Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Эрдоган бийликтеги 20 жылдан кийин оппозицияга уттурабы?


Түркиядагы президенттик шайлоого бир аптага жетпеген убакыт калды. Өлкөнү 20 жылдан бери башкарган (анын тогуз жылы президенттик кызматта) Режеп Тайып Эрдоган бийликте калабы же жокпу - 14-майда белгилүү болот.

Башкаруучу партиянын жана анын лидеринин позициясы экономикалык абал,инфляция жана зилзаладан улам кыйла бошоңдоду.

Бир нече күн мурун Түркиянын жашоочулары "келерки айда жылуулук үчүн төлөнбөйт" деген SMS билдирүү алышкан. Мунун менен башкаруучу АК партиясы (Adalet ve Kalkınma Partisi) шайлоо алдында жарандардын колдоосуна ээ болууга аракет кылып жатат деген божомолдор айтылып, социалдык тармактардын көпчүлүк колдонуучулары комментарийлеринде май айы ортолоп баратса, Түркияда жылуулук канчалык зарыл деп жазышты.

14-майдагы шайлоо - Режеп Тайып Эрдоганга элдин колдоосу канчалык экенин ачыкка чыгарат. Ал өткөн шайлоодо 52,5% добуш алган. Соңку сурамжылоолор бири-биринен кескин айырмаланат.

Түркиядагы эң ири интернет басылмалардын бири Hurriyet (башында оппозициялык гезит деп эсептелчү, акыркы жылдары АК партиянын тарапкерлеринин көзөмөлүнө өткөн) маалыматында, 2-майга карата сурамжылоодо талапкерлердин бири дагы жеңиш үчүн зарыл болгон 50% ашык добуш албаганы көрсөтүлөт. Албетте, бул сурамжылоодо Эрдогандын мүмкүнчүлүгү кыйла жогору – 48,6%. Оппозициянын негизги талапкери, Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери Кемал Кылычдароглу - 44,1%, ал эми Мухаррем Инже (Мамлекет" партиясынын лидери) - 4,3%, төртүнчү талапкер Синан Оган 3% ээ болгон.

Көз карандысыз SER-AR (саясий изилдөөлөргө басым жасаган компания) 3-майда жүргүзгөн башка сурамжылоолор оппозиция популярдуу экенин көрсөттү: Кылычдароглу - 52,7%, Эрдоган - 44,3%, Инже - 1,4%, Оган - 1,6%.

MAK Danışmanlık аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси Мехмет Али Кулат соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 50,9% Кылычдароглуна, ал эми 45,4% шайлоочу Эрдоганга добуш берүүгө камынып турганын Твиттерге жазды.

Ал эми жергиликтүү PİAR ARAŞTIRMA изилдөө борборунун 29-апрелде жарыялаган акыркы сурамжылоосуна ылайык, 14-майдагы шайлоонун жыйынтыгы экинчи айлампада чечилиши мүмкүн. Анда Кылычдароглу 49.4%, Эрдоган 47,1% добуш алары божомолдонот.

Зилзаладан кийинки шайлоо

Башкаруучу партиянын жана анын лидеринин шайлоо алдындагы позициясы бир эле учурда эки фактордон улам катуу солкулдай түштү. Биринчиси, Түркиянын түштүгүндөгү миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери. 6-февралдагы кырсыкта 11 провинция жапа чеккен. Акыркы маалыматтар боюнча 50 миңден ашык адам каза таап, 15,7 миллион киши жабыркады. Алардын айрымдары кырсык болгон аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, туугандарынын үйлөрүндө башкалкалап жатат.

Жер титирөөдөн кийин бийликке куткаруу жана кандуу кырсыктын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө чабалдык кылды деген ачуу сындар, айыптоолор айтылды. Ошол маалда куткаруу иштери айрым аймактарда үч күнгө чейин кечигип, кишилер уранды алдында сааттап жатып калганын айтып чыгышкан. Ушундан кийин бийлик Твиттерди бөгөттөп салды. Анткени интернет колдонуучулардын көбү кырсык болгон аймактан видеолорду, жардам сураган кишилердин билдирүүлөрүн жарыялап жатышкан эле. Көп өтпөй Эрдоган кайрылуу жасап, куткаруу операциясы алар каалагандай жүрбөгөнүн билдирген.

17-мартта Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялаган.

Эрдоган 7-майда элге кайрылуусунда, "жер титирөө болгон аймактагы таштандыларды үч айдын ичинде тазаладык, жаңы үйлөрдү кура баштадык" деди.

Баалар өстү, пияз 600% кымбаттады

Шайлоочулардын маанайына таасир эткен экинчи жагдай - өлкөнүн экономикалык абалы. Түркиянын статистика институтунун расмий маалыматында, бир жыл ичинде баалар эки эсе өстү - 105%. Бирок түркиялыктар чыныгы абал мындан да начар деп айтууда.

Жазында пияздын баасы кескин кымбаттап кеткени нааразылыктарды жаратканы бар. Анысыз түрк ашканасын элестетүү кыйын. Айталы, жылына болжолу бир кишиге 21 килограмм пияз керектелерин Айыл чарба палатасынын бирикмеси эсептеп чыккан. Анда жыл ичинде пияздын баасы 600% чейин өскөнү айтылган. Азык-түлүк баасына катар эле турак жай, батир ижарасы дагы кескин өстү.

Өлкөдө улуттук валюта - лиранын куну түшүп, жыл башынан бери азык-түлүк, алкоголдук ичимдиктер жана коомдук транспорттун баасы кымбаттады.

Түрк экономикасынын мындай абалы, орто чарба кишинин чөнтөгүнө чак келбеген баалар үчүн оппозиция жана анын тарапташтары башкаруучу партияны, Эрдоганды айыптап келет.

Эрдоган жекшембиде эки миллионго чукул киши катышкан митингде сөз сүйлөп, тарапташтарынан колдоо сурады.

7-майда Стамбулда 1,7 миллион адам президенттикке талапкер Режеп Тайып Эрдоганды колдогон митингге катышты. Анда Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партиянын жетишкендиктерин тизмектеди. Ал өлкөдөгү экономикалык кризисти моюнга алып, шайлоодо жеңсе, көйгөйлөрдүн баары чечилет деп сөз берди.

Режеп Тайып Эрдогандын тарапташтары, Анкара. 30-апрель, 2023-жыл.
Режеп Тайып Эрдогандын тарапташтары, Анкара. 30-апрель, 2023-жыл.

"Акыркы мезгилде биринин артынан экинчиси чыгып жаткан глобалдык таңкыстыктардын кесепеттерин биз билебиз. Жер титирөөдөн кийинки айрым кыйынчылыктарды да билебиз. Кымбатчылыкты көрүп турабыз. Биз бул маселелерди кылдаттык менен байкап жатабыз. Убакыттын өтүшү менен бул нерселер кандай болорун көрөбүз. Буга чейин көйгөйлөрдү кандай чечип келсек, аларды да чечебиз. 21 жыл кызмат көрсөтүү саясатын гана жүргүздүк. Мындан кийин да ушундай жол менен улантабыз", - деди Эрдоган.

Ал эми оппозициялык алянс шайлоодо жеңип чыкса, өлкөнү экономикалык таңкыстыктан чыгарууну жана адилеттүүлүк орнотууну убада кылууда.

Бир күн мурун оппозициялык блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу да тарапташтарын Стамбулда чогултуп, митинг өткөрдү. Анда оппозициячыл лидер чырмалышкан коррупцияга басым жасап, "чет өлкөгө чыгарылып кеткен акчаларды бир тыйынына чейин кайтарам" деп айтты.

Кемал Кылычдароглуну колдоо митинги, Измир. 30-апрель, 2023-жыл.
Кемал Кылычдароглуну колдоо митинги, Измир. 30-апрель, 2023-жыл.

"Мен беш кишиден турган кылмыштуу топ чет өлкөгө алып кеткен акчаны кайсыл өлкөгө катканын билем. Алар акчасын Лондондо кайсыл банкка салганын да билем. Бул акчанын акыркы тыйынына чейин алып келип, элге берем. 418 миллиард долларды чыгарып кетишкен. Буга чейин бир транзакциядан 1 миллиард доллар кантип алынганын гана айтышты. Мен алардын баарын бир тыйынына чейин алып келип берем", - деди Кылычдароглу.

Буга чейин негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиянын (CHP) депутаттары "418 миллиард доллар бийликке жакын курулуш компаниялары аркылуу тымызын чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин, буга аткаминерлер да аралашкан коррупциялык схема себеп болгонун" айтышкан.

Имамоглуга ыргытылган таш

Ал тапта шайлоого бир апта калганда саясий абал чыңалууда. Буга чейин Режеп Тайып Эрдогандын саясий атаандашы делген Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуга өлкөнүн Эрзурум аймагында белгисиз кишилер таш ыргытышты. Кийин ал жерде жети киши жараат алганы кабарланды.

Имамоглу коопсуздук күчтөрү жардам бербегенин, аларга "жогорудан буйрук келгенин" айтты. Ал Твиттерден түрк бийлигине кайрылып: "Силер туура эмес жолдо жүрөсүңөр, улутка зыян келтирип жатасыңар",- деп эскертти.

Көп өтпөй Имамоглунун миңдеген тарапташтары ал учуп келген Стамбулдагы аэрпортко агылып, ""кук, мыйзам, адилеттүүлүк"" деп кыйкырып турушту.

14-майда Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Ал эми алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөткөн.

Кемал Кылычдароглу.
Кемал Кылычдароглу.

85 миллион калкы бар Түркиянын түштүк чыгышындагы аймактарда 12-15 миллион күрт отурукташканы айтылып келет. Соңку шайлоодо 11% добуш менен парламентке кирген күрттөрдүн ири партиясы – “Элдик демократиялык партиянын” төрагасы, камактагы Селахаттин Демирташ Кылычдароглунун талапкерлигин колдой турганын билдирген.

Анкара бул саясий топтун “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” (ПКК) менен байланышы бар деп эсептейт. Сөз болуп жаткан партияга Түркияда "террорчул" деген негизде тыюу салынгандыктан, күрт шайлоочулар менен жолуккан оппозициячыл лидерлер бутага алынып келет.

Эрдоган тышкы саясатта таасирдүү

Сурамжылоолор Кылычдароглунун рейтинги өсүп жатканын көрсөткөнү менен тышкы саясатта Эрдоган өз ордун бекемдей баштады. Ал соңку жылдары эл аралык саясаттагы активдүү ролу менен өзгөчөлөнүүдө.

Талдоочулар 2016-2020-жылдар аралыгында АКШ, Орусия жана айрым аймактык державалар менен чыңалган кырдаалды Эрдоган акыркы эки жылда турукташтырууга жетишкенин баса белгилеп келишет.

Алсак, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия жана Израилден кийин эле Египет менен да "жылуу ымалалалар" башталганын айтсак болот.

Украинада согуш башталгандан бери Түркия бейтарап позицияны карманып келет. Буга чейин бир канча жолу Орусия менен Украинанын аскердик өкүлдөрү Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп, согуштук кырдаалда туңгуюкка кептелип калган дан экспортун жөнгө салуу маселесин сүйлөшкөн.

Былтыр жайында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана башка дан азыктары тонналап кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

Ал эми жергиликтүү серепчилер Эрдогандын оппоненти Кылычдароглу дал ушул тышкы саясат, коопсуздук жана коргонуу жаатында "алсыз" экенин айтып келишет. Кылычдароглу башында турган Республикалык элдик партия өзүнүн программасында Сирия менен сүйлөшүү жана Жакынкы Чыгыш уюмун түзүүдөн башка олуттуу сунуш айта элек.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, 27-апрелден баштап 73 өлкөдө элчилик, консулдуктардын имараттарында жана айрым чек ара бекеттеринде, аэрпорттордо шайлоо тилкелери ачылган. 8-майда бул тилкелерде бир жарым миллиондой шайлоочу добуш бергени кабарланды.

Кыргызстанда жашаган түркиялыктар да 5-6-7-май күндөрү шайлоого добуш беришти. "ТРТ Аваз" телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG