Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Аким Жанузак: Казак-кыргыз ортосу суубаш керек


Эки элдин ынтымагына чек ара тоскоолдук боло албайт.
Эки элдин ынтымагына чек ара тоскоолдук боло албайт.

Кийинки учурда Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-экономикалык байланыштар солгундап кеткенине окумуштуулар да кабатыр.

Эки өлкөнүн чек араларында эркин экономикалык аймактарды ачуу, туризмди өнүктүрүү, орток тарых жазуу, маданий байланыштарды чыңдоо маселелери тууралуу Казакстандын эл аралык адам институтунун профессору, Европа жаратылыш таануу илимдер академиясынын академиги Аким Жанузак "Азаттыкка" маек курду.

- Казак-кыргыз илгертеден эле бир тууган деп айтылып келет. Кийинки мезгилде ортодогу мамиле бир аз салкындап калганын адистер айтып жүрүшөт. Тууганчылыкты кайра калыбына келтирүү үчүн кандай иш-чараларды көрсө дейсиз?

- Кыргызстанда орун алып жаткан нерселердин бардыгы жакшылыкка болуп атат. Себеби Кыргызстан Орто Азиядагы республикалардын ичинде демократиялык мамлекетти курду, парламенттик, көп партиялык система түзүлүп атат, бардык демократиялык атрибуттар сакталган.

Арийне, экономикага бир аз терс жагын тийгизди, бирок бул убактылуу нерсе деп ойлойм. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда катнашты жакшыртуу үчүн көп нерсенин кереги жок.

Мына Казакстан Орусиянын облустары менен арадагы экономикалык байланыштар боюнча жылына 2-3 ирет кездешип турат. Бизде да ошондой кездешүүлөр президенттердин, премьер-министрлердин жана облус, шаар башчылардын деңгээлинде 4-5 ирет жолугушуулар өтүп туруу керек. Экинчи маселе, биздин чек арада эркин-экономикалык аймак ачылуу керек.

- Эркин экономикалык аймак кайсы багыттарда, кайсы тармактар боюнча ачылыш керек?

- Кыргызстан тоолуу аймакта болгондуктан кен байлыктары – алтынды, электр кубатты, жер-жемиштерди бере алат. Аларды өндүргөн заводдор болуу керек.

Эркин экономикалык аймакта салык салынбайт. Ошондуктан Кыргызстан жана Орто Азия республикаларынын байланышы үчүн эки жактан тең бирдей пайда, натыйжа бере турган жумуштарды жасообуз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбада көп, биз да аны кеңири пайдаланышыбыз керек.

Казакстан жер-жемиш, азык-түлүктү көп талап кылат. Чек ара жабылгандан бери алар өтө кымбаттап кетти. Ушул маселе чечилгенде Кыргызстанга көп пайда келтирет деп ойлойм.

90-жылдары Орто Азиянын беш республикасы Ортоазиялык банк ачкан. Ошол банк 4-5 жыл иштеп, жоюлуп кетти. Балким ошондо Орто Азия республикалардын экономикалык жагдайы кыйын болгондуктан мүмкүн эрте ачылгандыр. Ошондой банк азыр ачылуусу керек, бул учур талабы. Банк каржы иши орток болуу керек.

Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө Ысык-Көлдүн, туризмдин мааниси бар. Мисалы, Бириккен Араб Эмираты жанар майды, мунайды эң көп экспорт жасайт, 400 миң тонна жылына чет өлкөгө жиберет. Ошол элдин бюджетине түшкөн каржынын көбү мунайдан эмес, туризмден киреше табышат.

Ошол сыяктуу Казакстан туристтик фирмалардын көбүн Ысык-Көлдө эс алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө, мүмкүн тамак-аш, салыкты жеңилдетсе, Кыргызстан үчүн да, Казакстандын жарандарынын эс алуусуна да пайдалуу болот. Эки элдин пайдасы үчүн 5-6 мыкты багыт бар.

- Бажы курамына Казакстан, Орусия кирбедиби. Бул да эки элге тоскоолдук жаратабы?

- Ал азыр Орусия, Беларуска багытталып атат. Бирок биз ага карабашыбыз керек. Бул эл ким менен кандай катнашта болорун, чек арасын өзү чече алат.

Эгер бийликтин эки жактан чын ниети болсо аны оң чечет. Ал үчүн биз тек бийликке карап отурбашыбыз керек. 20 жылда экономикалык, маданий катыштар алыстап кетти.

Доордун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов кезинде эки элдин ынтымагына салым кошкон эле. Азыр эмнеге алыстап кеттик? Дипломатия жагына келгенде биз аралаша беришибиз керек, карап отура бербешибиз керек, бийлик бүгүн чечет экен деп. Бийлик чоң күч сыяктуу, ага бир нече жылдар керек.

Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, 4-февраль, 2011-жыл, Астана
Биз эки жактан түрткүлөп, ошол маселени көтөрүп, өзүбүз кыймылдап аракет кыла берүүбүз керек. Эки өлкөнүн бийлигинен талап этүүбүз керек, биз Казакстан жагынан, силер Кыргызстан жагынан өкмөттөн "эмнеге биздин интеграциябыз алыстап кетти, эмнеге экономикалык байланышыбыз тыгыз эмес" деп маселени көтөрүп отурсак аны тездетүүгө мүмкүнчүлүк болот.

- Алматыда, Астанада, Казакстандын бардык шаарларында кыргыздын эмгек мигранттары көп жүрөт. Алардын эмгегин чектеген, укуктарын бузган учурлар көп кездешип жатат. Казак боордоштор эмгек мигранттарына жеңилдиктерди бериши керекпи?

- Мисалы, бизде эмгектенип жүргөн Кыргызстандын азаматтары көп. Кандай болгондо да Казакстан Кыргызстанга жасай турган кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, ошонун баарын жасашыбыз керек.

Чынында Казакстанда жумуш орундары жетишпейт. Биз жогорку окуу орундарын дайындап, бир бөлүгүн Кыргызстандан алып барыш керек. Ошол жагын да ойлош керек. Экономисттер, серепчилер, саясатчылар, юристтер талдап, ошол жагын бирге чечүү керек.

- Илимий конференцияларды, жолугушууларды ар тармак боюнча өткөрүп туруу натыйжасын береби?
Дипломатия жагына келгенде биз аралаша беришибиз керек, карап отура бербешибиз керек, бийлик бүгүн чечет экен деп. Бийлик чоң күч сыяктуу, ага бир нече жылдар керек.

- Экономика, илимий, маданий, бизнес тамагында бизде өтө тыгыз байланыштар болуп, жылына эмес, квартал сайын жолугушуулар өтүп турушу керек. Ал нерселер өкмөт деңгээлдинде өтүш керек, парламент аралык катнаштар болуп туруусу зарыл. Мындай иш-чаралар гана эки элдин достугуна данакер болот.

- Казакстандын тарыхчылары улуу инсандардын баарын эле казактыкы деп, кыргыздын көп тарыхый нерселерин да өздөрүнө менчиктеп алышууда. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Ушундай маселелерде түшүнбөстүк болбош үчүн эки элдин тарыхчылары ортого отуруп китеп, жыйнак, журналдарды чыгарышы керек.

Ар бир улуттун байлыгы, тарыхый нерселери көп, аны биз бөлө албайбыз. Бул түшүнбөстүктөн, өз улутун көкөлөтүп, ашыра мактоодон болуп аткан нерсе. Бул болбош үчүн ортодо тарыхый-этнографиялык журнал чыгарышыбыз керек. Анда кыргыздын да, казактын да аалымдары өз макалаларын берсин. Ошондо бардык маселе өз ордуна келет.

XS
SM
MD
LG