Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Ирак: жоголгон жоокерлердин тагдыры белгисиз


Ирак армиясындагы ыктыярчылар.
Ирак армиясындагы ыктыярчылар.

Ирак парламентинде уруш майданында жоголгон жоокерлердин туугандары митинг өткөрүүдө. Алар өз жакындары жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда.

“Азаттык” радиосунун кабарчысынын билдиришинче, 2-сентябрда депутаттар митингчилердин арызын укмак болгондо алар кафени калтырып, залга өтүштү. Бирок шаршемби күнү парламент бир чечим кабыл алмайын залдан чыгып кетүүдөн баш тартышты.

Митингчилер июнь айында Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарында жана анын тегерегинде “Ислам мамлекети” (ИМ) уюмунун согушчандары туткунга алган жүздөгөн жоокерлердин жакындары. Алардын чечкиндүү кадамга барып, 2-сентябрда эртең менен парламенттин кафесинин эшик-терезелерин талкалап, басып алуусуна “Ислам мамлекети” уюму интернетте жайгаштырган видео түрткү берген. Видеодо жерде катар-катар тизилип жаткан эркектерди жихадчылардын кежигеге атып өлтүргөнү көрсөтүлүп, атылгандар туткундар экени тууралуу үн коштоп турат.

Нааразылар кокус видеодо атып өлтүрүлгөн туткундардын арасында туугандары болсо, алардын сөөгүн ак кепиндеп көмө албайбыз деп бушайман. Алар ошондой эле өкмөттүн жоголгон жоокерлерди табуу үчүн кандай иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат бербегенине кыжаалат.

Ирак парламенти шейшемби күнкү жыйынында жаңы өкмөттүн курамы жана бюджеттин долбоору сыяктуу өтө зарыл маселелерди карамак. Себеби 30-апрелдеги шайлоодон бери жаңы өкмөт түзүлө элек. Андыктан, премьер-министрликке көрсөтүлгөн Хайдар ал-Абадиден жаңы өкмөттү тез түзүп, аны парламентте бекитүүнү ирактыктар жана эл аралык коомчулук талап кылууда.

"Ислам мамлекетинин" желдеттеринин мыкаачылыктарына Эл аралык мунапыс уюму (AI) да дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Уюм 2-сентябрда жарыялаган докладда: "Жихадчылар басып алган жерлеринде жүргүзгөн массалык кыргындан аман калган адамдардын сөздөрү бул уюмдун “согуш кылмышын” жасаганын күбөлөйт" деп белгиленет. Эл аралык мунапыс уюмунун кризистер менен иштешүү боюнча улук масилетчиси Донателла Ровера “Азаттык” радиосуна берген интервьюда согушчандарды “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп күнөөлөдү:

“Ислам мамлекетинин” согушчандары адамзатка каршы кылмыш жасады. Алар бардык диний жана этностук азчылыктарды үзбөй бутага алып, аларды “Ислам мамлекетинин” кол астындагы аймактардан кетүүгө мажбурлоодо.

Ровера айымдын айтымында, алты ай мурда эле жихадчылар Ирактын экинчи чоң шаары Мосулду алат деп эч ким күткөн эмес. Ошон үчүн келечекте алар эмне кыларын боолгоп болбосун да эскертти. Донателла Ровера докладда көрсөтүлгөндөй, жихадчылар Синжар шаарынын айланасындагы кыштактарда араб жана сунни эмес мусулмандардын изин өчүрүү үчүн катуу далалат кылганына да токтолду:

- Алар түркмөндөрдү, шабеки шиилерди, христиандарды жана жакында эле езиддерди бутага алышкан. Алардын кесепетинен 800 миңден ашуун адам там-жайын таштап кетти. 3-августтан бери Ирактын түндүк-батышындагы Синжар регионунда жүздөн ашуун эркектерди өлтүрүштү, балким миңдеген аялдар менен балдарды уурдап кетишти.

Роверанын сөзүнө караганда, Түндүк Ирактагы бозгундарга акыркы эки айда БУУнун Гуманитардык агенттиги эч кандай жардам көрсөткөн эмес жана азык-түлүк жардамын аларга эми гана бере баштады. Ал эми БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши Синжар шаарынын айланасындагы качкындардын абалын изилдөө үчүн атайын топту эки күн гана мурда жөнөткөн.

Буга чейин АКШ Түндүк Ирактагы качкындарга он тоннадай азык-түлүк, суу жана башка керектүү заттарды абадан таштаган.

XS
SM
MD
LG