Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

"Анализдин баасын көтөрүп алган". 423 млн сомдук айып, "Интелмеддин" жообу


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Монополияга каршы кызмат "Интелмед" жоопкерчилиги чектелген коомуна (Бонецкий лабораториясы" 423 млн сом айып салды. Буга лаборатория COVID-19 пандемиясында ПЧР-анализдин баасын көтөргөнү негиз болгону айтылды. Лаборатория аталган мекемени мыйзам бузууга айыптап, сотко арызданарын билдирди.

Медицина тармагындагы айрым эксперттер аталган изилдөө борбору пандемия маалында монополистке айланып, анализдердин баасын өз ыңгайына жараша тескеген деп жатат. Алар ошондой эле маселеге Министрлер кабинети көңүл буруусу кажет деп эсептейт.

Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин орун басары Жээналы Орозбаев Бонецкий лабораториясына же "Интелмед" компаниясына салынган 423 миллион сом айып пул боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берип, аталган компания "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамды бузган деп табылганын айтууда.

Жээналы Орозбаев
Жээналы Орозбаев

“"Интелмед" жоопкерчилиги чектелген коому "Атаандаштык жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн "үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект" катары биздин реестрде турат. Компания 2021 жана 2022-жылдары мыйзамга туура келбеген өтө чоң пайда тапкан, тагыраагы, ПЧР-анализдер үчүн өтө жогорку баа коюп алган. Ошондуктан мекеме айып пулга жыгылды жана бул каражатты мамлекеттик бюджеттин эсебине кайрып бериши керек деген чечим чыгардык”.

Бонецкий лабораториясы бул чечимге байланыштуу дароо эле билдирүү таратып, Монополияга каршы кызматы тараткан маалыматты бурмаланган деп атады. Компания дайыма мыйзамды сактап, мамлекеттин өнүгүшүнө салымын кошуп келгенин, эми сот аркылуу кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин билдирди.

“2020-жылы пандемия башталганда, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, ага байланыштуу COVID-19 ПЧР-тесттери эл үчүн абадай керек болгонун эстен чыгарбоо керек. Ошол убакта биздин мамлекет жеке бизнеске COVID-19 ПЧР-тесттерин изилдеген кошумча лабораториялык кызматты тез арада уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өлкөнүн жетекчилигинин өтүнүчүнө биздин компания биринчилерден болуп реакция жасап, ошол учурдагы кыйынчылыктарга жана дүйнөдөгү көтөрүлгөн бааларга карабастан, өлкөгө жабдууларды, реагенттерди, беткаптарды жана башка керектүү материалдарды алып келген”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин билдирүүсүндө ошондой эле пандемия учурунда бир ПЧР-тесттин баасы 1 574 сом деп белгиленгенин, бардык жеке лабораториялардагы баалар Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен баа менен дээрлик бирдей болгону кошумчаланган.

"Тандалма мамиле болгон жок"

Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары Орозбаев Бонецкий лабораториясы айып пулга жыгылган жалгыз мекеме эмес деп билдирди. Маселен, бүгүнкү күнгө чейин ушул өңдүү 10 лабораториянын жүргүзгөн иши иликтенген. Алар боюнча да жыйынтык жакынкы күндөрү жарыяланары айтылды.

Монополияга каршы күрөшүү кызматы маалымдагандай, COVID-19 пандемиясы учурунда бул ооруну аныктоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн баасы 1574 сом деп бекитилген. Бул сумманы Саламаттык сактоо министрлиги коюп, аталган кызмат менен макулдашкан. Ал эми мамлекеттин карамагындагы лабораторияларда ПЧР-тесттер 750 сом болгон.


"Азыр бул жоопкерчилиги чектелген коому Баш мыйзамдын 57-беренесине ылайык, текшерүү туура эмес деп жатат. Бирок бул беренеде бир гана жарандардын жана алардын укугу жөнүндө жазылган. Ал эми лаборатория чарбакер субъект катары эсептелгендиктен, аларга бул берененин тиешеси жок. Экинчиден, алар бизди президент Жапаровдун жыл аягына чейин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө жарлыгын одоно бузууда деп жатат. Биз текшерген жокпуз, эч кандай мыйзам бузулган жок. Себеби, биздин иликтөөбүз мекеме өзү берген маалыматтарга таянып жазылды. Алардын каржылык иштер боюнча жыл жыйынтыкталганда берилген отчеттору мамлекеттин менчиги болуп саналарын эске салгым келет".

"Бааны лаборатория эмес, базар аныктаган"

Бейтаптар биримдигинин жетекчиси Гүлмира Абдыразакова коронавирус пандемиясы маалында бааларды жеке компаниялар эмес, базар аныктаганын айтууда.

Гүлмира Абдыразакова
Гүлмира Абдыразакова

"Коронавирус болуп, эл кыйналып жаткан учурда анализ эмес, дары табуу кыйынга турган. Мындай абал бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө болгонун биз көрүп турдук. Ошол учурда Бонецкий лабораториясы биринчилерден болуп мамлекет менен сүйлөшүп, ПЧР-анализдерин жасоого макулдугун берген. Алар ошол кезде тартыш болуп турган реагенттерди алып келди, тийиштүү жабдыктарын алды. Андан кийин мындай анализдин баасын 30% түшүрдү. Ошондуктан "Бонецкий монополист болду, бааларды ашыкча көтөрүп жиберди" деп айта албайбыз. Алар базар экономикасы коюп берген бааларга жараша иштеди. Анын үстүнө ошол жылдары Бейтаптар биримдигине келип, кайрылуу жазып нааразы болгондор катталган эмес. Жарандарда ар дайым тандоо бар, биз аны унутпашыбыз керек. Ошол эле мамлекеттик лабораторияларда да анализдер жасалып жатты. Бонецкий лабораториясын айыптоого болбойт. Алар өздөрү каалаган бааны коюп ПЧР-тест жүргүзгөн эмес".

