Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

"Крокустагы" теракт Айт намазды аянттан жылдырды


Москвадагы Айт намаз, теракттан кийинки кооптонуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Москвадагы Айт намаз, теракттан кийинки кооптонуу

Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда. Ал эми Кыргызстанда быйылкы Орозо айт намазы коопсуздук маселесинен улам мечиттерде гана окулду.

"Намаздан кийин дароо үйгө кеткиле!"

Майрамга карата Орусиянын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, темир тосмолор коюлуп, бул күнү жүздөгөн полиция кызматкерлери күзөткө чыкты. Duniyomuhojirlari Телеграм-каналы жарыялаган видеодо Айт намазга келгендердин бири бул жолу борборазиялык мигранттардын саны жылдагыдан азыраак болгонун билдирди:

"Быйыл деле адамдар келиптир. Бирок жылдагыдан аз экен. Мурда киши көп келчү. Ар кандай чакырыктардан кийин аз келишти окшойт деп ойлоп калдым".

Мунун алдында Москва бийлиги шаардагы мусулмандарды, айрыкча Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарын Орозо айт майрамын быйыл үйдөн белгилөөгө, Айт намазын үйдөн окууга чакырып жатканын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыш департаментинин маалыматына таянып Телеграм-каналдар жазган.

Мындай чектөө "Крокус Сити Холлдогу" террордук чабуулдан кийинки коопсуздук чараларынан улам киргизилип жатканы кабарланган.

Айт намазына келген борборазиялык мигранттар жогорудагы Телеграм-каналга Орусиядагы соңку чектөөлөр жана аларга болгон мамиле тууралуу пикирлерин бөлүшкөн.

Жылдызбек кыргызстандык мигрант.
Жылдызбек кыргызстандык мигрант.

Жылдызбек, кыргызстандык мигрант:

"Биз орозо маалында таравих намазына такай келип турдук. Ошол кезде эле мечиттин имамы Айт намазы болорун айткан. Андыктан коркуу сезими болгон жок. Биз өз парзыбызды аткарып жатабыз. Ошондон улам эч ойлонбой эле келдик. Мечиттеги аалымдар бизге акыркы күндөрү "түз жүргүлө, мыйзамдарга баш ийгиле "деп көп айтып жатышат".

Атабек өзбекстандык мигрант.
Атабек өзбекстандык мигрант.

Атабек, өзбекстандык мигрант:

"Теракттан кийин, чынын айтсам, бир аз коркуу сезими пайда болду. Ага карабай баарыбыз бул жерге келип отурабыз. Намазга кудай деп келдик. Биз, мигранттар, бул жерде мусапырбыз. Бул өлкөнүн өз мыйзамдары бар. Аларга баш ийишибиз керек. Документтердин баарын иретке келтирип, каттоого туруп атабыз. Мисалы, меники баары жайында".

Бахром тажикстандык мигрант.
Бахром тажикстандык мигрант.

Бахром, тажикстандык мигрант:

"Мусулмандар бир гана кудайдан коркот. Ошондуктан намазга кооптонбой эле келдик. Мен өзүм Москвага иштегени келгем. Бул жакта эки балам, жубайым, апам менен жашайм. Элчилеп үй-бүлөмдү багуу үчүн келгем. Азыр эми Орусияда мыйзамсыз жүрүүгө такыр болбойт. Патент алып, каттоого туруп жатабыз. Өзүбүздүн адамгерчилигибизди, тарбиялуу адам экенибизди көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз".

Орусиянын Санкт-Петербург шаары. 10-апрель, 2024-жыл.
Орусиянын Санкт-Петербург шаары. 10-апрель, 2024-жыл.

Айт намазы Орусиянын башка аймактарында да мечиттерде окулду. Интернетте тараган видеолордо намаз окууга келген мигранттар чочулап жатканын байкоого болот. Андай видеолордун биринде тажикстандык мигрант жердештерине кайрылып, намаздан кийин дароо үйгө кетүүгө чакырган.

"Бул жерге топтолбой, үйүңөргө жөнөгүлө. Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайм!".

Москванын борбордук мечити. 10-апрель, 2024-жыл.
Москванын борбордук мечити. 10-апрель, 2024-жыл.

Москва шаарынын бийлиги бул жолку намазга 300 миңден ашык адам катышарын маалымдаган. Чогулган элдин так саны кабарлана элек. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Москвадагы төрт мечит жана спорт борборунда киши толгонун жазды.

Мусулмандарды Орозо айынынын аякташы менен Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин куттуктап, Москвадагы теракт тууралуу да сөз кылды:

Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин.
Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин.

"Өзгөчө ыйык Рамазан айында Аллахтын адам өлтүрбөө буйругуна баш ийбегендерди ким деп атоого болот? Алар Аллага эмес, шайтандарга баш ийип, балдарды, аталарды, энелерди өлтүрдү".

Соңку жылдары Орусиянын бир катар шаарларында айт намазга он миңдеген кишилер чогулуп келген. Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгынын белгилешинче, 2023-жылы Москвада 400 миңге жакын киши катышкан.

Кыргызстанда Айт намазы мечиттерде окулду

Өлкөдө буга чейинки Орозо айт намазы өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта окулуп келген. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы бул чечим “акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен” кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Усманов "Азаттыкка" буларды айтты:

"Борбордук мечитибиз 10 миң адамга ылайыкталган. Бүгүн Айт намазга 10 миңден ашык адам келди. Батпай калган эл мечиттин сыртында намазын окуду. Бул чечим эми намаз мындан ары бир гана мечитте окулат дегенди билдирбейт. Буга коопсуздук маселеси себеп болду. Негизинен тынч, баары ойдогудай өттү. Айт намазды бир жерге чогулуп окуганга көнүп калган да биздин эл. Жылдагыдай эле кылса болмок деген пикирлер арбын айтылды. Азыр ар кандай кабарлар тарап жатат. Орусиядагы жакында эле болгон окуяны көрдүк".

Ички иштер министрлиги Орозо айтка байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкерлери коопсуздукка көз салганы кабарланды.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда кандай гана иш-чара өткөрүлбөсүн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек дейт.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Коомдук жайлар, аэропорттор, бекеттер, соода борборлору, базарлар жана ушул өңдүү жайлар дайыма терроризмдин объектиси болуп келген. Терактты жасаш үчүн атайын адам көп чогулган жерлерди тандап келишчү. Ошондой эле саясий жана мамлекеттик ишмерлер чогулган жерлерде дагы террордук актыларды жасоого аракет кылышчу. Менимче, бул коопсуздукка байланыштуу болду. Укук коргоо органдарында террордук акт жасалышы мүмкүн же жапырт башаламандыктын кайсы бир түрү болушу ыктымал деген далилдүү маалыматы бар болушу ыктымал. Мындан улам алар муфтият менен биргеликте ушундай чечим кабыл алды".

Кыргызстанда буга чейин 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган.

22-мартта Москва облусундагы Красногорск шаарындагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт киши туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта 140тан көп адам мерт болду, жараат алгандардын саны 500дөн ашты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "теракты ишке ашырууга" шек саналып, эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминжон жана Диловар менен кошо камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимов да кармалган.

Бул окуядан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга кысым күчөп, текшерүүлөр болуп келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG