Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

ОшТВга кылмыш иши козголду


ОшТВ телеканалынын кеңсеси тинтүүдөн кийин. 1-февраль, 2014-жыл.
ОшТВ телеканалынын кеңсеси тинтүүдөн кийин. 1-февраль, 2014-жыл.

ОшТВ телеканалы аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган деп айыпталууда. ОшТВнын жетекчилиги муну саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттоодо.

31-январь күнү компаниянын имараты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынган.

ОшТВ телеканалынын журналисттери жана директору буга чейин эки жолу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактагы бөлүмүнө чакырылып, сурак берген. Жума күнү УКМКдан дагы эки кызматкер келип, аларды дагы тергөөгө алышкан. Аз өтпөй кайра келишип, телеканалдын кабинеттерин, компьютерлерин тинткен. ОшТВнын директору Эрнис Кыязов бул боюнча мындай деди:

- УКМКнын Оштогу бир кызматкери буга чейин ОшТВга келип, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде, телекомпания менен уюлдук компаниянын СМС добуш берүү боюнча келишимдерин, Ош мэрин шайлоо учурундагы көрсөтүүлөрдү сурап, түшүнүк кат жаздырып кеткен. Жума күнү түш оой, 15:00 чендерде УКМКнын эки кызматкери кайрадан келип, телеканалдын имаратын тинтебиз дешти. Мен “тинтүүгө уруксат берген баракчаңар барбы?” дегенден кийин соттун санкциясын алып кайра келишиптир. Кабинетимди жаап кеткен элем. Келип алып "ачпасаңар, эшикти талкалап болсо да киребиз" деп айтышыптыр. Анан эч кимди чыгарбай, эч кимди киргизбей текшеришкен. Аябай тинтип, алчусун алып кетишиптир илгерки НКВДнын жасоолдорундай болуп. Мунун баары куугунтук, репрессия жыттанууда.

УКМК кызматкерлери ОшТВ компаниясы менен уюлдук компания ортосундагы келишимдерди, Ош шаар мэрин шайлоого байланыштуу көрсөтүүлөрдүн архивин телеканалдан талап кылган:

- Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин колдоо иретинде, “Багыт”, “Күнчабыт” берүүлөрү элди, түндүк-түштүктү кайраштырган мандемдер болду дегендей кине коюп атышат. Арызды ОшМУ жазыптыр. Эми ал жерде ОшМУнун бир окутуучусу, же студенттери жазган жок да. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош шаардык кеңешинде Социал-демократтар партиясынын атынан депутат. Муну менен баарын түшүнсө болот. ОшТВ негизи туура, так маалымат берүү менен гана иш жүргүзүп келет. Көбүнесе бийликтин каршылаштарынын пикирин берип турабыз. Анткени, бийликтин оппоненттеринин пикирин КТРден, же ЭлТРден берип аткан жери жок. Мунун тереңинде өтө чоң саясий мандем бар. Албетте, негизги чабуул мага эмес, негизги чабуул Мырзакматовго болуп атканын мен жакшы түшүнөм, - деди Кыязов.

УКМК эмне дейт?

Улуттук коопсуздук кызматы кабарлагандай, ОшТВга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Телеканал "аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган" деп айыпталууда. УКМК таркаткан пресс-релизде айтылгандай, 8-15-январь күндөрү эфирден түндүк - түштүккө бөлгөн смстер кеткен. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- 29-январь күнү ОшТВнын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул боюнча аймактар аралык жаңжалга чакырык жасаган деген айып тагылып атат. Учурда бул иш боюнча оперативдик тергөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми 31-январда болгон текшерүү ал Ош шаардык сотунун санкциясы менен болду. Баары мыйзам чегинде жүргөн. Тергөө иштери бүткөндөн кийин дагы маалыматтарды беребиз,- деп "Азаттыкка" билдирди.

Этикалык эрежелер бузулганбы?

Кантсе да ОшТВ телеканалынын жамааты Кыргызстандын акыйкатчысына, медиа уюмдарга жана Журналисттер коомчулугуна кайрылуу жасаганы турат. Ошол эле кезде Оштогу медиа-эксперттер да муну сөз эркиндигине жасалган кысым деп баалашууда. Медиа-эксперт Жылдыз Бекбаева буларга токтолду:

- Оппозициялык көз караштагы, бийликке сын-пикир айткан, бийликке жакпай бараткан журналисттерди, ММКлардын артынан сая түшүп куугунтуктоо, Акаев башкарган жылдары, Бакиев бийлигинин акыркы жылдары көп орун алган. Бул нерселердин баары бизге ошол күндөрдү эске салып жатат. “Регионалдык бөлүнүүгө алып келген маалыматтарды таркаткан” деген бул өтө олуттуу айыптоо. Журналисттер коомчулугу Улуттук коопсуздук кызматына кайрылуу жасайбыз. Бизге түшүндүрмө берсин, эмне үчүн ушундай болуп жатат?

Аталган каналда соңку кездери Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду жактаган СМСтер көбүрөөк чыккан. Кошумча оппозициялык маанайдагы көрсөтүүлөр да байма-бай берилип келген. Бирок ошол эле кезде "ОшТВ телеканалы кээ бир учурларда журналистикалык стандарттардан сырт маалымат берип жатат, телеканалдын жаңылыктар берүүсүнүн айрым чыгарылыштары Мелис Мырзакматов менен башталып, "Улуттар биримдиги” партиясы менен бүтүп жатат" деп айткандар да жок эмес.

- Кээде журналистиканын этикасына туура келбеген, бир тарап маалыматтар кетип жатты. Айрыкча мына Ош шаарына жаңы жетекчини шайлоо өнөктүгү башталган учурда бул нерсе аябай эле күчөп кетти. Анан республикалык телеканалдар менен ОшТВ телеканалынын ортосунда өзүнчө эле бир маалымат согушу болду. Маселен, ОшТВ борбордук бийликти сындаса, эртеси Коомдук канал Мырзакматовду сындаган маалымат берет. Кайра ага ОшТВ бул жактан жооп берет. Бул нерсенин үстүнөн кылмыш ишин козгобой эле журналисттердин этикалык кодексинин алкагында эле жөнгө салса болмок да. ММКга түшкөн даттанууларды кароо боюнча медиа - комиссия бар ошол жерде карап деле эскертүү же түшүндүрмө берсе жетиштүү болмок,- деди Оштогу “ММК борборунун” координациялык кеңешинин төрайымы Жылдыз Бекбаева.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиа мекемелердин бири. Анын түптөөчүсү - жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, телеканал толугу менен кыргызча чыга баштаган. Телеканал ээсине “медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон” деген айып коюлган. Учурда Худайбердиев саясий башпаанек алып, чет өлкөдө жашайт.

Коомчулукта Ош ТВнын ээси Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов экени айтылат. Худайбердиев өзү деле эл аралык ММКлардын бирине “Мырзакматов телеканалды коркутуп тартып алган” деп айтып чыкканы бар.

"Азаттык" радиосу 2011-жылы ОшТВ телеканалы боюнча иликтөө макаласын жарыялаган. Ал макаланы бул шилтеме менен таап, окусаңыздар болот.
http://www.azattyk.org/content/kyrgyz_osh_tv_ongoing_conflict_febr_27_2011_package/2323972.html

ОшТВ негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында тарткан менен Ош шаарындагы жаңылыктарды көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG