди “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан” деп жатат. Каерден кызматынан аша чааптыр. Кылмыш материалында бул нерсе жок да.

Ал эми 25 жылга соттолду делген Данияр Дунгановдун жубайы Бактыгул Казыбаева күйөөсү күнөөсү жок кесилди деп эсептейт:

- Мен сот адилетсиз өкүм чыгарды деп ойлойм. Анткени күйөөм аскер адамы. Ал өзүнүн тиешелүү кызматтык милдетин аткарган. Ал жумушунда болгон, эч кайда качып кеткен эмес.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү үч жарым жылдай созулду. Анда мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Кыргызстандын тарыхындагы эң узакка созулган жана чуулгандуу саналып жаткан бул сот процессин башынан аягына чейин судья Дамир Оңолбеков алып барды. Андагы материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. Анда 300дөн ашуун адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашты. Мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 прокурор тартылган.

Апрель курмандыктарынын көксөөсү суудубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00
Түз линк

2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 77 адам окко учуп, 300дөн ашык адам жаракат алган. Кийин жаракат алгандардын арасынан да бир тобу каза болуп, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган. Бул күнү бийликке каршы чыккан элге Ак үй тараптан ок атылып, окуя Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышы менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG