Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:31

Оштогу телеканалдар калыспы же кайраштырган каражатпы?


Тополоңдо жабыркаган аялдар Р. Отунбаевага арыз-арманын айтып жатышат
Тополоңдо жабыркаган аялдар Р. Отунбаевага арыз-арманын айтып жатышат

Ошто тополоң күндөрү шаар мэринин буйругунун негизинде ОшТВ, МезонТВ жана “ДДД” телеканалдарынын ишмердиги убактылуу токтотулган болчу. Бийлик өкүлдөрү аталган телеканалдардын иши качан жанданарын так айтпай жатышат жана тыныгууну башка себептер менен түшүндүрүүдө.

Бир катар ата мекендик жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары жазгандай, аймактагы этникалык мамилени курчутуп жаткандыгына байланыштуу деген негизде түштүк башкалаасынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун өтүнүчүн көңүлгө түйүп, Убактылуу Өкмөт жергиликтүү ОштВ, МезонТВ жана “ДДД” телеканалдарынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

Муну МезонТВ телеканалынын редактору Илхом Абдыкахаров дагы ырастады. Алардын кызматкерлерин жетекчилиги 11-июндан баштап ишке чыкпоону буюрган. Анын пикиринде бейтарап турумду тутунган ишкананын утурумдук жабылуусу сөз эркиндигин басмырлоонун көрүнүшү.

ОштВ телеканалынын башкы менеджери Дилмурат Ишанов алардын ишмердүүлүгүн токтотууга негиз жок эле деп эсептейт:

- Коркпой эле айтайын, мамлекеттик үч телекөрсөтүү окуяларды бир жактуу чагылдырып жатышат. Монтаждаганга мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгондуктан, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыровдун митингин толук жана комментарийсиз жарыялап, балээге кабылдык. Ушундан айып издеп, бул телеканалдарды жабуунун кажети жок. Буга улай мен ОшТВны, МезонТВны накта өзбек телекөрсөтүүсү деп айта албаймын. Анткени, бизди кыргыздар, татар, орустар – бардыгы тегиз көрүшөт,- дейт Дилмурат Ишанов.

Ошентсе да, Ош шаарында ОштВ, МезонТВ жана “ДДД” телеканалдары шовинисттик мүнөздөгү берүүлөрү менен калктын кыжырын кайнатты деген пикир күч. Коомдук ишмер Манас Эргешовдун оюнча, этникалык чагым салган массалык маалымат каражаттары жана алардын жетекчилери мыйзам чегинде жоопко тартылууга тийиш.

Бирок Убактылуу өкмөт жергиликтүү телеканалдар алардын чечимине ылайык жабылды деген маалыматты четке кагууда. Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Авланбек Жумабаевдин сөзүнө караганда, жаңы бийлик Ош жана Жалал-Абатта маалымат борборлорун ишке киргизип, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт жаратып олтурат.
Ошенткен күндө да, ОшТВ, МезонТВ жана “ДДД” телеканалдарынын кайрадан көгүлтүр обого чыгуусу бүдөмүк бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG