Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:20

Меркел: качкындар Германияны өзгөртөт


Германияга жөнөп жатканына сүйүнүп турган мигранттар. Австрия, Вена, 5-сентябрь,
Германияга жөнөп жатканына сүйүнүп турган мигранттар. Австрия, Вена, 5-сентябрь,

Германияга ушул дем алыш күндөрү эле 20 миңге жакын качкын келди. Ошол эле кезде Перс булуңундагы байгер араб мамлекеттери качкындар боюнча үн катпаганын социалдык тармактарда сындашууда.

Дем алыш күндөрү Германияга келген мигранттардын баары Балкан өлкөлөрү аркылуу Сирия, Ирак жана Ооганстандагы жаңжалдан улам жер которгондор.

Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн Берлиндеги маалымат жыйынында качкындарды жылуу тосуп алганы үчүн өз элине ыраазычылык билдирди.

- Мен бул өзгөчө кырдаалда жардам бергендердин баарына - федералдык мекемелерге, мамлекеттик органдарга, ыктыярчыларга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, немис темир жол жана аскер кызматкерлерине, ошону менен бирге качкындарды жылуу тосуп алган көптөгөн жарандарга ыраазычылыгымды билдирем. Муну менен биз өзүбүз сыймыктана ала турган Германиянын үлгүсүн көрсөттүк.

Германияга келген мигранттар тамактанып жатат. Мюнхен, 7-сентябрь, 2015-жыл
Германияга келген мигранттар тамактанып жатат. Мюнхен, 7-сентябрь, 2015-жыл

Ошол эле кезде Меркел Евробиримдиктин башка өлкөлөрүн качкындарды бөлүшүп кабыл алууга дагы бир жолу чакырды. Анын айтымында, Берлин жер которгондорго качкын макамын берүүнү жана үй-жай шарттарын түзүүнү тездетүү аркылуу жардам берүүгө даяр. Бирок ал Германия жалгыз өзү качкындар агымы менен күрөшө албасын да белгилеп өттү.

- Биз бул маселеге Евробиримдик менен чогуу көбүрөөк күч жумшашыбыз керек. Биргелешкен европа тилектештиги гана бул жүктү оңой көтөрүүгө жардам берет.

Ангела Меркел мигранттар агымы Германияны алдыдагы жылдары өзгөртүшү да мүмкүн экенин да эскертти. Ал Германиядагы бул өзгөрүүлөр оң багытта болушун каалайт жана буга жетише алабыз деп ишенет.

Германия быйыл 800 миң качкынды кабыл алууну пландоодо. Меркел жетектеген башкаруучу коалиция качкындарга жардам берүү үчүн 6 миллиард евро бөлгөнү белгилүү болду. Бирок Германиянын өзүндө да, Евробиримдикте да Берлиндин качкындар боюнча саясатын сындагандар бар.

Европанын башка мамлекеттери эмне дейт?

Бул аралыкта француз президенти Франсуа Олланддын билдиргенине караганда, Еврокомиссия азыр биримдик өлкөлөрү 120 миң качкынды милдеттүү түрдө бөлүп алуусу боюнча сунуштарды даярдап жатат. Ага ылайык, Франциянын үлүшүнө 24 миң качкын тиет.

Венгриядан келген мигранттар Австрия борбору Венанын темир жол бекетинде. 6-сентябрь, 2015-жыл
Венгриядан келген мигранттар Австрия борбору Венанын темир жол бекетинде. 6-сентябрь, 2015-жыл

Сирия, Ирак жана Ооганстандан жер которгон качкындар Балкан өлкөлөрү аркылуу биринчи Евробиримдикке мүчө өлкө - Венгрияга келишет. Биримдиктин эрежесине ылайык, качкын макамын сураган киши биринчи келип түшкөн өлкөсүнө кайрылышы керек. Ушуну негиз келтирген Будапешт бийликтери өткөн жумада миңдеген мигранттарды Австрияга өткөрбөй турушкан. Анын арты Венгрияда чыңалууну жаратып, мигранттар менен полиция кагылышкан учурлар да катталган. Бирок ишембиде венгер бийликтери качкындардын Австрия жана Германияга кетүүсүнө уруксат беришти.

Ага ылайык, жогоруда айтылгандай, ушул дем алыш күндөрү жеңилдетилген эрежелерден улам 20 миңдей мигрант Австрия чек арасын кесип, Германияны көздөй өтө алды.

Бирок Австриянын федералдык канцлери Вернер Файмен билдиргендей, бул дайыма ушундай болот дегенди билдирбейт. Канцлер Австрия миңдеген мигранттардын алардын аймагына кирип, Германияга өтүп кетүүгө мүмкүндүк берген чукул чараларынан акырындык менен баш тартып, чек арадагы иш эми кайра "мыйзамдуу жана нормалдуу" жолго түшүшү керектигине токтолду.

Евробиримдикке жете албай учурда Сербияда турган мигранттар. 7-сентябрь, 2015-жыл
Евробиримдикке жете албай учурда Сербияда турган мигранттар. 7-сентябрь, 2015-жыл

Мигранттар негизинен Австрия, Германия жана башка бакубат Батыш Европа мамлекеттерине барууга умтулушат. Буга байланыштуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан сириялыктарды качкындар эмес, иммигранттар деп атады. Би-би-синин жазышынча, Орбан венгер дипломаттары менен жолугушкан кезде “эгер алар Венгриядан андан ары кетүүнү кааласа, анда алардын каалаганы коопсуз жай эмес, башка. Атап айтканда, алардын каалаганы - Германия жана “немис турмушу” деп билдирген.

Венгер премьер-министри Виктор Орбан кошумчалагандай, анын өлкөсү мусулман мигранттарды кабыл алгысы келбейт. Ал Европа христиандык иденттүүлүгүн жоготот деп да эскертти.

Рим Папасы Францисктин чакырыгы

Ал арада Рим папасы Франциск ар бир диний жамаатты жана чиркөөнү бирден качкындардын үй-бүлөсүн кабыл алууга чакырды. Ал муну 6-сентябрдагы сыйынуу учурунда айтты:

- Ар бир ибаадаткана, ар бир диний жамаат, ар бир чиркөө жана ар бир түнөк качкындардын үй-бүлөсүн кабыл алышы керек.

Австралиянын премьер-министри Тони Эббот да 6-сентябрда аны өлкөсү сириялык качкындарды мурдагыдан да көбүрөөк кабыл алууга даяр экенин жарыялады. 2014-жылдын июлунан 2015-жылдын июнь айына чейин Австралия дүйнө жүзү боюнча 13750 качкынды кабыл алса, анын ичинен 4400 Сириядан келгендер.

- Мен бул жаатта көп иш кылып жатканыбызды белгилеп кетким келет. Былтыркы жылы биз бул жаңжалдуу аймактан - Сирия менен Ирактан 4500 качкынды кабыл алганбыз. Мындан тышкары, Сирия кризисин чечүүгө 2011-жылдан бери 155 миллион доллар жумшадык, - деди Австралиянын премьер-министри Тони Эббот. ​

Ал эми ушу тапта Түркияда да эки миңдей сириялык качкын баш калкалап жүрөт. Ирандын президенти Хасан Роухани да Тегеранда Венгриянын жаңы элчиси менен жолугуп жатып, Иран кошуна өлкөлөрдөгү качкындар үчүн баш калкалоочу жай болуп келе жатканын билдирген.

Түркиядан Греция барабыз деп жолго чыккан Айлан (сол жакта), агасы (оңдо) Галип жана алардын апасынын сөөгү Бодрум шаарындагы суу жээкте 2-сентябрда таңда табылган.
Түркиядан Греция барабыз деп жолго чыккан Айлан (сол жакта), агасы (оңдо) Галип жана алардын апасынын сөөгү Бодрум шаарындагы суу жээкте 2-сентябрда таңда табылган.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери эле Европага жетүүгө аракет кылган 2500 адам деңизге чөгүп өлдү. Өткөн жылы да 3279 мигрант чөгүп каза тапканы айтылган.

Ал эми БУУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Евробиримдикке 300 миң качкын келди.

Өткөн айда эле согуш жүрүп жаткан Ооганстан, Ирак, Сирия жана Түндүк Африкадан келген качкындардын саны 107 миң адамды түздү. Ал ортодо Балкан өлкөлөрү аркылуу – Грекия, Македония жана Сербияны кесип өтүп, Европаны көздөй жолго чыккан мигранттардын аягы суюлчудай эмес.

Байгер араб мамлекеттери неге үн катпайт?

Ошол эле кезде Перс булуңундагы байгер араб мамлекеттери эмне үчүн өз мекенинен жортуп жөнөгөн мусулман качкындарга кол сунбайт деп суроо койгондор чыгууда. Анткени буга чейинки маалыматтар сириялык качкындардын баары Перс булуңундагы байгер араб мамлекеттерине эмес, батышка жөнөп жатканын көрсөтүүдө. Ушуну байкаган интернеттеги социалдык тармактардын бир катар араб колдонуучулары ЭМНЕ ҮЧҮН деген суроону көтөрүшүүдө.

Алар Германия сыяктуу Европа өлкөлөрү миңдеген качкындарды кабыл алып жаткан чакта эмне үчүн Перс булуңундагы араб мамлекеттери үн катпай турушат деген маселе боюнча ойлорун билдиришкен.

Анда жарыяланган пикирлердин биринде деңизге чөгүп өлгөн адамдын сүрөтү коюлуп, анын алдында "Батышка караганда биз жакын турган чакта алар Кудайдын жерин кезип тентип жүргөнү, качып баратып деңизге чөгүп кеткени жеткен шермендечилик" деген комментарий калтырылган.

XS
SM
MD
LG