Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Уланбек Эгизбаевдин баяны: Келечек колубузда...


Редакциядан: Журналист Уланбек Эгизбаев "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан баштап иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген. Ал "Азаттыктын" 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "к" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда..." баянын сунуштап, баш байгени утуп алган. Уланбек Эгизбаевдин ошол баянын кайрадан окурмандарга сунуштайбыз. (25-июль, 2018-жыл)

Кыргыз калкы кылымдардын кыйырында көөнөрбөй, канчалаган кылымдарды карытып келет. Көөнөрбөс комузун күүгө келтирип колго кармап, калпактарын калтырбай кийишип, кыргыз каадасын кадырлашкан. Коктудан кокту которуп, кыр-кырларды кыдырып, көчүп-конуп күн кечиришкен.

Кыргыз калкы капыстан келген кастарга камбылдыгын көрсөтүшүп, катылгандын катыгын колуна карматышкан. Кээде кандуу көтөрүлүштөрдө кереге кыйрап, күлү көккө көтөрүлүп, кыз-келиндер кыйналып, кары-картаңдардын капталдагы кара кабыргасы кайышып, катындар кара кийинишип, кыйын кезеңдерди көп көрүштү.

Кезектеги кандуу коогалаңда кыргыздар карагайлуу калаалыктардын куралдуу кордугунан кийин Кытайды көздөй качышкан. Кыйчалышта кыстаган калабада калайыктын көбүнүн көрөөр күнү куруп, кайра кайрылбай калышкан. Кырылгандан калганы кара курсактын камын көрүшүп, кытайлык көпкөн көпөстөргө кул, күң кызматын кылышып күн көрүшкөн.

Кудурети күчтүү Кудай карапайым кыргыздарга күлүмсүрөй карап, колдоо көрсөтүп, караламан калк кырылганына карабай кайрадан Кыргызстанга кайтып келишкен. Конушуна кайтып келген кыргыздарды коркунучтуу кеселдер каптап кыйнаган. Көз карандылыкты каалабаган каратман кыргыздар көтөрүлүш, коогалаңдардын кедерги-кесепеттерин көп көрүшкөн.

Кыскасы, кыргыз калкы көптөн-көп көшөрүп күткөн, кучагына көп кыйынчылыктарды камтыган көз карандысыздык кези келди. Кыргызстан көз карандысыз күнөстүү кагандыктардын катарына кошулду. Көз карандысыз Кыргызстандын кагандыгына Кеминдин “калың каш” кибернетигинин кандидатурасы көрсөтүлүп, калайык калктын көпчүлүгү кош колдоп кубатташкан.

Кеминдик каган кыргыз калкына кыпындай кызмат кылдыбы, көп кызмат кылдыбы кыязы, көптүн көзү көрөгөч. Каганыбыздын көзгө көрүнгөн кылыктарына кайрыла кетсем. Кеминдик каган кызматына катуу киришкендей көрүнгөнүнө карабастан кыйраткан кызматы көзгө көрүнбөдү. Калайык кендирди кескен кедейчиликке кептелип, “кыйратчу” каган көчүгүнөн кетти. Кибернетик Кууш-Үзөңгүнү кытайлыктарга кудалады. Коңшу кагандыктарга карызыбыз күндөн күнгө көбөйүп, кредиттин келгенине кубанган кагандыктын карызды кайтараттан кабарсыз калган.

Кыргызстандын казынасынын көпчүлүгүн камсыз кылган кыргыздын кемибеген кени Кумтөрдү Канаданын “Камеко” компаниясынын колуна карматып, кенибиз кемигенден кемип, Кумтөрдүн көркү кетип, куту качты. Кымыңдаган канадалыктар кирешеден куру калтырды. Конституцияны каалагандай калчап, “канституция” кылып кайра кабылдады.

Көрсө, кытмыр күлгөн Кеминдин кыраанбайы канайымдын кебине кирип, Кыргызстандын каржы каражаттарын коколой кызыкчылыкты көздөп коротуптур. Кийинки күндөрү коомубузда карама-каршылыктар көбөйүп, калайыктын кыжыры кайнады. Кыраакы кыргыздар кансыз көтөрүлүш кылышып, кабинетиндеги килем капталган калың креслодон кулатып, карагайлуу калааны көздөй кубалашты. Каганыбыз Кыргызстандын калкын кароосуз калтырып, кадыресе качкын катары качып кетти.

