Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

И. Жалилов: Жер басып алуучулукту улут аралык маселеге байлоо негизсиз


Оштогу жер басып алуу аракети, 7-ноябрь.
Оштогу жер басып алуу аракети, 7-ноябрь.

Оштук талдоочу, мурдагы коопсуздук кызматкери Иманберди Жалилов Оштогу жер басып алуу аракеттеринде улут аралык маселе жок деп эсептейт.

- Иманберди мырза, Ош шаарынын четиндеги жерлерди басып алуу аракеттерине сиз кандай баа берет элениз?

- Мунун мыйзамсыз экенин баарыбыз эле билип турабыз. Бирок бир жаман жери - ушул көрүнүшкө саясат аралаштырып, ар түрдүү баалар берилип атат. Биринчиден – улут аралык чатакка шыкак болот деп айтып аткандары таптакыр туура эмес, бул жерде улутчулдук маселени издөө зарылчылыгы жок. Бул социалдык маселеден келип чыгып отурат. Экинчиден, Кыргызстандагы жакырлануунун айынан ири шаарларга элдин топтолушу, ички миграциянын күчөшү – бул табигый көрүнүшкө айлана баштады. Бишкектин айланасында 46 жаңы конуш пайда болгону бекеринен эмес. Ошондой эле көрүнүш Ош шаарынын айланасында да болуп жатат.

Эң өкүнүчтүүсү – ушул кырдаалдан кечээки июнь окуяларында өздөрүн жапа тарткан адамдар катары көрсөткөн чагымчы күчтөрдүн аралашып жүргөнү болуп жатат. Чынында бул жерлер үлүш катары берилген жергиликтүү тургундардын арасында кыргыздар да, өзбектер да бар. Бул жерлер дыйкандарга өкмөттүн токтому менен 99 жылга үлүш катары берилген. Алардын да менчик укуктары бар, жер басып алгандардын кызыкчылыгындай эле алардын да кызыкчылыгы бар. Айрымдар бул маселени 1990-жылга салыштырып атышат, элдин деңгээли азыр андагыдай эмес, бир топ өйдө чыккан, айтылган сөзгө маани берип, түшүнө башташты.

- Бул маселени кантип чечсе болот ?

- Чечсе болот, чечилбеген маселе жок. Бир тарапка оорураак болгонуна карабай чечүүгө болот. Бул жерде жеке амбицияны токтотуп, райондун жери, облустун жери, шаардын жери деп бөлбөшүбүз керек. Жер маселеси ырааттуу чечилбесе, эч убакта жакшылыкка алып келбейт. Ошондуктан, бул маселени чечүүдө жер басып алып жаткан адамдардын гана кызыкчылыгын карабай, ошол эле Кызыл-Кыштактын өзүндө турак-жай курууга жер сурап турган төрт жүздөй адам бар. Ошол эле учурда ички миграциянын айынан жана шаардыктардын өздөрүнөн биригип, 3-4 миңдей киши турак-жайы, жери жок отурушат. Шаарда жер резерви жок. Ош шаарынын батыш тарабындагы Араван районунан, түштүк тарабынан Ноокат районунан берилген жерлердин баары берилип бүттү. Демек, Кара-Суу районунан да жер бөлүшүү керек.

- Ош облус губернаторунун биринчи орун басарынын айтымында, Сүрөө-Таш деген жерде 20 гектар жер турак-жай курууга бөлүнгөн. Бирок ал жакка адамдар суу, жол маселеси алыс деген себеп менен барбай атыптыр. Андай болсо суулуу айдоо аянттарынын баарын турак-жай тургузууга берип жиберсек, эгин-тегинди кайда айдап, түшүмдү кайдан алабыз?

-Туура айтасыз. Ансыз деле Кара-Суу районунда акыркы жылдары үч миң гектардан көбүрөөк суулуу жер турак-жай куруу үчүн берилип кеткен. Бул өтө коркунучтуу нерсе, анткени мындан азык-түлүк коопсуздугу келип чыгат. Сүрөө-Таш деген жерден турак-жайга жер берилгени абдан туура. Анткени мында эки жактуу маселе: биринчиден мамлекеттин коопсуздугу эске алынып, чек араны бекемдөө, экинчиден адамдарды турак-жай куруу үчүн жер маселеси чечилет. Кандай улут жашабасын, ал Кыргызстандын жараны. Бул маселеде да элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө эл түшүнөт. Ошто кеңейүүгө мүмкүнчүлүк бар, Ноокат, Кара-Суу райондорунда бөксө, адыр жерлер бар. Ошол жерлерди жарандарга турак-жай курууга берүүгө болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG