Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:31

Саясат

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек гарнизондук соту бүгүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Текст көлөмү - +
Исмаил Исаковго колдоо көрсөтүү үчүн Аскер сотуна көптөгөн тилектештери келди
Азырынча сот чечими боюнча кандай кадамдар жасалары белгисиз. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар сураган И. Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү канааттандырылган жок.

Ошентип президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, бүгүн минтип анын 8 жылга эркинен ажыратылышы менен соңуна чыкты.

Бүгүн түшкө чейин  Исмаил Исаков соттогу акыркы сөзүн сүйлөгөн эле.  Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолгон:

- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.

Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:

- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.

Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.

Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:

- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын. Мага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп эсептеймин. Сизди адилеттүүлүккө чакырам.




Жүктөө
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: kyrgyz каяктан: kyrgyz
24.01.2010 08:13
kudaidan korkpogondor gana barat bul ishke, egerde kimde-kim biroogo zulumduk kilsa, Allahtyn zulumu andan da kuchtuu, oshonduktan ajoke ak iyilet birok synbait.

кимден: Гульзат каяктан: Бишкек
19.01.2010 13:54
мен тушуно албайм, бийликке анчанын эмне кереги бар? адамдык сапаттары болсо бактылуу жашамак, куну-туну бийлйик байлык деп жатып ошол эле бийлик байлыктын даамын сезбей калса керек..

кимден: талас каяктан: африка
19.01.2010 12:20
аксакал бу дүйнөгө келербиз да кетербиз, не жетпейт сизге ажо аке, ор каздыңыз абайлаңыз өзүңүз түшүп аскар байкенин кейпин кийип калбаңыз

кимден: Мирлан каяктан: Москва
18.01.2010 16:54
Кыргыздын патриот генералы Исмаил Исаковдун камалышы Бакиевди жакшылыкка алып барбайт.Курманбек мырза, Исаковду тезинен актап Коргоо Министри кылып дайындабасаңыз Сизге оор болуп калат.

кимден: amana каяктан: kachkyn
18.01.2010 00:01
ismail bajke Alla sizge zjardam bersin! Kyrgyz eli siz menen bijlikti koruno alyp ketpese kerek a?
zjalgan dujnodo kalat. Kudajdan korkushkanda mynchalyk bolushpajt ele, tigi dujnogo barganda Allaga kantip zjoop berishet eken? al dujnodo ech kimdi akchaga satyp alalbajsynar.
ojlongula ojgongula bijliktegiler! bul dujno otup ketet. oshondo attin aj debegile. silerge boorum oorup ketip atat, oh oh.

кимден: Динара каяктан: Бишкек
17.01.2010 16:49
Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иши саясый заказ экени баарыбызга белгилуу. Азыркы арсыз бийликтин озуно каршы лидерлерден кутулуштун оной жолу каматуу болуп калбадыбы. Баардык Кыргыз элим ойгонолу Исаковдой патриот агабызды коргоп алалы. Ден соолугунан ажырап калбасын.

кимден: Hijra каяктан: somewhere in N.America
17.01.2010 10:55
Хочу пожелать генералу Исакову стойкости и пусть ищет поддержки у Аллаха (Субахана уа Тааля). Это тяжелое испытание, но Всевышний дает каждому по его плечу. Будьте мужественны! Покажите пример соратникам и простому народу, который, к сожалению, запуган и старается просто отгородиться от вопиюще несправедливой реальности. Но в душе простой народ очень вам сочуствует! Мы истосковались по справедливости, мы устали от лицемерия и лжи! Но Господь также испытывает весь кыргызский народ. Пейилибизди ондош керек всем нам. После етого мы возродимся и сплотимся. О Кудай, пошли нам Баатыра, спасителя и вдохновителя!

кимден: Айпери каяктан: Бишкек
16.01.2010 23:21
Мен ишенбейм, кечээги элдин кучак жайып тозуп алган бийлиги бугун каракчы болуп калгандыгына! Макул бир аз демин чыгарган чала жан патриот болгондорду акырындык менен саясий аренадан ала берсин бирок Исаковдай адамга кантип коздорун артышты?Бул элин менен чатагым жок "мен озумо бий озумо ханмын" дегендик да....
Кагылайын калайык, урматтуу интеллегенция жон жатпачы! Миллиондогон долларларды деле жеп коюп жылуу жумшак жашап журушпойбу...
Жетишеттир байлык менен бийлик ушунчалык маанилуу беле?
Кийинки муун учун , тарых учун да бир нерсе жазгыдай бололу да же криминалдуу адабият менен филмдерди гана таштайбызбы...

кимден: Айпери каяктан: Бишкек
16.01.2010 22:18
Бийликтин кулу болгон абийирин да ар намысын да саткан адамдар бийликте турганда ак менен кара адилеттуулук мемен кылмыштуулук айырмаланбай калат. Бирок Исаковдой адамдар кылымда бир жаралат жана алар биз учун (акыркы он сегиз жылда)иллюзия болуп калган "адилеттуулуктун символу". Бийлик бир нерсени унутпашы керек эч качан кыргыз элин коркуттуу уркуттуу менен опузалай албайт, кайра кыжырдантат.Ушундайында токтотпосо дагы тушко кирбеген нерселер болушу толугу менен мумкун анткени Кыргызстандын чыныгы интеллегенциясы чет жактарда экендигин эске салгым келет.

кимден: optimist
15.01.2010 16:49
Isakovdun juzunon ele baikabaisynarby, adilettuluktun nuru togulup turat!
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)