Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

"Азаттык" сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады


Сынактын жеңүүчүлөрү Валентина Житенова, Бүбүсара Калыкова жана Топчугүл Шайдуллаева. Бишкек, 27.12.2011
Сынактын жеңүүчүлөрү Валентина Житенова, Бүбүсара Калыкова жана Топчугүл Шайдуллаева. Бишкек, 27.12.2011

Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган мыкты баян, ой толгоолор үчүн жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоолор үчүн кыргыз жана орус тилинде жарыялаган сынагын жыйынтыктады.

Кыргыз тилинде сынакка катышкандардын ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Уланбек Эгизбаевдин “Келечек колубузда” аттуу ой толгоосу эң мыкты деп бааланып, баш байге – нетбук ыйгарылды.

Солдон оңго карай: Султан Жумагулов ("Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси), Уланбек Эгизбаев, Шайырбек Эркин уулу ("Азаттык" сайтынын улук редактору)
Солдон оңго карай: Султан Жумагулов ("Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси), Уланбек Эгизбаев, Шайырбек Эркин уулу ("Азаттык" сайтынын улук редактору)
Уланбек ушул тапта 3-курстун студенти, аны менен катар университеттик журналдын редактору болуп иштейт. Баш байгенин ээси Уланбек макаласы "Азаттыктын" сайтында жарыяланаар замат аны менен бир топ адамдар байланышып, баяны тууралуу жылуу пикирлерин айтышканын белгиледи.

Мындан сырткары сынакка ҮүӨөМиң деген ат менен "Миллениумда жазылган ыр (Саманчынын Жолун карап)", "Эгемендиктин эпиграммалары ж.б.у.с." деген өзгөчө ырларды жазган окурманыбыз, ошондой эле Топчугүл Шайдуллаева "ОБОНдон чыккан ойлор, же гендерчилер эмне дейбиз?" деген ой толгоосу, Карамат Токтобаева "Эгемен өлкө, эгемен журт, эки окшоштук", Бүбүсара Калыкова "Эгемендик: кууралы менен жыргалы", Сексенбай Турдукожоев "Эгемен Кыргызстан тууралуу ой-толгоо" жана Бегайым Асеева "Эгемендүү Кыргызстан: XXI кылым жана демократия" деген баяндары үчүн жеңүүчү деп табылып, атайын белектер менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG