Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Монтан, Монро жана Париж


Ар бир өлкөнүн өзүнө жараша символдору, руханий дүйнөсүнүн капкалары, ал капкаларды ача турган маданий коддору бар деп келебиз. Маселен, Париж - Франциянын символу да, тарыхы да, маданий коду да десек болот.

Бул улуу шаар тууралуу нечен романдар, музыкалык чыгармалар жаралды, тасмалар тартылды. Дагы тартылат. Бирок ошол толуп аткан чыгармалардын арасында Париж тууралуу ырлар, ошол ырларды аткарган артисттер, ошол артисттердин арасында атактуу шансонье, киноактер Ив Монтан айрыкча бөлүнүп көрүнөт.

Ив Монтан жана дүйнө маданиятынын таанымал очогуна айланган Париж шаары… Бул экөөнүн ортосунда, башкача айтканда, даңазалуу ырчы менен менен зор мегаполистин ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн? Жок, Ив Монтан менен Париждин, анын бактары менен көчөлөрүнүн, Монтан ырдагандай, кафелери менен бистролорунун, жадагалса таксилеринин ортосунда өтө тыгыз, өтө назик, өтө интимдүү байланыштар бар экен.

Көрсө, Италияда туулуп-өсүп, кийин Марсель шаарында жаш ырчы катары күчүн сынап, андан соң Парижге келгенде гана Ив Монтандын багы ачылыптыр. Анткени Париж ар качан өзүнүн демократиялык салт-санаалары, маданияттын жаңылыктары, жаш таланттарга астейдил мамилеси менен атагы чыккан шаар экен.

Болочок ырчы жана актер, ХХ кылымдагы Франция маданиятынын эң эле таанымал өкүлү Ив Монтандын зоболосу дал ушул Парижде көтөрүлүп, бул шаарда элге таанылып, аты чыгыптыр.

Монтан, Монро жана Париж
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:46 0:00
Түз линк

Ушул улуу шаар анын тагдырына бүткөн алтын бешик болуп, ушул шаарда атактуу ырчы, жашы улуу болсо да жан бирге курдашы Эдит Пиаф менен жакындан таанышыптыр. Эдит ага жан курбу да, ошону менен бирге окутуучусу, кеңешчиси, промоутери да болуптур.

Парижде Ив Монтан чоң маданияттын астанасын аттап, ырчы, шансонье катары өз стилин таап, киного тартылып, үй-бүлө күтүптүр. Ошондуктан Ив Монтандын бул шаарга болгон астейдил арзуусу, анын ар бир көчөсү менен кафесин, бактары менен бульварларын боор эти менен тең көрүп, учкан уясы, сүйгөн калаасы катары караганы бекеринен эмес экен.

Албетте Париж деген Париж. Бул шаар ХХ жүз жылдыкта авангардизм маданиятынын алтын бешиги болду. Атактуу француз экспрессионизми менен импрессионизми ушул шаарда таанымал болду. Пабло Пикассо менен Фернан Леже, Коко Шанель менен Шарль Азнавур, Пьер Карден менен Кристиан Диор сыяктуу легендарлуу адамдар Париждин аброюн асманга чыгарышты. Ошол маданият ишмерлеринин алдыңкы катарында, албетте, Ив Монтан, Эдит Пиаф болду, алардын катарына кийинчерээк Мирей Матье менен Жо Дассен кошулду.

Ошондуктан жогоруда аты аталган маданият ишмерлерин Париж шаары, анын демократиялык салт-санаалары, маданий руху жана изденген адамдар үчүн аябагандай жагымдуу чөйрөсү зор таасир этсе, ошол Ив Монтан жана Эдит Пиаф сыяктуу инсандар бул шаардын көркүнө көрк кошту, Париж деген сөзгө өзгөчө бир түс берди десек жаңылбайбыз.

Ив Монтан жана Симона Сеньоре
Ив Монтан жана Симона Сеньоре
Албетте Ив Монтан баарынан мурун чыныгы француз, чыныгы париждик. Башкача айтканда, жеке адамга тиешелүү эркиндиктерди катуу баалаган, өзүн сыйлап, бирок өзгөлөрдү да урматтай билген, аялзатын туу тутуп, арзуу сезимин эч качан жашырбаган адам болгон. Ошон үчүн өзүнөн абдан эле улуу Эдит Пиафка ашык болгондо, Ив Монтан ага болгон сезимин эч качан жашырган эмес, баш кошууга да аракет кылган.

Бирок Ив Монтандын турмушундагы Мэрилин Монронун орду, экөөнүн өз ара мамилеси, бири-бирине болгон сүйүүсү өзүнчө чоң тема. Ал экөө бир кинодо тартылып, болгондо да бири-бирине ашык болгон эки жаштын ролун аткарып, кинодогу роль чындыкка айланып кетүүгө аз калган.

Ал кезде Мэрилин Монро атактуу драматург Артур Миллердин жубайы болуп, ал эми Ив Монтан болсо Франциянын эң эле белгилүү актрисаларынын бири Симона Сеньореге үйлөнгөн кези эле. А бирок сүйүүнү ким тыят, ким башкарат? Романтизм жана драма, арман жана сыйынуу… Эгер экөөнүн башы бош болуп, эртерээк жолугушканда Мэрилин Монро менен Ив Монтан баш кошушу көп жагынан алып караганда толук ыктымал нерсе болчу.

Ив Монтан жана Мэрилин Монро
Ив Монтан жана Мэрилин Монро
Бирок тагдырдын жазмышы менен Мэрилин эрте каза болуп кетти, ал эми Монтан болсо үй-бүлөсүн бузганга барган жок. Монро каза болгонун укканда Ив Монтан эч ким менен жолукпай, бир нече күн үйүндө үн-сөзсүз жаткан дешет аны жакындан билгендер.

Париж… Мэрилин Монро… Симоне Синьоре. Бул ысымдар Ив Монтандын жер үстүндөгү эң сүйүктүү адамдарынын ысымдары, кайда жүрсө да көңүлүнүн чордонунда турган ыйык сөздөр эле.

Ив Монтан 1991-жылы жүрөк оорудан каза болду. Өлөөрүнө аз калганда кимдир-бирөө Ив Монтанга: “бул дүйнөдө эмне арманыңыз бар?” дегендей суроо узаткан экен. Ошондо Ив Монтан “мен бактылуу адамын, эгер кайра туулуп, кайра өмүр сүрсөм ушул эле жол менен кетмекмин, ушул эле өмүрдү сүрмөкмүн” деп жооп берген экен.

Ошондуктан Ив Монтан менен Франциянын жаңы маданияты, Ив Монтан менен Париж бир тууган, бир эгиз түшүнүктөр. Париж турганда Ив Монтандын аты өчпөйт, ал эми Ив Монтан дегенде Францияны, анын санжыргалуу борбор калаасы Парижди түшүнөбүз.

XS
SM
MD
LG