Көтөрүлүшчүл кыргыздар Кыргызстандын кийинки кагандыгына “кудуңдаган” Курманбекти коюшту. Каалоого каршы “Кулов+Курманбек” командасынын көмөкчүсү кызматсыз куру калды. Кудуңдаган Курманбек кызматка келгенден кийин качып кеткен кагандын кызматын кайталообону көздөп катуу киришкендей көрүнгөн. Каалоого каршы кийинки каган кызматка келгенден кийин Кыргызстанда криминалдар көбөйүп, “крутой” кызматчыларыбыз кырсыкка кабылды. Калайык калк Конституцияны кайра карап компромисттик Конституцияны каалаган. Карама-каршысынча кагандын кызыкчылыктарын канааттандырган Конституцяга каган кол койду.

Кедейчиликти кыскартаарын, коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөөрүн, кеминдик кагандан керээз катары калган коңшулардагы карыздардан кутултаарын кулак кагыш кылгандай көрүнгөн. Кыязы калптын казаны кайнабай калды көрүнөт. Коомдо күндөн күнгө каганатка каршы кыжырдануу көбөйүп, каатчылык кырдаал каптаган. Кедейчилик, коррупция кайра күчүнө кирди.

Карапайым кыргызстандыктардын кабыргасы кайышып кризистин кедергисин көп көрүп, кыйналып-кысталып күн кечиришти. Кыргыздын күлгүн курактагы кыздары, караламан кишилери кара курсактын камын көрүп, Казакстанды, карагайлуу калааны көздөй кара курттай каптады. Коомдун кыймылдаткыч күчү коңшу каганаттарга көчүп кетти. Кыштактарда кары картаңдар кароосуз калды. Күнүбүздө кендирди кескен көйгөй кымбатчылык, калаада кыргызча кобурашкандар калбады, “киргизче” кобурашышат. Кыргызчаны колдонгондорго күлүшөт, келекелеп кемчонтой катары карашат.

Кийинки кагандын кезеңинде Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2ни курмандык кылышып, коңшуларыбыз кредиттерди килтейтип кызыктырып, Кыргызстанды көз каранды кылууга күчтөп киришти. Кыргыздын керемети Каркыраны коңшу казактарга кудалап, көз көрүнөө Каркыраны колдон качырдык.

Курманбектин кезеңи криминал коомуна коюн-колтукташ күндөрдү коштоду. Курмаштын кагандыктан кетишин кандуу коогалаңдар коштоп, кыргыздын кырктын кабатындагы кырчын курактагы кишилери кырсыкка кабылды. Канкорлор кагандыкка каршы көтөрүлгөн караламан калкты көзүнө карабай кырды. Каарман кыргыздар канкорлордун көрсөткөн каршылыгына карабай, Курманбекти кандыктан кулатууну көксөштү. Кан күйгөн калабада канкорлордун командасына куралчан көзгө атарлар көмөктөшүп, Курманбектин коопсуздугу Кыргызстандын коопсуздугунан күчтүүлүгүн көрсөтүп койду.

Кыргызстандын кезектеги кагандыгына капилеттен “кыз киши” келди. Канайым Кыргызстандын качууга куштар кагандарына караганда кыйла кызмат көрсөтүүдө.

Күнүбүздө Кыргызстандын кагандыгын көксөгөндөр кырктын кырында. Кыргызстанды катуу кыйчалыш кырдаал күтүүдө...

Кырылганына карабай көбөйгөн кыргыздардын көз карандысыздыгы кайда кетти? Көөнөрбөгөн кыргыз тилинин, кылыгы кымбат кыздарынын кадыры кайда кетти? Ким, качан, кантип Кыргызстанды коңшу каганаттардын катарына кошот? Ким келсе кыргыздын кемибеген кендеринен Кумтөрдөн кирчү кирешелерди Кутуйдун кунундай кууп, криминалдарга, коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөт. Кыргызстандын кагандыгына көсөм, кеменгер каган келсе кең келечектен калайыктын күдөрү көп..

Уланбек Эгизбаев. 2013-жылы тартылган сүрөт.
Уланбек Эгизбаев. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Келгиле, кыргызстандыктар келечегинен көптү күттүргөн күнөстүү Кыргызстанды кош колдоп, коколой кызыкчылыкты көздөбөй, консенсуска келели! Кыргызстандын келечеги кыргызстандыктардан көз каранды. Келечек колубузда...


Уланбек Эгизбаев,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти

XS
SM
MD
LG