Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Ош: жер басып алгандар менен облус башчысы жолукту


Ош шаарынын чет жакасындагы Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарындагы жер үлүштөрдү басып алгандар менен облус башчысы Сооронбай Жээнбеков жолугуп, алардын мыйзамсыз аракеттери жыйынтык бербей тургандыгын билдирди.

Бул аралыкта Оштун четиндеги мыйзамсыз ээленип калган жер ээлеринин айрымдары үлүштөрүн чекке берип жиберүүгө даяр экендигин ачыкташты.

Топтолгондор облус башчысына өз көйгөйлөрүн айтып, ээлеп алган жерлерди мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Өзүн Тургунбү Арстанбекова деп тааныштырган пенсионер жыйырма жылдан бери жер тилкесине ээ боло албай жүргөнүн айтты:

- Токсонунчу жылы уруш болгондо да жер ала тургандар бизден 55 үй-бүлөнү кошуп беришкен. “Эмне болсо да ушул адамдарга жер алып бергиле” деп, жер 10 күндө берилерин убада кылышкан. Ошол жашоочулар мына быйыл жыйырма жыл өтсө да жери жок жүрөт. Бир эле алар эмес, биздин Манас-Ата кичи районундагы 22 жатакананын бардык жашоочулары жер алалбай жүрөт. Ушундай кыйынчылыктан улам толкуп чыктык. Кааласаңар да, каалабасаңар да 4 сотыхтан жер бересиңер.

Жер берилет, бирок өзгөчө муктаждарга

Чогулгандардын бир нече ойлорун уккан облус губернатору алар жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандыгын жана бул аракеттеринен жыйынтык чыкпарын билдирди. Сооронбай Жээнбеков жер басып алгандарга кайрылып, атайын комиссия түзүп, жерге муктаждардын тизмесин жергиликтүү бийликке берүүнү сунуш кылды:

- 2009-жылы 25-июнда Жогорку Кеңеш суулуу жерлер чекке берилбейт деген мыйзам кабыл алган. Ошол мыйзам күчүндө турат.



Бирок жер басып алгандар жергиликтүү бийлик буга чейин да аларды алдап келгендигин, облус башысынын бул сөздөрү да элди утурумдук алаксытуу болгонун айтышууда.

Жер басып алган бир нече адамдын тизмесин кармап жүргөн Зууракан Акирова жаңы келген парламенттен үмүттөнүп турганын айтат:

- Бийлик буга чейин деле убада берип, жер бербей койгон. Жаштардын баары көчөдө калган. Шаарда каттоодо туруп, кезекте турган адамдар жер ала элек. Алардын алды 50-60 жашка таяп, небере күтүп калышты. Небереси турмак, өзүнө жер жок. Губернатор башка жерден жер беребиз деди, бирок дагы деле алдады. Биз ишенбейбиз. Азыркы келген жаңы депутаттар, силерден үмүттөнүп жатабыз. Бизге, айрыкча жаштарга, жер бергиле, болбосо дагы көчөдө калат ушулар.

Бөлүшүүгө даярлар да бар

Бул аралыкта ээленген жер ээлеринин айрымдары жер үлүштөрүн чекке берүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышты. Кара-Суу районунун тургуну Кайназар Ырысов башкалар макул болсо өзүнүн 80 сотик жерин басып алгандарга чекке берип жиберерин айтууда:

- Эгерде элге чынында эле жер үлүштөрү ушунчалык керек болуп турган болсо мен өзүмдүн 80 сотик жеримди берүүгө даярмын.



Ага карабай жер басып алгандардан түзүлгөн 12 адамдан турган комиссия түзүп, эртең облустук администрацияга жерге муктаж болгондордун тизмесин алып бармакчы болушту.

Комиссия мүчөсү Зууракан Акирова “эгер биздин маселебиз чечилбесе, ар кандай акцияларга барабыз” деп билдирди:

- Биз басып алган жерлерибизди тебелебегиле деп атышат. Болуптур, тебелебей четинде тура беребиз. Бирок балдарыбыз үчүн, алардын келечеги үчүн бул жерлердин баарын алабыз, бербейбиз. Мен азыр жер ээлеп алган бир топтун лидеримин. Азыр мага караштуу жерге муктаж адамдардын тизмесин тактап, компьютерге түшүрүп жазып койдук. Эртең облус башчысына алып барабыз.

Соңку маалыматтарга ылайык, жер басып алгандар түзгөн комиссияга жерге муктаж делген 3000ден ашык адам катталган. Эки күндөн бери бул жерге чогулган миңден ашык адам Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак жана Ишкаван айылдарынын 70 гектардан ашык жерин ээлеп турушат. Бул 80ден ашык кыргыз жана өзбек үй-бүлөлөрүнүн жерлери болгону айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG