Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Баткендеги митингдин талабы


Облустук акимчиликтин алдына топтолгондор. Баткен, 12-май.
Облустук акимчиликтин алдына топтолгондор. Баткен, 12-май.

Баткен шаарынын борбордук аянтына чогулгандар өлкө бийлигинен чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана облус жетекчилигине мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди дайындоону талап кылышты.

Баткен шаарынын борбордук аянтына бүгүн эртелеп кыргыз-тажик чегиндеги айылдардын тургундары чогула башташты. Анткени чек арадагы соңку чатактан кийин, 8-майда эл менен жолугушууга келген вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев элдин талабын өкмөткө жеткирүүгө убада берип, үч күндүк мөөнөт сураган. Анда жергиликтүү калк чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн облус башчылыгына мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди кайра дайындоону талап кылышкан. Ошондо эл талаптары аткарылбаса кайрадан митингге чыгарын эскерткен эле. Бүгүн ошол үч күндүк мөөнөт аяктап, эл кайрадан чогулду.

Облустун борбордук аянтына чогулгандардын катары улам калыңдап отуруп, түшкө жуук беш жүздөн ашты. Алар өлкө бийлигинен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковду кызматтан кетирип, ордуна мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди алып келүүнү талап кылып турушту.

Митинг учурунда облустук бийликтин имаратын ИИМдин Оштон келген атайын даярдыктагы тобу коргоого алып, курчап турганын аймактагы кабарчыбыз маалымдады. Митингге чыккандар өкмөт өкүлүн коргоо үчүн милициянын күчөтүлгөн тартипте иштешине, өткөн жумада чек арада болгон чатакты жайгарууга ушунча күч тартылбаганына нааразы болушту. Митингчилер бул арада өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өзү келип, чек арада жашаган элдин муң-зарын угушун да талап кылып жиберишти.

Көп өтпөй облус жетекчиси Жеңиш Раззаков баштаган топ чогулган элдин алдына чыкты. Облустук драма театрдын залындагы жолугушууда айрым аксакалдар Раззаковдун токтоосуз кызматтан кетишин талап кылып, анын дарегине ачуу сөздөрдү да айтышты.
Тасмада: Жолугушуудан бир ирмем
Баткен: облус башчысын кетирүү талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00


Бул жолугушуудан кийин да чогулган эл тараган жок. Кечке жуук гана облус башчысы Жеңиш Раззаков нааразы болгондордун арасынан тандалган 3-4 өкүлдү өзү Бишкекке баштап барып, өкмөттөгү тиешелүү жетекчилерге жолуктурары белгилүү болгон соң гана нааразылыкка чыккандар тарап кетти.

Аймакта облустун азыркы жетекчилигине нааразылык кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин күчөп кеткен. Жергиликтүү эл ошол чатактын алдын алууда жана кырдаалды жөнгө салууда облус бийлиги тиешелүү чара көрө алган жок деген пикирде.

7-8-май күндөрү кыргыз-тажик жарандары ортосунда чыккан чатакта кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн. Кыргыз айылдарындагы дүкөн жана унаалар өрттөлгөн. Негизи Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш, Ак-Сай айылдары соңку бир жылдан бери чыр-чатактын очогуна айланып, абал тынч эмес.

Бул аймактагы кыргыз-тажик айылдары чырмалыша жайгашкан. Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери дал ушул чырмалышкан жерге келгени бир кадам да жылбай токтоп турат. Чек ара такталбай турушу эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр-чатактарга да себеп болууда. Соңку чатактар негизинен Кыргызстандын тажик айылдарын аралабай өтчү айланма жолду куруусуна кошуна тараптын каршылыгынан чыгууда.


Жергиликтүү калк кайра келишин талап кылып жаткан Мамат Айбалаев Баткен облусунун биринчи губернатору, азыр 75 жашта. Ал облусту жаңы түзүлгөн 1999-жылдан тарта төрт жылдай башкарган. Жергиликтүү тургундар Айбалаев жетектеп турган учурда аймакта чек ара маселелери кыйла жөнгө салынып калганын айтып келишет.

Бирок мунун алдында өкмөт Мамат Айбалаевди губернаторлукка дайындоо талабын саясий күчтөр коюп, ал шайлоо алдында саясий максатты көздөшү мүмкүн деген ойдо турганы, ошондуктан бул маселе азырынча карала электиги кабарланган.

Өз кезегинде Мамат Айбалаев эл талап кылса жана өлкө бийлиги макул көрсө облусту жетектеп берүүгө даяр экенин "Азаттыкка" билдирген:

- Мени азыр эч ким чакырган жок. Сүйлөшкөн жок. Бийлик макул болсо барам. Мен даярмын.

Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Өлкө борборунан миң чакырымдай алыс турган бул аймак мурда Ош облусунун курамында турган. 1999-жылы аймакка өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган жоочулар кол салган соң, Кыргызстандын түштүк-батыш чек арасын бекемдөө жана социалдык-экономикалык жактан артта калган аймакты өнүктүрүү максатында бул чөлкөм өзүнчө облус болуп түзүлгөн эле.

Баткендеги митингден сүрөт баян

XS
SM
MD
LG