Коронавирус пандемиясынан улам ПЧР-тесттерди жасоо уруксаты Бонецкий лабораториясына биринчилерден болуп берилген. Ошондой эле аккредитациядан "Аква", "Гемотест" жана "Интермедикал" өткөн. Бирок тесттер Бонецкий жана "Аква" лабораторияларында гана жүргүзүлгөн, анткени аларда гана жүргүзүлгөн ПЧР-тестинин аныктыгын тастыктоочу коддоо системасы болгон. Сертификатта QR-коддун болушу милдеттүү талап болуп саналчу.

ПЧР ыкмасын колдонуу менен изилдөө жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эрежелерине ылайык келет деп дагы эки мамлекеттик лаборатория аныктаган, алар аккредитациядан өтүп, таанылган. Бирок алардагы QR-коддун жоктугунан иштешкен эмес.

ПЧР-тест үчүн берилген акча

Коронавирус пандемиясынан улам ПЧР-тесттин жыйынтыгы эл аралык каттоо учурунда негизги талаптардын бири болгон. Дээрлик бардык өлкөлөр сырттан келип жаткандардан тесттин жыйынтыгын талап кылып турган. Мындан улам анализ тапшырбай туруп, анын жыйынтыгын сатып алгандар да болгону айтылган. Мирбек аттуу жигит бир нече жолу тестти ушундай жол менен сатып алганын айтып берди:

"Мен сырттан асыл тукум мал алып келип иштейм. Ошол жылдары ай сайын Орусия жана башка айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөргө учуп жаттым. Ар жолу эле тест тапшыра берүү мага кереги жок болчу, себеби ал убакытты алат. Ошондуктан ошол эле жеке лабораториялардын биринен таанышым аркылуу "коронавирус аныкталган жок" деген тесттин жыйынтыгын сатып алып жаттым. Эгер бүгүн керек болсо, төрт миң сом, 2-3 күндө керек десем, 2,5 миң сом төлөп жаттым. Кыргызстанга келген туристтер да тест тапшырбай эле, кетип атканда кагазды сатып алып жатышты. Мындай мисалдар өтө көп. ПЧР-тестти бизнеске айлантып, кирешесин адаттагыдан 3-4 эсеге көбөйтүп алгандар ошол кезде тыкыр көзөмөлдөнүшү керек эле".

Бонецкий лабораториясы тараткан маалыматтарда мамлекеттик эсебине деп төгүлгөн салыктар жана социалдык төлөмдөр тууралуу жазылган.

Алсак, 2020-жылы – 86 850 246 сом, 2021-жылы – 251 019 706 сом, 2022-жылы - 190 478 804 сом, 2023-жылы - 117 006 627 сом төгүлгөн.

Бизнеске айланган ПЧР-тест

Эксперт Бермет Барыкстабасова ПЧР-тесттер айрым атка минерлердин жеке бизнесине айланып, бир топ катардагы жарандарды чыгымга алып келген деп эсептейт.

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Коронавирус болгон адамда оору жок деп, соо адамда вирус бар деп жыйынтык чыгарган ПЧР-тест ошол кезде бир топ чуу жараткан. Өлкөгө кирип-чыккандар гана эмес, мамлекеттик кызматта иштегендер да сөзсүз түрдө тест тапшырууга милдеттендирилген. Ал эле эмес мамлекеттик да, жеке да лабораториялар каттоодон өткөнүнө карабай бир гана Бонецкий чыгарган тесттин жыйынтыгын тааныган учур болгон. Ошонун баары дыкат иликтенип, текшерилиши керек. Ошол учурда лаборатория өзү каалаган бааны коюп, өз кызматы үчүн ар кимден ар кандай суммадагы акчаны алып турган. Министрлердин өзүлөрүнүн лабораториялары иштеп турган мезгилде алар менен Саламаттык сактоо министрлиги кандай шартта макулдашканын эч ким билбейт. Бул маселе бир эмес бир канча жолу парламентте да көтөрүлүп, бирок Министрлер кабинети буга реакция кылган жок. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Чынында жеке тараптардын кызыкчылыгы болгондуктан бул мекеме монополист катары иштеди. Мыйзам чегиндеги текшерүүлөр бардыгын ачыкташы керек. Президенттин жыл аягына чейин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө жарлыгына таянып, текшербеши керек болчу дегени болбойт".

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 22-марттан тарта Кыргызстанда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кирип, 2022-жылдын 1-ноябрында алынган. Коронавирустун бар-жогун аныктаган ПЧР-тестти адегенде мамлекеттик медициналык мекемелер гана алып келген болсо, кийин алгач Бонецкий лабораториясына уруксат берилип, бара-бара анализ алууга укуктуу болгон жеке менчик лабораториялар көбөйгөн. Ошол маалда эле айрым эскперттер аталган компания монополист болуп калды деп кооптонуп, анализдерди тапшырууга каалаган баасын коюп алышы мүмкүн деп чочулашкан.

Бонецкий лабораториясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, компания Кыргызстанда соңку 30 жылдан бери иштейт, анын өлкө боюнча 91 филиалы бар. Мекеме 1200дөн ашык анализдин түрүн жасайт жана алардын саны жылына 1 млн 700 миңден ашат.

4-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир катар медициналык лабораториялар кызмат көрсөтүүдөгү бааларды төмөндөткөнүн билдирип, алардын тизмесин жарыялаган. Анда Бонецкий лабораториясы кызмат акысын 30% чейин төмөндөтүүгө макул болгону жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG