Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Худайбердиев: ОшТВны кайра алуу мүмкүнчүлүгү бар


Халилжан Худайбердиев
Халилжан Худайбердиев

ОшТВнын түптөөчүсү Халилжан Худайбердиев телеканалдын айланасындагы азыркы окуялар жана мекемени өзүнө кайтарып алуу аракеттери тууралуу ой бөлүштү.

Худайбердиев 2010-жылдагы июнь калабасынан соң Кыргызстандан үй-бүлөсүн алып чыгып кетип, АКШнын Сиэтл шаарынан саясий башпаанек тапкан.

"Азаттык": Халилжан мырза, АКШга кеткениңизге төрт жылдай убакыт болуп калды. Ал жактагы жашооңуз кандай?

Худайбердиев: Жашообуз жакшы. Өзгөчө деле кыйынчылык жок.

"Азаттык": Сиз түптөгөн ОшТВ телеканалынын тегерегинде болуп жаткан азыркы иштер тууралуу кабарыңыз болсо керек? Жакында эле мекемеге аймактар аралык чагым жасады деп, кылмыш иши козголбодубу. Телеканалдын мурдагы ээси катары буга кандай пикир билдире аласыз?

Худайбердиев: Мен бул телеканалда соңку учурларда кандай берүүлөр эфирге узатылганын, кандай СМС билдирүүлөр чыгарылганын көргөн жокмун. Телеканалга козголгон кылмыш иши жөнүндө интернеттен билдим.

Лингвистикалык комиссия аймактар аралык бөлүнүп-жарылууга жем таштаган СМС билдирүүлөрдү эфирден берген деп чечим чыгарыптыр. Ал жөнүндө конкреттүү пикир айта албайм.

Бул канал бир кездери менин менчигим болгонун, башка адам күч менен тартып алганын эске алганда, маселеге объективдүү баа берүү мен үчүн өтө кыйын. Ошол эле учурда иш акыйкат териштирилиши керек деген ойдомун.

2011-жылы Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылган доомат жана маскаралоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги алынып салынган. Ошондуктан, телеканалга коюлуп жаткан кине кылмыш болуп саналбайт деп эсептеймин.

"Азаттык": Телеканал азыр Оштун мурдагы мэри Мырзакматовго таандык экени айтылып атпайбы. Экс-мэр менен азыркы бийликтин ымаласы дурус эместигин билсеңиз керек. Телеканалдын тегерегиндеги азыркы жагдайдан улам мекемени кайра өзүңүзгө өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгону коомчулукта айтыла баштады. Буга кандай пикирдесиз, ушундай болушу мүмкүнбү?

Худайбердиев: Менин оюмча, телеканалды өзүмө кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек, мекеме бир адамдыкы болушу мүмкүн, бирок медиа-ресурс бир кишиге эмес, редакциялык кеңешке таандык. Анын ээси редакциянын саясатына аралашпаганы туура.

Бизнес жактан алып караганда, медиа-мекеме меники болчу. Аны менден алып коюшту. ОшТВны күч менен тартып алган адам азыр бийликтен кетти. Ал мэр болуп турган учурда телеканалды кайра өзүмө ала албайт элем. Чын эле азыр менде мекемени өзүмө кайтарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүн аракет кылып жатам.

"Азаттык": Кыргызстанга келип, ОшТВны өзүңүзгө кайра өткөрүп алууга көзүңүз жетеби?

Худайбердиев: Менимче, муну ишке ашырса болот.

"Азаттык": Сиз азыр издөөдө жүргөн адам эмессизби. Бул жагы кандай болуп калат?

Худайбердиев: Мен азыр издөөдөгү адаммынбы же жокпу, аны өзүм да билбейм. Интерпол сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу издөө жарыяланганы жөнүндө да маалыматым жок. Мени жоопкерчиликке тартуу чечими сот тарабынан өзүм жок кезде чыгарылган. Ал учурда мен АКШда жашап жаткан элем. Соттун өкүмү Оштогу тополоңдон бир жыл өткөндөн соң, 2011-жылдын май айында чыккан. Аны мен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билгем. Мен Кыргызстандан чыгып кеткенге чейин кылмыш иш козголгон эмес болчу. 10-июндан 10-июлга чейин бир ай бою мен Ошто болгонмун. Ачык эле жүргөнмүн. Муну ошол кездеги мэр деле жакшы билет. Укук коргоо органында иштегендер да билчү. Мага карата кылмыш иш козголушу жөнүндө ал убакта эч кандай маалымат жок эле. Менин оюмча, бир топ убакыттан соң козголгон кылмыш иши Мырзакматовдун аракети менен болду. Ал кезде менде ал кишиге каршы чыгууга мүмкүнчүлүгүм дээрлик жок эле.

"Азаттык": 2010-жылдагы кандуу калаба болордон мурда сиз жетектеп жаткан телеканал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуучу сюжеттердин берилгени айтылып жүрөт. Ошондой маанидеги репортаждарды эфирге бергениңиз үчүн сизде өкүнүч барбы?

Худайбердиев: ОшТВ телеканалы улуттар аралык кастыкты козуткан материалдарды көрсөттү, деген маалымат чындыкка төп келбейт. Анткени, жок нерсени эмес, болуп жаткан окуяларды гана көрсөткөнбүз. Бир жолу Жалал-Абадда болгон митингди эфирге бергенбиз. Бизди ошол үчүн күнөөлөп жатышат. Ал митинг Жалал-Абад облусунун ал кездеги жетекчиси Бектур Асанов жана Кадыржан Батыровдун катышуусунда болгон. Митингде эки лидер тең чыгып сүйлөп жаткандыктан, бул материалды эфирге берели деп чечкенбиз. Анткени, ал митинг - ошол кезде Жалал-Абадда болгон пикир келишпөөчүлүктөрдү жеңилдетүү максатындагы эки адамдын бирдиктүү аракети болчу. Андан башка эч кандай репортаж же сюжет эфирден берилген эмес.

ОшТВны жаман телеканал катары сыпаттап, ошондой түшүнүктү элге сиңирүү аракети ошол кездеги шаар бийлигиндегилердин иши деп эсептейм. Телеканалдын жаңы ээсине эч кандай тоскоолдуксуз мекемени иштетүүсү үчүн ушул ыкма пайдалуу болгон. Мен ушул пикирдемин.
XS
SM
MD
LG