Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Иракта ИМ кырган жоокерлердин сөөгү табылды


Сөөктөр аңдан толук казып алынгандан кийин ар биринин ДНКсы аныкталат
Сөөктөр аңдан толук казып алынгандан кийин ар биринин ДНКсы аныкталат

Иракта адамдар бир аңга көмүлгөн 12 жай табылды. Аларда былтыр “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттери мыкаачылык менен өлтүргөн 1700дөй туткун аскер көмүлгөн деп айтылууда.

6-апрелде соттук-медициналык эксперттер Тикрит шаарынын четиндеги аты-жөнү белгисиз жоокерлер чогуу көмүлгөн 12 жайды изилдөөгө киришти. Кепинсиз көмүлгөн аскерлердин көрүстөнү былтыр Ирактын түндүгүндө жана Сириянын бир ныптасында орто кылымдагыдай халифат орнотконун жарыялаган “Ислам мамлекети” тобунун мыкаачылыгынын бир үлгүсү.

Тикрит Багдаддан 140 чакырым түндүк-батышта Тигр дарыясынын жээгинде жайгашкан. Шаарды шиит милициясы кургакта жана көктөн АКШ башындагы коалициянын учактары колдогон Ирак армиясы бир айга чукул камоодон кийин 1-апрелде жихадчылардан бошоткон.

Резиденциянын аймагында 12 көрүстөн табылган
Резиденциянын аймагында 12 көрүстөн табылган

Көрүстөндөрдүн көбү америкалык аскерлердин Speicher деп аталган мурдагы базасында болсо, кээ бирөөлөрү 2003-жылы бийликтен кулатылган Саддам Хусейндин президенттик резиденциясынын аймагында жайгашыптыр.

Медик эксперт Халидал-Атбинин Рейтер агенттигине айтышынча, эски аскердик базаны текшерген кезде аңдан 20 адамдын сөөгү чыккан. “Жайды көрүп үрөйүбүз учту. Көздөн аккан жашты аарчыганга алыбыз жетпеди. 1700 адамды өлтүргөнгө кандай каны бузук айбандардын дити барды?” дейт ал-Атби.

Ирактын Адам укуктары министрлигинин жооптуу кызматкери Камил Аминдин Associated Press агенттигине айтканына караганда, сөөктөр аңдан толук казып алынгандан кийин ар биринин ДНКсы аныкталат.

Халифатчылар Speicher базасын 2014-жылы июнда басып алган. Камоодо калып, туткунга түшкөн 1700 аскердин көпчүлүгү шииттер болгон. Суннит экстремисттери базаны алгандан көп узабай туткундар тегиз жок кылынды деп шардана кылып, социалдык медиа желелерде алар кантип өлтүрүлгөнүн көрсөткөн видеографикалар менен фотосүрөттөрдү жарыялашкан. Согушчандар шииттерге катар этностук жана диний азчылыктарды, айткандарына моюн сунбаган сунниттерди да аяшкан эмес.

Ирак армиясы эми Тикриттен 230 чакырым түндүктөгү Мосулду бошотууга бел байлоодо. Калкы 2 миллионго чукул Мосул шаары Ниневия провинциясынын административдик борбору.

6-апрелде премьер-министр Хайдар ал-Абади Эрбилдеги сапары маалында Мосулду халифатчылардан тазалоодо борбордук өкмөт күрт бийликтери менен колмо кол иштешет деп билдирди.

- Биздин Эрбилдеги сапарыбыздын максаты - Ниневиянын элин бошотууда кызматташуу жана орток планды координациялоо. Ирактын федералдык өкмөтү жана күрт региондук бийлиги үчүн Ниневиянын талаасында кажылдашуу пайдасыз. Биз Ниневияны бошотууда бири-бирибиз жана диний жамааттар менен иштешебиз.

Ирак армиясы Тикритти бошоткондон кийин
Ирак армиясы Тикритти бошоткондон кийин

Эрбил Күрт автономиялык регионунун ордо шаары. Автономиянын президенти Масуд Барзани кабарчыларга эки жак “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушта кызматташуу боюнча бирдиктүү комиссия түзөрүн тастыктады. Бирок "биз корутунду сөзүбүздү комиссиянын доклады даяр болгон соң айтабыз" деп эскертти ал.

Премьер-министр ал-Абадинин Германиянын Der Spiegel журналына айтышынча, Тикритти бошотуу, албетте, улуттук армияга чоң дем берди. Анткен менен жихадчылар өз катарын чет элдиктер менен толуктап жатканда, аларды жеңүү мүмкүн эмес. Азыр согушчандардын 43 процентин идеологияга азгырылып келген чет элдиктер түзөт, дейт Ирактын өкмөт башчысы.

XS
SM
MD
LG