Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:52

И.Исаковго тилектеш 9 адам ачкачылык акциясын баштады


СДП партиясынын Бишкектеги баш кеңсесинде БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков баш болгон тогуз адам мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганына наразылыгын билдирип мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштады.

Ачкачылык кармап баштаган адамдардын саламаттыгына “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев көз салып турмакчы.

Мурунку коргоо министри, Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы, азыркы кезде оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду 11-январда Бишкек гарнизондук соту генерал-лейтенант наамынан ажыратып, сегиз жылга түрмөгө кескен өкүм чыгарган. Генерал сот залынан кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагына камалган.

Исаков акыркы сөзүндө ага коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнуна албастыгын жана саясий себептерден куугунтукка алынып жатканын билдирген.

12-январда Бириккен Элдик Кыймылы Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча cоттолуп жаткандарды коргоо комитети түзүп, Топчубек Тургуналиев төрага болуп шайланган.

Бул таза саясий репрессия болду.

Э.Каптагаев
- Бул таза саясий репрессия болду. Соттун кандай болгонун көдүңүздөр. Анда судья тараптан мыйзам бузуулар орун алды. Бириккен элдик кыймыл генерал Исаковду бошотуу талабын коюп, өлкөдө прогрессивдүү өзгөрүүлөр болуш үчүн күрөштү чечкиндүү улантат,-деп билдирген "Азаттыкка" БЭКтин .төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев.

Расмий бийлик, укук коргоо жана прокуратура органдары өз кезегинде Исмаил Исаковдун ишинде саясат жок экенин билдирип келатат.

9 адам ачкачылык акциясын баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

XS
SM
MD
LG