Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Миллиарддарды кайтарган Ахметов абакта калды


Серик Ахметов
Серик Ахметов

Бүгүн Караганда облсоту Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметовдун жазасын 10дон 8 жылга азайтты. Казынага келтирилген 2 млрд. 255 миллион теңгени төлөп бергени, айыбын мойнуна алганы үчүн Ахметов сот залынан эркиндикке чыгары айтылып жаткан.

Экинчи инстанциядагы сот өткөн аптанын бейшемби, жума күндөрү өткөн.

2012-2014-жылы казак өкмөтүн башкарган Серик Ахметов жемкорлукка жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып, өткөн жылдын декабрында 10 жылга кесилген. Жалпы соттолгон 21 адамдын 12си, анын ичинде Ахметов апелляциялык арыз жазышкан.

Облсотто экс-премьер позициясын кескин өзгөрттү. Мурда эч кандай күнөө кылбаганын айтып жаткан. Ошентсе да президенттен кечирим сураган. Мунусунда Ахметов сотко келген жок. Адвокаты Николай Лесник айыпкер күнөөсүн мойнуна алып, “кызматта жүргөндө иш кызыкчылыгына, казак элине жана өлкө башчысына дайыма берилгендикте иштегенин” билдирет деди:

- Биздин коргоп аткан адам Нурсултан Абишевич Назарбаевдин чоң ишенимин актабай коюу тууралуу ойлонгон дагы эмес. Ошон үчүн ал болуп өткөн окуяда өз күнөөсү бар деп эсептейт. Буга чын жүрөктөн өкүнөт. Биз коргогон адам Караганданын акими, ошондой эле өкмөт башчы кезинде Караганда облусунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ишке жол берип, кээ бир адамдардын мыйзамсыз иштеринен улам өлкөгө зыян келтиргенин мойнуна алат.

Ахметов чын жүрөктөн айыбын мойнуна алганын жана “туугандарынын жана үй-бүлөнүн досторунун” 2 миллиард 255 млн теңге материалдык чыгымды кайтарганын эске алуу менен соттон актоону суранган. Бул каражат “Металлургия жана металл иштетүү” индустриялык паркы менен “КазАгроФинанс” компаниясынын банк эсебине которулган.

Ахметовдон башка Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев баштаган шаардын жана облустун мурдагы аткаминерлери кесилген. Ошондой эле жогорудагы компаниялардын мурдагы жетекчилери аткаминерлер менен келишип алып, кылмыштуу кутумга барган деп соттолушкан.

Жума аягында бардык айыпталуучулардын жактоочулары биринчи инстанциядагы сот чечими акыйкатсыз, жаза мөөнөтү көп берилип калды деп, кээ бирлери актоону, айрымдары жок дегенде камабоону суранышты.

Айыптоочулар арызды канааттандырбай, жазаны мурдагысындай калтырууну соттон сурашты:

- Кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, камакка алынгандардын күнөөсү объективдүү далилденди. Аларды айыптуу деп табыш үчүн далилдер жетиштүү. Айыпкерлер менен алардын жактоочуларынын айыпсыздыгы тууралуу жүйөөлөрү жетишсиз. Чечимди жокко чыгара турган процессуалдк кодекстин нормалары бузулган эмес - деди прокурор Медеу Жаканов.

14-марттагы чечими менен Караганда облсотунун апелляциялык коллегиясы Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметовдун жаза мөөнөтүн 10дон 8 жылга кыскартты.

Ошентип президент Назарбаевден ырайым күткөн мурдагы премьер-министрдин үмүтү акталган жок.

Аны менен кошо соттолуп жаткан Караганданын башка экс-аткаминерлеринин да мөөнөттөрү азайтылды. Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев эми беш эмес, үч жыл жаза өтөйт. Ал эми шаар акими Мейрам Смагуловдун жазасы үчтөн эки жылга кыскарды. Облус акими Габит Мухамбетов менен «КазАгро» компаниясынын башкарма башчысы Дулат Айтжановдун үч жылдык камак мөөнөтү өзгөрүп, шарттуу кесилишти.

XS
SM
MD
LG