Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

“Ислам мамлекетине” каршы стратегия жарыяланат


Ирактагы күрттөрдүн пешмерга күчтөрү чек араны кайтарууда.
Ирактагы күрттөрдүн пешмерга күчтөрү чек араны кайтарууда.

АКШда бүгүн президент Барак Обама Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы күрөшүү стратегиясын жарыялары күтүлүүдө.

Обама муну утурлай Конгресстин лидерлери менен кездешип, өз планын колдоого чакырды.

АКШ президенти “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүү стратегиясын 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракттын жылдыгынын жуп алдында америкалыктарга атайы кайрылуу менен чыгып, жарыялаганы жатат.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест Обаманын бүгүн күтүлүп жаткан сөзү тууралуу:

- Президент ирактыктарды колдоо улантылып жатканы тууралуу айтат. Азыр алар саясий күчтөрдүн баары камтылган өкмөт түзүп, өлкөнү бириктирген кезде АКШ жана АКШ армиясына ирактыктарды “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштө колдоо боюнча маанилүү роль жүктөлгөн. Кошмо Штаттар дүйнөдөгү дипломатиялык таасирин пайдаланып, ирактыктар өздөрү учурда көрүп жаткан аракеттерге эл аралык колдоо жаратуу боюнча ишти улантат. Биздин стратегия “Ислам мамлекети” тобу менен алар өз өлкөсүндө күрөшүү үчүн Сирия оппозициясын колдоону да карайт.

Мыкаачылык иштери менен таанылган “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө АКШ Ирактын бийлигин колдогону менен Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн мурда эле жокко чыгарган.

Андыктан, ал жердеги өнөктөш Сирия оппозициясынын байистүү катмары болушу мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, АКШ президенти Конгресстен Сириядагы оппозициялык топтордун байистүүлөрүн курал менен жабдып, машыктыруу үчүн каражат ажыратууну суранмакчы.

Ага катар АКШ Ирак бийлигинин өтүнүчүнөн кийин “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин бул өлкөдөгү турумдарына жасап жаткан аба соккуларын Сириянын аймагында да кеңейтилүүсү күтүлөт.

Анткени, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин негизги бөлүгү, базалары Сирияда жайгашкан жана алар президент Башар Асаддын режими менен күрөшүп жаткандардын бири.

Британиялык “Дейли Телеграф” гезити жазгандай, учурда Кошмо Штаттар жихадчы согушкерлердин Сириядагы турумдары боюнча чалгын маалыматтарын чогултууда жана аларга аба соккусун президент Асаддын турумун чыңдабагыдай кылып уруунун жолдорун караштырып жатат.

Ак үй маалымдагандай, президент Обама бүгүнкү кайрылуусун утурлай Конгресстин лидерлери менен жолуккан учурунда мыйзамгерлердин “жалпы аракеттерге жардам берүүчү” ага катар “Ислам мамлекети” тобу туудурган коркунучтарга каршы “Кошмо Штаттар жана дүйнө бириккенин көргөзүүчү” чараларын кубаттай турганын айткан.

Обама ошондой эле өз алдынча чечим кабыл алгыдай бийлик укуктары жетиштүү экенин белгилеген.

Бирок оппозициядагы республикачылардын Сенаттагы лидери Митч МакКоннелл президент эмне чечим кабыл албасын ал Конгресстин жактыруусуна муктаж деп айтууда.

“Ислам мамлекети” тобу тарабынан америкалык эки журналисттин башынын алынышы Кошмо Штаттардын өзүндө бул топко каршы коомдук пикирди күчөткөн.

Соңку сурамжылоолор бул топко каршы кошумча аба соккулары жасалуусун америкалыктардын 76% колдорун көргөздү. Расмий Вашингтон азыр “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык коалиция куроого да аракеттенүүдө.

Бүгүн Жакынкы Чыгыш боюнча сапарынын алкагында Багдадга келген Мамлекеттик катчы Жон Керри эки күн мурда алар көздөгөн коалиция тууралуу:

- Биз бул коалицияны курашыбыз менен “Ислам мамлекети” тобунун коркунучун жана ал алып келген жамандыкты жоюуда дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин ролу болот.

Керри Жакынкы Чыгыш боюнча сапарынын алкагында Ирактан тышкары Иордания, Сауд Арабияга токтогону жатат.

Сауд Арабиядагы эки күндүк жыйынында Ирак менен Сириянын ири аймактарын көзөмөлдөп турган “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүнүн жолдору Перс булуңундагы алты өлкө, Түркия, Египеттин катышуусунда талкууланганы жатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG