Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Араб дүйнөсү акчасын качкындардан аяды


Алепполук качкын Грециянын чегинде бир айлык кызы менен турат.
Алепполук качкын Грециянын чегинде бир айлык кызы менен турат.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (31-август, 6-сентябрь).

The Washington Post гезитинин аналитиги Ишан Зарур араб өлкөлөрүн сындаган макала жазды. "Дүйнө жүзү үч жашар сириялык баланын өлүмүнөн кийин качкындар көйгөйүн катуу талкууга алып чыкканы менен араб дүйнөсү бул багытта бир да кадам жасаган жок", - дейт Зарур.

Зарур Human Rights Watch уюмунун Башкы директору Кеннет Роздун Твиттер барагына "Батыштын айрым мамлекет башчылары сириялык 4 миллионго чукул качкындын тагдырын чечүүнү демилгелеп, аларга баш калка издөө менен алек. Бирок Перс булуңундагы эң бай Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Оман жана Бахрейн сириялык качкындарга кол созгон жок" деп жазганын мисал келтирди.

“Араб мамлекеттеринин байлыгы эбегейсиз. Маселен Дубай, Абу Даби жана Эр-Рияд сыяктуу шаарларда асман тиреген имараттар укмуштуудай тездик менен курулууда. Бул өлкөнүн бийлиги сириялык качкындар үчүн деле араб чөлүнүн бир бурчуна ушундай үйлөрдү тез эле салып бермек. Жыл сайын Мекеге туризмден жана кудай жолуна таштаган садака акчадан миллиарддаган киреше түшөт. Эмнеге кудай жолуна таштаган акчаны арабдар качкындар үчүн жумшабайт?”, – деп жазат Ишан Зарур.

Айрым лидерлер өз үйүн качкындарга беришет

Ал арада Европа Биримдигинин лидерлери миллиондогон сириялык качкындарды кайда батырарын билбей башы катып жатса, Финляндиянын премьер-министри Юха Сипила өз үйүн качкындарга берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Independent гезити жазып чыкты. Түндүк Финляндиянын Кемпеле аймагындагы үйүндө азыр эч ким жашабай турганын, качкындар жаңы жылдан тарта ал жакты башпаанек кыла алышарын расмий билдирди. Финляндия узаган аптада 30 миң качкынды кабыл аларын жар салган эле. Венгриянын мурдагы премьер-министри Ференц Дюрчан да качкындар үчүн өз үйүнүн эшиги ачык экенин кабарлаган.

Леонард Хоменюк Кыргызстанга келгенден коркот

"Centerra Cold компаниясынын мурдагы директору Леонард Хоменюк Болгарияда үй камагында жатат. Ал Болгариянын бийлиги аны Кыргызстанга экстрадициялап жибереби" деп коркуп жатканын билдирүүдө деп жазат The Wall Street Journal басылмасы. Хоменюк Кыргызстандын талабы менен Болгарияда камакка алынган. 68 жаштагы Канада менен АКШнын жараны, "Кумтөр” компаниясын бир нече жыл башкарып турган Хоменюк: “Менин ишим эл аралык деңгээлде көтөрүлүшүн каалайт элем. Болгария менин күнөөсүз экенимди түшүнүп, Кыргызстан адам укугуна каршы иш алып барган өлкө экенин билип, тез арада боштондукка чыгарат деп үмүттөнөм. Азыр үй камагындамын. Бирок түрмөдө 14 күн жаттым. Аябай азап тарттым”, - деген телефон аркылуу The Wall Street Journalга берген маегинде.

Кичинекей ханбийке казынага 5 млрд. доллар пайда келтирди

"Мындан төрт ай мурда төрөлгөн Британиянын ханзаадасынын кызы Шарлоттанын өлкө экономикасына алып келген пайдасы 5 миллиард долларга чыкты" деп кабарлайт CNNдин Money тиркемеси. Мода дүйнөсүнө Шарлотта бороону уруп, ханбийкенин кийимдери укмуштуудай тездик менен сатылууда. Brand Finance изилдөө тобунун маалымдоосу боюнча, Шарлотта төрөлөрү менен соодада 150 миллион доллардык жылыш байкалган. Анын 100 доллардык токулган төшөгүнө окшош жалаяктар, коляскалардын сатылышы абдан жогорулаган. Жалпысынан Ханыша Елизаветанын үй-бүлөсүнөн британ экономикасы 87 миллиард доллар киреше табат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG