Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Ирак: согушкерлер дагы бир шаарды басып алды


Жихадчылардын сайтына 14-июнда жарыяланган бул сүрөттө исламчыл согушкерлер ондогон аскерди өлтүрүп жатканын көрсөткөнү айтылган.
Жихадчылардын сайтына 14-июнда жарыяланган бул сүрөттө исламчыл согушкерлер ондогон аскерди өлтүрүп жатканын көрсөткөнү айтылган.

“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы жүздөгөн өкмөттүк аскерлерди кырганын жарыялагандан көп өтпөй өлкө түндүгүндө дагы бир шаарды басып алганын кабарлады. Тал-Афардын тургундары бүгүн эрте мененки айыгышкан салгылашуулардан кийин шаар исламчыл согушкерлерге өткөнүн билдиришти.

Тал-Афардын алдынан болгону бир нече күн мурун “ал-Каида” менен киндиктеш бул кыймыл Ирактагы экинчи чоң шаар Мосул менен мурдагы диктатор Саддам Хусейндин кичи мекени Тикритти да басып алган эле.

“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы Тикритте өкмөттүн армиясынын катарын эми толуктаган 1700 аскерди өлтүргөнүн кабарлап, интернетке массалык кыргындан айрым сүрөттөрдү жарыялады.

Ирак армиясынын расмий өкүлү Кассим ал-Муссави сүрөттөрдүн чындыгын тастыктады жана аларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кеминде 170 кишинин жасаты көрсөтүлгөнүн айтты.

АКШ бул кыргынды айыптады. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки жекшембидеги билдирүүсүндө: “Бул исламчыл согушкерлердин кыймылынын Тикритте шийи аба күчтөрүнө жаңы кошулган 1700 аскерди кырганы тууралуу билдирүүсү алардын ташбоор, канкор мүнөзүнүн ачык көрүнүшү”, - деди.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай да анын мекемесине Ирактагы береги согушкерлер Тикрит менен Мосулда жана башка шаарларда элди туш келди өлтүрүп жатканы тууралуу кабар түшкөнүн ырастады.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн Анкарага сапары маалында сүйлөгөн сөзүндө: "Биз Ирактагы өтө опурталдуу окуяларды терең тынчсыздануу менен байкап турабыз. Мен Түркиянын Мосулдагы консулдук кызматына чабуулду такыр кабыл алгыс нерсе катары айыптайм жана уурдалган түркиялык дипломаттардын, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн тез арада бошотууга чакырам. Биз уурдалган бардык түркиялыктар эсен-аман бошотулушун каалайбыз. Бул кылмышты эч нерсе менен актоого болбойт. Ошондуктан өзүбүздүн өнөктөшүбүз Түркия менен бул жааттагы сүйлөшүүлөрүбүздү уланта беребиз", - деди Расмуссен.

Өткөн аптада согушкерлер Мосулда Түркиянын консулдугуна чабуул коюп, консулду жана кызматкерлерди уурдап кетишкен.

Ал арада Батыштагы айрым маалымат каражаттары Вашингтондогу расмий өкүлдөргө шилтеме менен учурда Ирактагы согушкерлерге каршы күрөштө биргеликте аракеттениш үчүн Вашингтон Иран менен сүйлөшүүлөрдү караштырып жатканын кабарлашты.

Иран менен АКШ узактан берки каршылаштар, бирок азыр эки өлкө тең береги исламчыл согушкерлердин кыймылын жок кылууга кызыкдар. Ошон үчүн алар Багдадга аскерий жардамын сунуштап жатышат.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер АКШ Иракта конкреттүү аракеттерди көрсө, Вашингтон менен кызматташууга да барышы мүмкүндүгү тууралуу ойду кыйыткан.

Президент Барак Обама болсо Вашингтон Багдадга аскерий жардам көрсөтө турганын айтканда да, баары бир Иракка америкалык аскерлер жайгаштырылбайт деп белгилеген.

Ошентсе да, АКШ Перси булуңуна өзүнүн учактарды ташуучу кемесин жиберди. Мындан сырткары, Багдаддагы элчилигинде коопсуздукту күчөтүп, айрым кызматкерлерди башка коопсуз жайга көчүргөнүн кабарлады.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики буга чейин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы ээлеп алган айрым жерлерди өкмөттүн көзөмөлүнө кайтара алганын кабарлаган. Анын коопсуздук боюнча кеңешчиси жекшембидеги билдирүүсүндө “исламчылдардын Багдадга карай жүрүшүнө бөгөт коюлганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG