Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

"Зилзалада үч чүрпөбүздөн айрылдык". 13 күндөн кийин куткарылган жубайлар


Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында. Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында. Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген кыргызстандык куткаруучулар мекенине кайтып келишти. Алар уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 100дөн ашуун сөөктү алып чыгышкан.

Кыргыздар куткарган Самир Мухамед

18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында уранды алдында калган үч кишини аман-эсен алып чыгышты.

"Күрөк, шаймандар менен казып, биринчи эркек кишини көрдүк. Аны менен сүйлөшүп, жанында канча киши бар экенин сурадык. Андан кийин аларды куткаруу аракетин көрө баштадык", - дейт куткаруу кызматынын башчысынын орун басары Эрлан Мусуралиев.

Зилзадан 13 күндөн кийин тирүү чыккан үч киши - Антакия шаарында жашаган 49 жаштагы теги сириялык Самир Муахамед Ажжар, аялы Рагда жана 12 жаштагы уулу экени аныкталган. Бирок куткарылган бала ооруканага жетпей каза болгону, бул үй-бүлөнүн дагы эки чүрпөсүнүн сөөгү урандылардын астынан чыгарылганы маалым болду.

Кыргызстандык куткаруучу топтун бул эмгеги түрк маалымат каражаттарында "керемет окуя" катары сыпатталып, телеканалдардан түз көрсөтүлдү.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин Твиттер баракчасындагы маалыматта кыргызстандык куткаруучулар тирүү алып чыккан үй-бүлөдөн кийин аймакта аман чыккандар катталбаганы жазылган.

АКШда жашаган түрк тектүү кардиохирург Мехмет Өз, жекшембиде куткарылган Ажжардын абалын сурап, ооруканага барганда ал чүрпөлөрүн жана каргашалуу күндү минтип эскерген.

"Аялым менин жанымда болчу. Үч балам өздөрүнүн бөлмөсүндө уктап атышкан. Жер титирегенден кийин алардын үнү чыгып жаткан, кийин добуштары угулган жок. Кыздарымдын биринин буту ооручу. Ошол кызым башта сүйлөп аткан, кийин тымтырс болуп калды. Кичинекей кызым ошол түнү жатарда "мөмө-жемиш алып бер" деди эле. Аны жей албай кетти", - деди каңырыгы түтөгөн Самир Муахмед Ажжар.

Мерт кеткендердин арасында сириялык качкындар да бар

6-февралда катуу зилзала Түркиянын Сирия менен чектеш провинцияларында катталган. Кырсыктын очогу Кахраманмараш аймагында делгени менен Хатай провинциясындагы турак жайлар жер менен жексен болгон.

Учурда Түркияда кошуна өлкөдөгү жарандык согуштан качкан 3 жарым миллиондон ашык киши баш калкалайт. Алардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул жер титирөө болгон 11 аймакты байырлап жаткан.

Расмий Анкара мерт кеткендердин арасында канча сириялык качкын болгонун так ачыктай элек. Бирок Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча сириялык борбор (SOHR) 18-февралда 1702 сириялык качкындын сөөгү Түркиядан мекенине жеткирилгенин кабарлады.

17-февралда Сириядагы адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзгөн борбор (SNHR) катуу жер титирөөдөн 6319 сириялык каза болгонун, Түркиядан Сирияга 3841 кишинин сөөгү барганын билдирди.

Түркияда зилзалада мерт болгон, жакындары табылбаган жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөр 24 сааттын ичинде жерге берилерин 8-февралда өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) кабарлаган.

Кыргызстан Түркиядагы куткаруу миссиясын аяктады

19-февралда Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер зилзала катталган эки аймактан башка тогуз провинцияда издөө, куткаруу иштери аяктаганын кабарлады.

Кыргызстандык куткаруучулар мекенине кайтаарын 20-февралда элчи Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, алар жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 100дөн ашуун адамдын сөөгүн алып чыгышты.

“Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кахраманмараш шаарында ачкан мобилдик госпитал түрк тарапка пайдаланууга өткөрүлүп берилди. Бүгүн Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгынын (AFAD) борбордук кеңсеси менен биргеликте кыргыз куткаруучуларынын миссиясын жыйынтыктоо жана мекенине жөнөтүү маселеси чечилгени жатат”, - деди ал.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясына Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктагандан кийин, 16-февралда барган.

Жалпысынан Кыргызстандан Түркияга 187 адам барган, алардын 171и ӨКМдин куткаруучулары, алтоо Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу, бешөө жабыркагандарга боз үй тигүү үчүн, калгандары уюштуруу иштерине жардам берүү максатында жиберилген.

18-февралда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жер титирөө болгон 11 аймакта 830 миң 806 имарат жабыркап, анын 105 миңи кыйрап калганын билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, зилзаладан каза болгондордун саны 41 156 кишиге жетти. 100 миңден ашык киши жараат алды.

20-февралдын кечинде Түркия менен Сириянын чек ара аймагында кайрадан эки жолу жер титиреп, кеминде алты киши набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.

Күчү 6,4 жана 5,8 баллга жеткен зилзаланын очогу бул ирет да Хатай чөлкөмүндө болгон. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, февралдын башындагы катуу жер титирөөдөн бүтүн калган ооруканалардагы бейтаптарды эвакуациялоого туура келди. Хатай провинциясынын жетекчиси урандылардын алдында адамдар калганын билдирди.

Кошуна Сирияда да каза тапкандар бар деген маалыматтар айтылууда. Бирок курмандыктардын так саны белгисиз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG