Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:10

Баткен: аткезчилик тыйылабы?


Баткен. Кыргызстан менен Тажикстандынч егиндеги жүк ташуучу унаа.
Баткен. Кыргызстан менен Тажикстандынч егиндеги жүк ташуучу унаа.

Абдрахман Маматалиев Баткенде күч органдарына аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүнү, жергиликтүү эл менен тыгыз иштөөнү тапшырды.

Вице-премьер-министр 9-майда Баткен шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуп жатып, бул багытта координациялык кеңеш түзүлгөнүн маалымдады.

Жергиликтүү айрым байкоочулар жана тургундар аткезчилик соодасынын артында таасирлүү аткаминерлер турарын айтып, контрабанда тыйылат деген убадаларга ынабай турат.

Баткен облусунун тургуну Кубат Асылбеков аймакта соңку учурда аткезчилик соодасы күчөгөнүн айтып берди:

- Эртеден бери эле камаздар тынбай, Баткендин борборунан Көк-Ташка карай өтүп жатат. Күйүүчү майы, цементи, дагы башкалары деле кетип жатат. Баары чоңдордуку. Карапайым элдики эмес. Баткенде карапайым эл өрүк эле сатат, башка эч нерсе деле сатпайт. Келген чоңдор карайбыз, жабабыз деп элди алдап эле кетип калып жатышат.


Кыргыз-тажик чек арасында турган Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев аткезчилик соодасын таасирлүү аткаминерлер көзөмөлдөйт деген пикирге кошулат жана жергиликтүү күч органдарынын аны тыюуга алы жетпейт деп эсептейт:
Ак-Сай айылы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Айыл тургундары Тажикстан тарапка жүк ташуучу унаалар өтүп жатканын айтышууда.
Ак-Сай айылы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Айыл тургундары Тажикстан тарапка жүк ташуучу унаалар өтүп жатканын айтышууда.
- Азыр Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттардын аты айтылып жатпайбы. Ошолордун бизнеси болсо муну кантип тыйышмак эле? Жогорку жактан буйрук келип жатса, эң ири өлчөмдөгү товарларды мыйзамсыз өткөргөндөр чоңдор болуп жатса, бул жактагы күч органдарынын майда-чүйдө кызматкерлери, мисалы, участковый аны кантип токтотмок эле?

Ушул жылдын башындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу өткөрмө бекеттер эки айга жакын жабылып турган. Көк-Таш айылынын жетекчиси Разия Өсөрова чек ара ачылгандан тарта аткезчилик кайра жанданганын, мунун айынан Баткенде азык-түлүк, буюм-тайым кымбаттаганын маалымдады:

- Чек араны бекитмейинче контрабанда өтө берет. Биз чек арабызды чоң кылып ачып койдук да. Биздин чек арачылар, жергиликтүү тургундар кармаса кайра алар күнөөлүү болуп жатпайбы. Андан көрө чек араны бекитип эле койсо жакшы болмок. Чек ара бек турганда өзүбүздөгү товарлардын баары арзандап, эл дашы жакшы болуп калды эле. Биздин продукциялар Тажикстанга кирип кетип, өзүбүздө кымбаттап кетти. Чек араны кайра бекитип койсо жакшы болмок.


Аткезчилик соодасы 9-майда Баткен шаарында вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлдү. Маматалиев “Азаттыкка” берген маегинде аткезчиликке каршы күрөш күчөйт жана мыйзамсыз сооданын артында тургандар, ага жол бергендер жазасыз калбайт деп ишендирип өттү.

- Мен ошол чогулган элге контрабандага аралашкан кимдер экенин, ал министр болобу, депутатпы, же губернаторбу билсеңер ачык айткыла, же болбосо жашыруун деле маалымат бергиле дедим. Мен күч блогун тейлеген вице-премьер катары муну жеке көзөмөлүмө алам, силер менен чогуу көзөмөлдөйбүз деп айттым. Жыйынтык болобу же болбойбу өзүңөр көрөсүңөр дедим. Ошол жерден күч органдарына күрөштү күчөткүлө деп тапшырма бердим. Эгерде жакын арада жыйынтык чыкпай турган болсо, өзүңөргө чара көрөм деп эскерттим.


Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавы. 18-декабрь, 2013-жыл.
Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавы. 18-декабрь, 2013-жыл.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбеков аткезчилик соодасы мурдагыга караганда тыйылып калганын айтууда:

- Бул багытта иш такай болуп жатат. Прокуратура, УКМК, милиция жана Чек ара кызматы чогуу кызматташып жатабыз. Азыр контрабанда кыйла эле азайган. Кызыл-Кыядагы цемент заводунун Тажикстан менен келишими бар. Цемент бажы төлөмдөрү төлөнүп, мыйзамдуу эле ташылат. Ал эми күйүүчү май боюнча азыр Тажикстанда керектөө деле жок. Анткени алар Орусиядан түз алып жатат. Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу да кыйла азайган. Эл менен чогуу иштеп жатабыз.


Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева аткезчиликке каршы көрүлүп жаткан иштер тууралуу буларды маалымдады:

- Баткенде аткезчилик менен негизинен күйүүчү май, жер семирткич алынып өтөт. Аткезчилик соңку учурда азайды деп айтсак болот. Анткени кыргыз-тажик чек арасына кошумча бекеттер орнотулду. Мындан улам товарлар өткөрмө пункттар аркылуу ташылууда. Бизде контрабанда Тажикстан эле эмес, Өзбекстан жана Казакстан менен чек арада да болот. Биз бул чек араларыбызды кайтарууну күчөттүк. Натыйжада аткезчлик азаюуда.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанда жалпы жонунан аткезчилик жол менен алынып бараткан баасы 22,5 миллион сомдук товар кармалган.

XS
SM
MD
LG