Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Баткен: кооптуу жагдай жайгарылды


Тажикстанда кармалган жакындарын бошотуу талабы менен чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушууда. Баткен, 22-июнь.
Тажикстанда кармалган жакындарын бошотуу талабы менен чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушууда. Баткен, 22-июнь.

Тажик жарандарын барымтага алуудан чыккан тополоңдон кийин Баткенде абал жайгарылып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү эл тарабынан барымтага алынган тажик жарандары өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилди. Ал ортодо облустук бийлик өкүлдөрү Тажикстанда аткезчилик үчүн кармалып турган кыргызстандыктарды абалын жеңилдетүү үчүн сүйлөшүүлөр башталганын билдирүүдө.

Тополоң кантип тутанды?

Кечээ милиция менен тиреш чыккан Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында абал калыбына келип, эл кадимки жашоосун улантууда. Бүгүн эртелеп ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган бийлик өкүлдөрү аталган конуштун эли менен жолугушту.

Жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы Кубатбек Айбашев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бийлик өкүлдөрү элди чогултуп, кечээки кадамы туура эмес экенин, коңшу өлкө аймагында кылмышка шектелген адамдарды күч менен алып келе албай турганыбызды, мыйзам, эл аралык келишимдер бар экенин айтышты. Чогулган эл да муну туура түшүнүп, иштин туура эмес болгонун айтып жатышты.

Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айыл жашоочулары бул ирет да Тажикстанда кармалган жердештерин бошотууга көмөктөшүүнү талап кылышкан.

Жергиликтүү тургун Исмаил Султанмуратов элдин талабы тууралуу мындай дейт:

- Негизги талап ошол эле болду. Муну менен кошо дагы кокусунан барып калган эки жараныбыз бар да. Аларды бошотуу жөнүндө сөз болду. Алар айдочулар болушкан жана кокусунан эле Тажикстанга барып калышкан.

Бул жолугушуудан соң министр орун басары Курсан Асанов баштаган топ камактагылардын абалын билүү үчүн Тажикстандын Баткенге кошуна Исфара шаарына барып келишти. Алар камактагы кыргызстандыктардын абалы менен таанышууну максат кылышкан.

Исфарага баргандардын бири, Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун айтымында, алар камактагылар менен жолугуша алышкан эмес:

- Биздин жарандар кандайча, кандай айып менен камалганы, келечеги кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Тажикстандын расмий кызматтары Кыргызстандын үч жараны 90 киллограм 500 граммдан ашык сымап менен кармалганын айтууда. Сымап бул уулуу зат болгондуктан аларга иш козголуп, 10 жылдан 25 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн экен. Бизге алар менен жолугушууга мүмкүнчүлук берген жок, кийин соттун чечими менен көрө аласыңар деди.

Баткендеги кечээки тополоңдун башаты ушул үч кыргыз жаранынын кошуна өлкөдө кармалышына барып такалат. Алардын камакка алынганын уккан жакындары дароо айылдаштарын чогултуп, мурда күнү 19 тажик жаранын Баткендеги базарга келген жеринен барымтага алышкан. Алар ошол эле күнү бошотулган соң базарбашылыктар эртеси, 22-июнда дагы 8 тажик жаранын барымтага алуу менен Тажикстанда кармалгандарды бошотуу талабын койгон.

Бийликтин алсыздыгыбы?

Серепчилер чек ара аймагындагы облуста эки өлкөнүн жарандарынын катышуусунда мындай окуя болушун мамлекеттин коопсуздугу үчүн опурталдуу көрүнүш катары баалашууда.

Маселен, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси, генерал Мирослав Ниязов бул окуяга бийликке ишеним жоктугу себеп болгонун белгилейт:

- Бул окуяларга тезинен көңүл буруп, чара көрүү зарыл. Бул окуялар эмнени көрсөтөт? Эл көйгөйлөрүн өздөрү чечип, эч кимге ишенбей калганын, жергиликтүү бийликке да, борбордук бийликке да ишенбей калганын көрсөтөт. Экинчиден, чек ара маселелерин тезинен чечпесе мындай окуялар кайталана бериши толук мүмкүн.

Канткен менен базарбашылыктардын Тажикстанда кармалган үч айылдашын тажик жарандарын барымтага алуу менен бошотуп алуу аракетинен майнап чыкпады. Облустук бийлик өкүлдөрү менен милициянын түшүндүрүү иштери натыйжасыз болгон соң, барымтагыларды атайын операциянын негизинде бошотуу чечими кабыл алынды. Милиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Тополоң учурунда облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, лейтенант Сапар Алибековго ок тийип, жаракат алган. Азыр анын абалы орточо экени маалымдалууда.

Милицияга каршылык көрсөтүп, бейбаштык кылганы үчүн 9 жаран учурда УКМКнын облустагы башкармалыгынын убактылуу абагында кармалып турат.
Баткендеги тополоңдон сүрөт баян: 22-июнь

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG