Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

ОшТВ: Сөз эркиндиги чектелбесин


ОшТВ жамааты нааразылык акцияда. Ош шаары, 3-февраль, 2014.
ОшТВ жамааты нааразылык акцияда. Ош шаары, 3-февраль, 2014.

Телеканалдын жамааты 3-февралда УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн алдына чыгып, ОшТВга басым жасалып жатканына нааразылык билдиришти.

Аталган телеканалдын акцияга чыккан 20 чакты кызматкери ооздорун чаптап, колдоруна «Бөрк ал десе баш алынбасын», «Сөз эркиндиги - демократиянын негизи» деген жазууларды кармап турушту. ОшТВнын жетекчилиги аларга «аймактар аралык жаатташууга чакырган» деген айыптын тагылышын саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттады.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” телекомпаниянын бир нече программаларынан аймактарды бөлүп жарууга чакырыктар табылганын билдирди:

- Ушул жылдын 29-январында УКМК тарабынан бул телеканалга карата “Аймактар аралык жаӊжалга чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага 8-15-январь күндөрү “Багыт”, “Күнчабыт” берүүлөрүндө жана СМС билдирүүлөрүндө элди түндүк-түштүккө бөлгөн чакырыктар көрсөтүлүшү себеп болду. Бул боюнча атайын түзүлгөн филологиялык-политологиялык эксперттик комиссия мына ошондой багыттагы чакырыктар болгон деген жыйынтыгын чыгарып берди.

УКМКнын мындай доосу менен Ош ТВнын кызматкерлери макул эмес. Телеканалдын жетекчиси Эрнис Кыязов мунун артында саясый буюртма жатат деген ишенимде:

- Мунун бары Ош Мамлекеттик университетинин, же УКМКнын жеке демилгеси эмес экени бештен белгилүү. Мен муну ачыктан ачык эле саясый буюртма, сөз эркиндигин ооздуктоо деп түшүнөм. Алардын койгон дооматтарына мен кошулбайм. Анткени ОшТВ митингдеги ачуу, эмоция аралашкан элдин пикирин берген. Шайлоо жараянында купуялуулукту бузган тасмаларды элге көрсөттүк. Мунун баарын мен туура деп эсептейм.

ОшТВнын адвокаты Айгүл Матиева берүүлөрдү Ош Мамлекеттик университетинин филолог окумуштуулары талдаганын УКМКдан билгенин айтат.

Бирок биз барганда аталган университеттин тилчилери каникулдан эми чыкканын айтышып, эч кандай экспертизалык жумуш кылганын эстей албай коюшту. ОшМУнун кыргыз тили факультетинин деканы ОшТВнын материалдарын текшерүү тууралуу бүгүн угуп атканын айтса, тил жана адабият кафедрасынын башчысы Бактыгүл Темирова факультетти бүт кыдырып, телеканалдын берүүлөрүн талдаган тилчи-эксперттерди издеп таппады.

- Мындай талдоодон факультетте эч кимдин кабары жок. Факультеттин лингвистика кафедрасынын жетекчиси менен да кабарлаштым. Ал дагы эч кандай экспертизалык жумуш тууралуу укпаганын айтты. Факультеттин деканы да кабарсыз экен. Биздин факультете ал тууралуу таптакыр маалымат жок.

Жактоочу Айгүл Матиева ОшТВга коюлуп жаткан доо менен толук таанышып чыга электигин билдирди. Анын айтымында, учурда ОшТВга факты боюнча иш козголгон. Бирок кайсы факты, кайсы СМС боюнча конкреттүү кимге иш козголгону белгисиз.

- Мен УКМКга барып, Ош ТВга козголгон кылмыш ишинин курамы менен таанышууга аракет кылдым. Бирок алар мени материалдар менен толук тааныштыра элек. Кайсы СМС үчүн, кайсы программадагы сөз үчүн кылмыш иши козголуп атканы тууралуу так маалымат жок. Бирок ОшТВда маал-маалы менен «СМСтин маанисине ОшТВ жооптуу эмес» - деген эскертүү берилип аткан. Ошондуктан айрым СМСтер үчүн анын авторлору жооп берип калышы мүмкүн, - дейт жактоочу.

Эрнис Кыязов телеканалга коюлган доону кабыл алмак тургай, ОшТВ элдеги чыңалууну жоюуга салым кошуп жатат деген ишенимде:

- Бизге ар түрдүү СМСтер келет. Ошол шайлоо учурунда күнүнө 3-4 миңге чейин СМС келип аткан. Анын баарына эл акча төлөгөн. Ошондой болсо да элди чабышууга чакырган СМСтерди эфирге берген жокпуз.

ОшТВнын жамааты УКМК имаратынын алдындагы наразылык акциясынын соңунда Оштогу айрым журналисттер менен биргеликте коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына, президентке кайрылуу жасашты. Анда өлкөдөгү бардык ЖМКларга бирдей мамиле жасоо, сөз эркиндигине доо кетирбөө талаптары айтылды.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү алгачкы эркин телеканалдардын бири. 1990-жылдардын башында ачылган телеканал 2010-жылдагы июнь окуясына чейин Халилжан Худайбердиев аттуу адамдын карамагында болгон. Июнь окуясынан кийин аны Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов сатып алганы айтылып жүрөт.

Телеканалдын мурунку ээси Худайбердиев июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага “телеканал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон” деген айып коюлган эле. Эми минтип «аймактар аралык араздашууга чакырык таштады» деген айып телеканалдын өзүнө коюлуп отурат.
XS
SM
MD
LG