Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Ирак бийлиги исламчылардын чабуулуна карабай араздашууда


Ирактын премьер-министри Нури-ал-Маликини колдогон акция. 11-август. Ирак, Багдад.
Ирактын премьер-министри Нури-ал-Маликини колдогон акция. 11-август. Ирак, Багдад.

Ирактын президенти өкмөт куроону шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырды. Мунун алдында азыркы премьер ал-Малики президент Масумду айыптап чыккан эле.

Жаңы өкмөттү куроо Ирак үчүн өтө олуттуу маселе экенин эскерткен АКШ исламчыл согушкерлердин алга жылуусун токтотуу максатында алардын турумдарына абадан төрт ирет сокку урду. Күрддөрдүн коопсуздук күчтөрүнө тикелей курал бере баштады.

Борбор Багдаддын негизги кире беришине 10-августтун кечинен тарта премьер-министр Нури ал-Маликиге жан тарткан күчтөрдүн жайгашуусуна тушташ Ирактын өкмөт башчысы теледен сүйлөп, жакында эле президенттикке шайланган күрд саясатчысы Фуад Масумду сындап чыкты:

- Президент Конституцияны эки ирет бузду. Биринчи жолу эң ири саясий блоктун премьер-министрди көргөзүүчү конституциялык мөөнөтүн узартуу менен. Ирак эли кабыл алган Конституцияны бузуунун олуттуулугун мен буга чейин да бир нече жолу эскерткем. Мен ошондой эле шайлоо жыйынтыгынын кадырын кетирбөө тууралуу да айткам. Анткени бул шайлоого катышкан элди аларды мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин шайлоо укугунан ажыратып жатат.

Коалициясы апрелдеги соңку шайлоодо парламенттеги орундардын көбүн алган Нури ал-Малики үчүнчү мөөнөткө премьер болууга шайлоодон бери эле умтулганы менен анын дарегине кызматтан чегинүү чакырыктары да айтылып жаткан.

Мындай чакырыктар сунни, күрд тайпаларынан, атүгүл айрым шииттерден чыккан.

Саясий каршылаштар ал-Маликини аягы исламчыл согушкерлердин баш көтөрүп, бир топ аймактарды басып алуусуна алып келген диний негиздеги араздашууга, кыянатчылыктарга жол бергени үчүн айыпташат. Ирактагы саясий кризис өлкө түндүгүндө сунни согушкерлеринин "Ислам мамлекети" тобу чабуул коюп жаткан учурда уланууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Австралияда жүргөн жеринен Ирактагы жагдай боюнча буларга токтолду:

- Биз өкмөттү куроо Иракта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоодо чечүүчү мааниге ээ деп эсептейбиз. Малики мырза сууну чайпабайт деп үмүттөнөбүз. Ирактыктардын баары бир нерсени билип коюшу абзел. Конституциялык мыйзамдуу жараяндан кандайдыр бир чегинүү болсо, эл аралык колдоо да азаят. Алар өкмөт түзүүнү тезинен аяктап, алга жылуулары керек.

Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти ирак президенти Фуад Масумду “Конституциянын кепили” катары ролун “толугу” менен колдой турганын айткан.

Дүйшөмбү күнү Ирактын президенти Фуад Масум өкмөт куроону шиит саясатчысы, парламенттин төрага орун басары Хайдар ал-Абадиден өтүнгөнү белгилүү болду.

Хайдар ал-Абадини премьерликке шииттердин парламенттеги эң ири блогу - Улуттук альянс көргөзгөн. Улуттук альянска азыркы премьер ал-Маликинин партиясы да кирет.

Хайдар ал-Абади
Хайдар ал-Абади

Өткөн апта соңунан бери Ирактын Күрд автоном аймагынын борбору – Эрбилдин айланасында күрддөрдүн - пешмерга күчтөрүн колдоо үчүн АКШ “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин турумдарына абадан төрт айлампа сокку урду.

Америкалык расмий өкүлдөр АКШ дүйшөмбүдөн тарта күрддөрдүн күчтөрүн курал-жарак менен тикелей камсыздай баштаганын да айтышты.

Ирак полициясынын маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Багдаддан 115 чакырым аралыктагы Жалаула шаарчасын ээлөө менен күрддөрдүн күчтөрүн сүрүп чыгарышты.

Мунун алдында АКШнын аба соккуларынан кийин пешмерга күчтөрү коңшу Найниве провинциясындагы эки шаарчаны исламчылардан алууга жетишкени кабарланган.

Айрым талдоочулар АКШнын аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөштө “кыска мөөнөттүү” гана чара болорун айтып жатышат.

Катардагы Коргонуу жана коопсуздук институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочусу Майкл Стивенс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде:

- Эгер "Ислам мамлекети" тобун талкалагыңыз келсе, анын Сириядагы негизги базасын жок кылуу керек. Алар ошол тараптан келип жатат. Бирок америкалыктар жакынкы аралыкта Сирияга интервенция жасабай турганы анык. Вашингтон, Лондон, Парижде азыр күрддөрдүн-пешмерга күчтөрүн машыктырып, керектүү жарак-жабдык менен камсыздоо жөнүндө сөз жүрүп жатат. Ушундай эле идея ирак армиясы боюнча да бар. Бирок ирак армиясы чачырап, колунан иш келбесин көрсөттү. Мен “Ислам мамлекети” тобу жеңилет деп ойлобойм, анткени бул үчүн жетиштүү саясий эрк жок. Ал эми аба соккулар согушкерлерди еңүүгө эмес, аларды азыр көзөмөлдөгөн аймактардын чегинде кармап, ары кетишине жол бербөөгө багытталган. Обама ал жоопкерчиликти Батыш эмес, ирактыктар өздөрү алуусун кааларын ачык эле каңкуулады,- деди.

АКШ президенти ушул дем алыш күндөрү Вашингтондон сүйлөгөн учурунда өлкөсү Иракта дагы бир согушка аралашуусуна жол бере албасын айтып, бирок Ирактын өкмөтүнө жана күрддөрдүн коопсуздук күчтөрүнө аскерий жардам жана кеңеш берерин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG