Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Орусия: Мигранттар кесиби боюнча гана иштөөгө милдеттүү болот


Орусияда эмгектенген мигранттар
Орусияда эмгектенген мигранттар

Орусиялык басылмалар эмгек мигранттарына дагы жаңы талаптарды киргизүү үчүн мыйзам долбоору даярдалып жатканын жазды. Документте атайын эмгек келишими менен барган мигранттарды кесибине карап жумушка алуу сунушталган. Эгерде кесиби боюнча иштебесе 15 күн ичинде чыгып кетүүгө милдеттендирилет.

Кыргызстандык мигранттар Орусияга алдын ала келишим менен барып иштебейт. Ошентсе дагы алар жаңы талаптар ишке кирсе, кыйыр таасирин тийгизиши ыктымал деп чочулайт. Орусия Украинага согуш ачкандан бери мигранттарга карата мамиле катаалдашып, тынымсыз рейддер өткөрүлүүдө.

"Келишимде көрсөтүлбөгөн жумушта иштей албайсың"

Орусияда кесибине карап жумушка алынган мигранттар башка тармакта иштей албай калышы мүмкүн. Мына ушундай талаптар камтылган мыйзам долбоорун Орусиянын Эмгек министрлиги өкмөттүн тапшырмасы менен иштеп чыкканын "Известия" басылмасы жазды.

Эмгек мигранттарын керектүү тармактарга гана тартуу системасын түзүү демилгесин буга чейин Мамлекеттик Дума дагы колдоого алган. Ага ылайык, чет элдиктер жумушка орношуу үчүн белгилүү бир иш берүүчүдөн убактылуу иштөө укугун тастыктаган атайын документ алышы керек болот.

Кеп эмгек мигранттарын уюшкан түрдө ишке тартуу шарттары жөнүндө болууда. Мында келишим менен келген мигрант уруксат кагазына ылайык белгилүү бир иш берүүчүнүн алдында гана иштеши керек. Эгер андан кетип, башка профилде иштей турган болсо, Орусиянын аймагынан чыгарылат. Маселен, курулуш компаниясына ишке алынган адам башка тармакка өтүп кете албайт.

Райкан 10 жылдан бери Орусияда иштейт. Ушунча убактан бери өзү дагы, жолдошу дагы өз кесиби менен иштеген эмес. Мындай мыйзам кабыл алынып калса, башка мигранттарга дагы жайылышы мүмкүн деп чочулап турат.

"Рейддер аябай көп болуп жатат. Биринин артынан бири келет. Өткөндө өзүм дагы милиция бөлүмүндө беш-алты саат отуруп чыктым. Адамга өтө жаман мамиле кылат экен. Ошол кезде өзүмдүн өлкөмдөн, мекенимден өтөрү жок, бул жакта эмне кылып жүрөм дейт экенсиң. Ушунчалык агрессивдүү мамиле болду. Мыйзам кабыл алынып калса, таасирин тийгизет деп эле ойлойм. Азыр бул жакта толук билими деле жок иштеп жүргөндөр көп болуш керек. Бир четинен өзбек, тажиктерге окшоп атайын келишим менен келгенде бардыгы мыйзамдуу болуп, документтеринен дагы алданбайт деп ойлойм. Бир жагынан жаңы нерсе баары бир жаңы. Ошого шылтоолоп башкаларды дагы тазалайт. Өткөндө 1-10-мартта катуу рейд болот деп аткан. Азыр бир аз тынчып калды".

"Известия" басылмасынын жазганына караганда, учурда Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөттөрү менен түзүлгөн эки тараптуу өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Орусияга эмгек мигранттары уюшкан түрдө тартылып келет. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматы боюнча 2023-жылдын биринчи кварталында эле Орусияга иштөө үчүн 1,3 миллион чет элдик жаран кирген. Негизги агым Өзбекстандан (630 859 адам) жана Тажикстандан (349 357) келген.

Жаңы эрежелер Орусияга иштөө үчүн визасыз же виза киргизилген өлкөлөрдөн келгенине карабастан бардык эмгек мигранттарына тиешелүү экени белгиленген.

Миграция маселелери боюнча эксперт Дилде Марипова жаңы эрежелер кыргызстандык мигранттарга азырынча тийиштүү болбогону менен, баары бир таасир этет деп эсептейт:

"Негизи уюшкан түрдө ишке тартуу жолу менен Орусияга Өзбекстандын мигранттары барышат. Бул жаңы жоболор ошолорго көбүрөөк таасирин тийгизет. Биздин мигранттар мындай жол менен барышпайт. Биздикилер Англияга, Түштүк Кореяга кетишет. Азыр сунушталып жаткан өзгөрүү кыргыз мигранттарга таасирин азыраак тийгизет, анткени биздикилер өз алдынча кетишет".

Мигранттарга карата күтүүсүз рейддер уланууда

Орусия Украинага согуш ачкандан бери мигранттарга карата мамиле катаалдашып, күн cайын рейддер өткөрүлүүдө. Бир топ миграциялык эрежелер, мыйзамдар өзгөртүлдү. Буга чейин ТАСС маалымат агенттиги Орусияда атайын системада чет элдиктер үчүн “Санариптик профил” түзүү аракети башталганын, ал 2024-жылы аяктай турганын маалымдаган. Басылма муну орус өкмөтүнүн Миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча концепциясына таянуу менен жазып чыккан.

Орусияда эмгектенген дагы бир кыргызстандык Тилек Чилдебаев жаңы жобо же эрежелерди киргизүү аракетин мигранттарды иретке келтирүү аракети деп баалады:

"Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мигранттарды бир нукка салып алалы деген максатты көздөп жатышат. Бирок бул жерде миллиондогон мигранттар иштеп жүрөт, бири бала багып, бири мал багып дегендей. Баарын бир калыпка салыш кыйын. Бул беш-алты жылда, акырындап ишке аша турган нерсе. Биздин кыргыздар амалдуу болушат экен, убактылуу фирмаларды ача коюп, ошол аркылуу чакыруу жөнөткөн жолдорун таба коюшат. Азыр рейддер бир аз басаңдап калды. Бирок отчет үчүн керек болобу, капилет эле уюштура калышат. Жакында эле бир жердешибиз кайрылды. Өзү Орусияга келгенине 20 күн деле боло элек экен. Ишкананын автобусуна бараткан жеринен кармап кетип, "сот бошобой жатат" деп актай баракка эле кол койдуруп, паспортун алып коюшуптур. Бир ай бул жакта каттоосу жок жүрсө болот. Ошону түшүнбөй кол коюп бериптир".

Анткен менен Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Кубандык Акматбеков кооптонууга негиз жок экенин айтат. Ал учурдагы иштеп жаткан мыйзамдар мигранттарга ыңгайлуу экенин билдирди:

Кубандык Акматбеков.
Кубандык Акматбеков.

"ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн атайын келишим боюнча башка мыйзамдар иштейт. Ошондуктан кооптонууга негиз жок. Келишим менен уюшкан түрдө жумушка алуу талабы биздин жарандар үчүн эмес. Өзбекстан, Тажикстан жарандарына караганда жөнөкөйлөштүргөн шарттар менен иштешет биздин мигранттар. Бул өлкөлөрдөн курулуш, айыл чарба багытына атайын келишим менен алып келет. Ошолор иштебей, башка жакка кетип калып жаткан үчүн ушундай чара көрүп жатса керек. Алар атайын патент менен иштешет".

Былтыр октябрда Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө кирген. Ага ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтүшү керек.

Ал үчүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинети болууга тийиш. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.

Расмий маалыматтарда быйылкы жылдын алгачкы алты айында Орусияга акча табууга барган мигранттардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе азайганы айтылууда. Буга чейин орусиялык жумуш берүүчү агенттиктерге шилтеме берип, "Коммерсант" басылмасы Индия, Пакистан жана ал тургай Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн мигранттарга суроо-талап өсүп атканын жазган.

Мындай тенденция жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен жана КМШ өлкөлөрүнөн барган эмгек мигранттарынын азайышынан улам келип чыкканы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG