Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Миллениумда жазылган ыр (Саманчынын Жолун карап)


«Я бы клонировала Аскара Акаева» Хиллари Клинтон. «Эсенбек Дүйшеевич экөөбүз тоокторду көбүрөөк туудурганга аракет кылабыз» Амангелди Муралиев

1
Чала беле сенин дагы сабатың,
Жалган беле генийлигиң, талантың,
Кыргыздарды не себептен сен, Кудай,
Такыр эле кыргыз кылып жараттың?!

Түн жарылып, Аалам жарык болгондо,
Түркүн-түмөн элдер Жерге толгондо,
Бойок жетпей калды беле, оо Кудай,
Бизди бир аз немис кылып койгонго?

Эсептелбей эскиздериң, ойлоруң,
Бизди неге мынча чала ойлодуң,
Окшош жасап келе жатып, анан не,
Бизди деле жапон кылып койбодуң?

Аз болгондо Фрунзедеги Замдарың,
Тукум курут кылмак кыргыз балдарын,
Анан неге бизди деле башынан,
Кылкылдаган кытай кылып салбадың?

Эми минтип эңгиретип кыргызды,
Ойдо жокто Эгеменди баштадың,
Жаркылдатып эмнеге сен, оо Кудай,
Акаевди майрам кылып таштадың?!


2
Эч түшүнбөйм, не жүрөсүң оңдобой,
Пешенеге жазганыңды ойлобой,
Же кыргызды көргүң келбей калдыбы,
Эң байыркы үнсүз дудук кинодой?

Минте берсең, чоңдор бизди сойбойбу?
Кыргыз жери муңга-зарга толбойбу?
Оо Жараткан, бизге деген Жазмыштын
Төрт-беш пунктун кайра жазса болбойбу?

Орус мактап, сатат «Волга», «Камазын»,
Жапон жасап, сатат «Сони», «Маздасын»,
Кыргыз болсо эми гана эмне үчүн,
Экспорт кылмак болуп жатат жармасын?

Туудай тутуп калган кезде Чыңгызды,
Чыңгыз жандап космостогу жылдызды,
Кайсыл асыл максат үчүн, оо Кудай,
Ойлоп тапкан элең биздей кыргызды?

Нефти бербей нефтисиндей казактын,
Берметтерин бермек белең азаптын,
Кыргызыңды кандай кылмыш үчүн сен,
Түрмөсүнө тыгып салдың Азаттын?

Кез келдиби бизден дагы өч алаар,
Кез келдиби бизди дагы табалаар,
Былчылдатып кыра берип кытайды,
Каргышына калды беле бабалар?!

3
Эми мына. Кушчу, саяк, бугубуз...
Референдум деген дөөнүн кулубуз.
Сексен элдин арасынан сереңдеп,
Жер-пер менен жексен болгон турубуз.

Аскар болсо өлкөбүздү байытпай,
Банкрот кылган өкмөттөрүн айыптайт.
Мунуң эми интегралдап үч жолу,
Котангенске кошсоң дагы жарытпайт.

Түн жарылып, дүйнө жарык болгону,
Түркүн-түмөн элдер Жерге толгону,
Кыргыздардын өзөгүнө өрт коюп,
Өзүн гана ойлойт неге чоңдору?

Партияга өтөөр кезде арызды,
«Элим өчүн өлөм» дешип жазышчы.
Алар эми Ленинден да типтирүү-
Коммунисттер буржуй болуп алышты.

Элдин мүлкүн уурдап, талап алганда,
Гумжардамың күм-жам кылып салганда,
Жок дегенде болбойт беле туз менен
Акаевди жондон ылдый атканга?!

«Эл Баатырын» берип «рэкет» чалдарга,
Мейли дешип, мелтиреген жандарга,
«Ак Шумкарды» ыраа көрбөйт мунуң не
Баткендеги курман болгон балдарга?!

Билбейм деги кандай жорук башталды,
Казан какшып, карала кап бош калды.
Майрамы көп мээрими аз заманда,
Куруйбузго, клондоп салса Аскарды?

Ош базардан көрөм тентек, жоошторун,
Кайыр сурап калтыраган колдорун,
Кыргыз эл деп кыйкырышкан чоңдорго
Майда-чүйдө маселеби бомждоруң?

Ар адамга ачык асман, күн керек,
Күн астында гүнел айнек үй керек,
Ак үйдөгү ажобузга, оо Кудай,
Жетпейт окшойт жарым кашык интеллект.




«7 милдет», «7 осуятты» баш кылып,
7 жылы жүрсө да той, аш кылып,
7-этаж бастион эле акыркы,
7 пара аны да бузду азгырып.

Эми мына, «Мерседестер» зымырап,
Эштек байкуш эптеп араң кылдырап,
Арбып жатат «жөжөлөрү тооктун»,
Ар этажда Муралиевдей чулдурап.

Андан да көп, ойлоп өзүн кеменгер,
Өлкөбүзгө башчы болом дегендер,
Кырк жыл бою Зардалы деп зар какшап,
Кыргыздардын кулак-мээсин жегендер.

Азыр алар тилден кулап чырылдап,
Тил билем деп дале жатат дырылдап.
А негизи, мазги деген аз болсо,
Биздин тилде сүйлөш кыйын, быдылдап.

Жети баштуу желмогуздан жашынбай,
Көч башында көсөм турса сатылбай,
Кыргыз деле азыр күлүп жашамак,
Сингапурдун төрт миллион калкындай.

Чыркыратып кокту менен колотту,
Кытайларга ташып балка, орокту,
Пара албаган «дурактарын» ээрчитип,
Улуу шансты Аскар эле жоготту!

4
Оо Жараткан, Алла-Таалам, Теңирим,
Сенсиң азыр ишенгени элимин.
Имамдарың эске салат парторгду,
Чечмелеген съезддердин чечимин.

Күлкүм келип молдокемдин сөзүнө,
Күйгөнүмдөн айтып жатам өзүңө,
Жай сурашып Саманчынын Жолунан,
Көрүнөөр деп кыргыздардын көзүнө.

Таң атаарда жаркылдатып асманды,
Так айтаар деп Чындык менен Жалганды.
Миң бир түндүн жомокторун ышкыртып,
Молдолоруң чыгарышты таскамды.

Эмнең - Арам, эмнең –Адал билели.
Жаңы заман , Жаңы доорго кирели.
Капка салып айтканыңдын баардыгын,
Англиядан токол алып жүрөлү.

Эркин болгон бовойт десең – бовойлу.
Калпычыңды колдо десең – колдойлу.
Кыргыздарды кырк беш мүнөт болсо да,
Түз башкарып, жөнүң айтсаң болбойбу?!

Видеого тартып алып өзүңдү,
Бүт дүйнөгө тараталы сөзүңдү,
Ананайын кыргызым деп, бапылдап,
Бир көрсөтүп койчу бизге көзүңдү!

Жарык таппай, түтөп турган элдерге,
Түз кайрылып, күлүп койчу жөн эле.
Жакшы көргөн аялың жок, досуң жок,
Жалгыз жашап, жүдөдүңго сен деле.

«Баш кесмей бар, тил кесмей жок»
деп өткөн,
Көкжалдыгын маяк кылбай бабамдын,
Башты дагы, тилди дагы кеспеген,
Нурун берчи бизге Жаңы замандын!

5
Жолду карап, жаным кейип, ичим чок.
Жарык толкуп, Милки Уэйде эч ким жок.
Кур дегенде тарелкелер көрүнбөйт,
Дүйнө жымжырт... Жылдыз жанат... Шыбыш жок.

Эртең эми терек кайра шуудураар.
Чөптөр өсүп, курт-кумурска кыбыраар.
Жөргөмүштүн желесинде чоң чымын
Кудум эле Үсөновдой тыпыраар...

Түбөлүктүн ченемине салганда,
0 дей эле болот 1000 жыл Жалганда.
Эффекттисин айтып жатам масштабдын-
Эртең деле эч ким келбейт жардамга,
Кыргыздардан кырк миң эсе маанилүү
Маселелер толуп жатат Ааламда.

Атомду да табыш кыйын «Жер» деген,
Чексиздиктин чени менен алганда.
Бирок Кудай бизди деле туяр дейм,
Туура сигнал берип турсак асманга.

P.S.
Тарталекте тачкаларын убайдын,
Баралекте базарына Дубайдын,
Өткө тепчи комсомолу Лениндин,
Айтып койсоң бар экенин Кудайдын.

Жалган болсо - калпы чыгаар кебимдин,
Дал ошолор шорубу дейм элимдин,
Алар азыр иншалланы үйрөнүп,
Капар албайт
Бар экенин тезистери Лениндин.

2001-2002-ж.

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы
XS
SM
MD
LG