Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Борбор Азиянын түштүк дарбазасы согуш кучагында


Кундуз провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрү жанкечти өзүн жардыргандан кийин окуя болгон жерди текшерип жатышат. 27-октябрь, 2014-жыл
Кундуз провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрү жанкечти өзүн жардыргандан кийин окуя болгон жерди текшерип жатышат. 27-октябрь, 2014-жыл

Ооганстандын түндүгүндө өткөн жумадан бери катуу салгылашуулар болууда. Айыгышкан уруштарда 30дан ашык согушчан жок кылынганы маалымдалды.

Кундуз провинциясына Кабул жана Мазари Шарифтен кошумча күч жөнөтүлүп, 30дан ашык согушчан жок кылынганы, алардын ичинде төрт тажик жана эки чечен бар экени ырасмий маалымдалды.

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясы Тажикстан менен чектешет жана Борбор Азиянын түштүк дарбазасы саналат. Аймактын губернатору Умар Сафи “Азаттык” радиосуна 27-апрелде берген интервьюда бир миллиондой эл жашаган провинцияда жүрүп жаткан уруш жөнүндө мындай деди:

- Козголоңчулар жума күнү кечинде Кундуздун беш районунда аскердик жана полиция бекеттерине чабуул койду. Алардын максаты: биздин көңүлүбүздү Бадахшанда жүрүп жаткан салгылаштардан алаксытып, кээ бир жерлерди басып алуу эле. Чабуул катуу болду. Балх, Саманган, Баглан жана Тахар провинцияларында душман менен айыгышкан уруш жүрүүдө.

Кундуз провинциясы 2001-жылы АКШ башындагы күчтөр талиптерди бийликтен кулатканда согушчандардын акыркы жабыт жайы болгон.

Умар Сафинин басма сөз өкүлүнүн билдиришинче, үч күндөн берки согушта сегиз аскер катардан чыгып, ондогон талиптер жок кылынды.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахиддин ырасташынча, алар Кундуздун ортолук бөлүгүндө жети аскер бекетин жана эки районду ээлешкен.

Козголоңчулар Кундуз шаарына алты чакырым чукул кирип келгенге байланыштуу президент Ашраф Гани дүйшөмбү күнү Индиядагы мамлекеттик сапарына бир нече саат кеч аттанды. Ашраф Гани Ооганстандагы НАТО жана АКШ аскер миссиясынын башчысы, генерал Жон Кампбелл менен кездешкенин президенттин басма сөз өкүлү Ажмал Обиди билдирди.

Кундуз провинциясынын губернаторунун айтымында, ар кайсы тараптан кара таандай каптаган согушчандар Алиабад-Кундуз, Канабад-Имам Сахиб шаарларын бириктирген кан жолдорду бууп салганга аракет кылууда. Алардын чабуулун ооган армиясы артиллериядан аткылап токтотууда.

Кундуздагы салгылашта төрт тажик жана эки чечен согушчан жок кылынып, Шариф деген жарадар тажик туткунга алынган. Уюткусун түрдүү чет элдиктер (алардын саны 70-90 % ) түзгөн согушчандардын жалпы саны үч миңдей болот. Алардын катарында "Ислам мамлекети" тобу же ДАИШтин да желдеттери бар дейт губернатор Умар Сафи.

Мурда маалымдалгандай, Пакистан армиясы Вазиристандын аймагындагы согушчандардын курама топторуна каршы чабуулду күчөткөндөн кийин алар Ооганстан тарапка чегинген.

- Пакистан аскерлеринин Вазирстандын территориясындагы операциясынан кийин согушчандар жана алардын үй-бүлөлөрү Бадахшан, Кундуз тарапка ооп келишти. Алар согуш стратегиясын өзгөртүүдө. Мурда негизинен Ооганстандын түштүк бөлүгүнө топтолсо, азыр Түндүк Ооганстанга чогулууда. Алар менен уруш Сары Пул, Фраяб, Бадахшан, Кундуз провинцияларында жүрүүдө.

Фаряб провинциясы Түркмөнстан менен, Бадахшан жана Кундуз провинциялары Тажикстандын Хатлон жана Тоолуу Бадахшан автоном оболусу менен чектешет.

Умар Сафинин сөзүнө караганда, согушчандар ушу тапта Кундуз провинциясынын 30-40 процентин же Кундуз шаарын кошкондо жети районду көзөмөлдөөдө же бул аймакта желип-жортуп, элди тескеп жатат.

Талиптер айдактаган чет өлкөлүк желдеттер Бадахшан провинциясындагы жайкы чоң казатын апрелдин баш ченинде баштаган. 27-апрелде согушчандар аткан ракета Ахмед Зия Масуд башындагы өкмөттүк комиссия аскер жетекчилери менен жыйналыш өткөрүп жаткан жайга бир аз жетпей жарылгандан кийин, "Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, мартабалуу коноктор тикучактарга отуруп, тыз коюшкан.

Түркмөнстанга чектеш Бадгис провинциясындагы түркмөн калктуу Мачак кыштагын согушчандар ар тараптан кысмакка алып, алты күнгө созулган уруш 21-апрелде токтогон.

“Азаттыктын” бул провинциядагы кабарчысынын айтышынча, согушчандар азыр провинциянын ар кайсы бөлүктөрүнө тийип-качып кол салууда. Түркмөнстан Ооганстан жак чек арасын чычкан жөрмөлөп өтө алгыс кылып, тикен зымдар менен тосуп салган.

XS
SM
MD
LG