Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Мария Каллас


ХХ жүз жылдык дегенде эки дүйнөлүк согушту, Октябрь революциясы баштаган ондогон, балким, жүздөгөн төңкөрүштөрдү, Ленинди, Сталинди, Черчил менен Рузвелтти, Эйнштейн менен Сахаровду, Пабло Пикассо менен Салвадор Далини элестетебиз.

Ал эми музыка дүйнөсүндөчү? Атагы таш жарган ысымдар, нечен муундар кумир катары санаган адамдар ондоп саналат. Дмитрий Шостакович, Мишел Легран, Элвис Пресли, "Биттлз", Эдит Пиаф, Френк Синатра, Майкл Джексон...

Ошол өткөн жүз жылдыктын музыкалык символдорунун бири, дүйнө масштабындагы опера жылдызы, атактуу ырчы Мария Каллас десек эч бир аша чаппайбыз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00
Түз линк

Майда бизнес жасап, бирок андан жолу болбогон катардагы гректин үй-бүлөсүндө туулган Мария бала кезинен эле оор турмушта жашап, бирок музыкага шыгы абдан эрте ойгонгон экен. Ыр жандуу кыздын талантын байкаган апасы аны көрүнгөн концерттерге катыш, акча тап деп кыйнап, бирок Мария Калластын ырчылык таланты ал Америкага барып, опера сахнасында көрүнө баштаганда чындап ачылган.

Тез эле музыка дүйнөсү аны асманга чыгара мактап, кедейликтен башы чыкпаган ата-энеси байып-сайрай баштаган. Бара-бара Миландагы атактуу театр Ла Скаладан баштап, Нью-Йорктогу Метрополитен опера, Лондондогу Алберт холл анын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ар бир концерти үчүн Мария Каллас опера дүйнөсүнүн супер жылдызына айланган.

Бирок Мария Калластын тагдырын түп тамырынан өзгөртүп, турмушун бороон-чапкын ургандай астын-үстүн кылган окуя — анын деңиз аркылуу жүк ташыган дүйнөдөгү эң ири компаниянын ээси, атактуу "плейбой" жана миллиардер Аристотел Онассис менен таанышканы эле.

Сүйүүнүн көзү сокур деген чын белем, Мария миллиардер эмне деп айтса, ошого ишенип, Онассис үчүн баарын жасады. Баарынан да Мария Каллас 43 жашында кош бойлуу болуп, догдурлар "буйруса эркек балалуу болосуз" деп кубантып турган кезде миллиардер Онассис мурунку аялынан калган бир уул, бир кызынан башка эч кимди мураскор кылгысы келбей, Марияны зордоп да, алдап да жатып, боюнан алдыртты.

Ошондон соң Каллас менен эч качан мыйзамдуу никеде турбаган Аристотел Онассис 1968-жылы АКШнын каза болгон президенти Жон Кеннединин жесири Жаклин Кеннедиге үйлөнүп алды. Бул окуя Марияга ушунчалык катуу таасир этип, стресс, кайгы-капа Мария Калластын ден соолугуна кесепетин тийгизди. Баарынан жаманы, стресс, кайгы-капа Мариянын эң бир чексиз байлыгы болуп эсептелген үнүн, ырчылык өнөрүн алды...

Жүрөгү таза, ишенчээк Мария Каллас үчүн мультимиллиардер Аристотел Онассис ырчынын бирден-бир таянычы, жөлөгү, медери, жүрөгүнөн түнөк тапкан терең сүйүүсү эле.

Кандай болгон күндө да ага күйөө эле. Онассис үчүн нечен самандай сапырылган акчадан баш тартып, гастролдорго чыкпай, дитинде эптеп бала көрсөм, жашым өтүп кетелекте перзент эркелетсем деп эңсечү...

Ал эми сахнага чыгып калса негизинен трагикалык арияларды, айрыкча “Медея” операсынан Медеяны, башкача айтканда сүйүүнүн айынан баарына кайыл болгон азаптуу сулуунун ролун аткарчу.

Жузеппе Вердинин “Травиатасын”, Беллининин “Нормасын”, андагы атактуу “Коста дива” ариясын, “Кармен” операсынан Кармендин ариясын айрыкча жакшы көрчү. Булардын баары анын сүйүүнүн айыккыс оорусуна чалдыккан жан дүйнөсүнө жакын эле. Ошол сүйүүсү, өз жүрөгүнө өзү буйрук бере албаганы, ак ниети менен үй-бүлө күткүсү келгени акыры Калластын түбүнө жетти...

Ошол убакта Мария Каллас аны сатып кеткен же чанып кеткен Онассиске мындай деп кат жазат: “Сен адам сүйүүдөн да өлөт десе эч качан ишенчү эмес элең. Мына эми билип кой: менин өлгөнүм ушул. Дүйнө мен үчүн дүлөй. Мен эми эч качан ырдай албайм...

Бирок менин үнүм баары бир Кудайга жетет. Сага да жетет, жетет да мен үчүн өч алат. Мени көз-көрүнөө кордогонуң үчүн, менин коколой башым менен жалгыз калтырганың үчүн, баласыздыгым үчүн. Кеч болсо да Кудайдан тилеп алган баламды боюман алдыртып, өлтүргөнүң үчүн сөзсүз өч алат”.

Көкө теңирдин каргышы тийдиби, же Мариянын зарлаган үнү Кудайга жеттиби, айтор, тез эле Онассистин жалгыз уулу автокаргашадан мерт болду. Кийинчерээк орус жигитке чыккан жалгыз кызы баңгизаттан каза тапты.
Улуу ырчынын убалына көз-көрүнөө калган Аристотел Онассис бир жылдан кийин, башкача айтканда, 1975-жылы капилет оорудан каза болот. Андан эки жылдан кийин Мария Калласты Париждеги чоң квартирасынан каза болгон жеринен табышат...

Ошондон кийин дүйнө кайрадан ырчынын аткарган ырларын, опералык арияларын угуп, Мария Каллас деген ысым жөн эле ысым эмес, оомолуу-төкмөлүү ХХ жүз жылдыктын символдорунун, легендаларынын бирине айланат.
Албетте андан кийин да нечен мыкты ырчылар чыкты, бирок Каллас сыяктуу кайталангыс ырчы, кайталангыс тагдыр, аныкындай керемет үн дагы бир жолу жаралышына ишенүү чындыгында да кыйын...
XS
SM
MD
LG