Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Эгемендиктин эпиграммалары ж.б.у.с.


«Чтобы сохранить хорошее настроение среди худого устроения»
Фридрих Ницше

1
Тобо дейм калганыма кыргыз болуп,
Тоо ичине жоош-момун койлор толуп.
Африканын айбандары тытып салмак,
Кокус мен төрөлгөндө негр болуп.

Тобо дейм жүргөнүмө эриң болуп,
Жүрөгүм - толкун жүрсө, дүк-дүк согуп.
Күнөөсүз күндө беш маал муш жемекмин,
Жашасам кокус сага токол болуп.

Ушинтип тагдырыма ыраазымын,
Ленинге да тилин сүйгөн мамасынын.
Бир гана - ыр окутуп «Как, как, ка-ак?» десең,
Түшүнтө албай, үндүкчө нааразымын.

2
Инглиш, инглиш,
инглиш деген заманда,
Кичинекей болсо башың жаман да.
Андай башка баткан менен эки тил,
Yчөө батпай, күйөт экен мамаң да.

3
Чыгармасын чайнап берип Чыңгыздын,
Жылдыздыгын далилдешип жылдыздын,
«Академик» деген атка чөп артып,
Оокат кылат көп балдары кыргыздын.

Айтматовдон Майрам апчем кем беле,
Китептерин талдабадым мен неге?!
Айтматовчо тонко мактап, ыр жазсам,
Чёртко посол болмок экем мен деле.

4
Ачкал, Кедейкан, Аптамат

Казактарга кызыл деп, басын шайкап,
«Демаралда», ширкин ай, жаткан шаңдап,
Шырактарым алатын түсүнбөйбү,
Мына мау үш таздын бирин тандап?

5
Үзүлүңкү турмушта,
Үй кура албай Жылдызча.
Үшүп жашап келатсаң,
Үч миллион кыргызча,

Жалынга бирге күйүшүп,
Жаш кезде тапкан сүйүшүп,
Аялың болсо жакшы экен,
Көчүкө көчүк тийишип.

6
Шыбырашып, боор ооруп азганыңа,
Моюн бербей, муң басып жатканына,
Бул дүйнөдө сен бекер жүргөн жоксуң,
Күлүп калса үч аял жазганыңа.

7
Айт намазда оозго салып тортуман,
Арак ичпей, карта тиктеп олтурам.
Аянттагы молдокелер не дейт деп,
Ватиканды карап намаз окусам?

8
24.03.2005

Тандоодон тапкан таз эмес,
Буларга эч ким кас эмес.
А бирок,
Акаев менен бир жүргөн
Буларың деле таза эмес.

Акылы бийик, зоо эмес,
Аялга эч ким жоо эмес.
А бирок,
Акаев менен бир жүргөн,
Аларың деле соо эмес.


9
Кыргыздын имистирин алсаң деле,
Же беркисин АйКү тестке салсаң деле,
Ар дайым жүздөн бир балл жетпей калат-
Бу бизди
Кудай каргап салган беле?

Уулубуз эми качан болот чырак,
Уурубуз эми качан берет сурак?
Деп жүрсөк,
Хакастарга кошомун деп,
Көрүндү горизонттон да бир «дурак».

10
Май майрам

Белден өйдө - май, май, май,
Белден ылдый - май, май, май,
Сөзүм жетпейт айтканга,
Сулуулугу - пай, пай, пай.

Махабатым, тай, тай, тай,
Жыгыласың, жай, жай, жай,
Бул эжекең кол жеткис
Асмандагы ай, ай, ай.

Бойдок турмуш - чай, чай, чай,
Абдан ооду шай, шай, шай,
Ак жоолукка мен эми
Кантип болом бай, бай, бай?

Жарың болсо ай, ай, ай,
Анда турмуш - рай, рай, рай,
Оо Жараткан, оо Кудай,
Сураганды дай, дай, дай!


11
Кыргызда чучук, колбаса
Кыйналбай болот тандаса.
Аялдар бирок апасный-
Апасын көрүп албаса,
Күйбөгөн жериң күл болот,
Сосиска менен алдаса.

12
Бул дүйнөнү жаратсаң да ойлонбой,
Сени, Кудай, даңктай берем торгойдой:
Күндү дагы талаш кылсаң не болмок,
Жерди , сууну талаштырып койгондой?!

Бир өчүрүп, бир күйгүзүп күн нурун,
Көздөн учуп көгүш асман , көк булуң,
Мына ошондо бизди накта кул кылмак
Картөшкөгө жүдаа окшош бир мурун.

13
Билайндын рекламасын туурап
Карасам көзүн карагым,
Өзү экен баатыр бабамын,
Дегендер сойот кыргызды.

Хирург Апакеев.

Макентай жакта жашагын!

14
Мас айылдын балдары.
Мало иванныйдын кыздары.
Түшүнбөй элим сөзүнө,
Турганда сөгүп тыңдары,
Шумагулов чечмелеп,
Шум менен бүттү ырлары.

15
«Мен ойлойм»

«Мен ойлойм», ажал жеткенде,
О дүйнө сурак бергенде,
Фактылар үчүн «атейин»,
Тозокко түшөт бул пенде.
Ортодон эле шайтандар,
Болбойт деп муну өрттөшкө,
Качегар кылып салбаса,
Кырганбек & компани,
Тебишип жаткан чоң мешке.

16
Чокуларга чоңдор коюп чоочун ат,
Айт намазда эл аянтка чогулат.
Ватиканды карап окуп намазын,
Алла деген бул да мени чоочутат.

17
Ажы - 2011

Быйыл, Кудай, калбайын деп жемеңе,
Cексендеги атам бармак Мекеге.
Миң сом алып казылары Таластын,
Кирдиң дешип - киргизбептир тизмеге.

Кийин бирок Ак үй жакта иштешкен,
Балдар чуркап, кар түшөөрдө иш бүткөн.
Анан атам ак матаны жамынып,
Турсий кийбей кеткен эле Бишкектен.

Он күн болду, кабар келбей, кат келбей,
Шайтандарга таш атканда таш жетпей
Калат десе, демим буулат, атакем,
Ата Мекен согушуна кеткендей.

Тигил өлдү, бул өлдү деп укканда,
Апам да ооруп, туралбай калат куптанга,
Анда мен да
Шайтандарын кырып атам казынын,
Zamzam алып келсе экен дейм тууганга.
…………………………………………

18
Парафраз ( Маяковскийди туурап)

«Фракция «Ата-Мекен» не согласна с тем,
что чиновники должны знать английский язык»

Акипресс 5.10.2011

Да будь я
и чукчей преклонных годов,
и то,
кликнув все буки и диски,
Я английский бы выучил
только за то,
Что это язык
Моники Левински.

19
Эгемендик көп болду орногонго,
Шырылдаган кан кетет – ойлогондо,
Эл үчүн биз да кызмат кылат элек,
Көтөн чучук геморой болбогондо.

20
Кекеч ыр

Укта, укта, уктагын,
Ухи, пухи, улагым.
Ка...ка...карышкыр
Келбейт эми, чырагым,
Таиландга тай издеп,
Ал кетти деп угамын.

Сүзү...сүзү... сүзөнтай,
Мүзү...мүзү...мүзөнтай,
Таиландда - миллион
Күрөң...күрөң...күрөң тай.

Укта, укта, уктайгой,
Уктап калды кунан кой.
Ме...ме...медерим,
Эртең бизде болот той.
Биздин дагы тоолордо
Жашоо болот жомоктой.

Сүзү...сүзү... сүзөнтай,
Мүзү...мүзү...мүзөнтай,
Тайдын этин сүрсүтүп,
Сен да жейсиң күлчөтай.

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы
XS
SM
MD
LG