Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Н. Алимкулов: Аскаровдун күнөөсү толук далилденди


Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов.
Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов.

15-сентябрда Базар-Коргон районунун көчмө соту Ноокен районунда өз өкүмүн угузду. Ага ылайык, 13-июндагы кандуу окуя боюнча сегиз соттолуучу айыптуу деп табылды. Базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров арасында болгон беш соттолуучу өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекет пайдасына алынды.

Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов бул иш боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары сиз ишин караган укук коргоочу Азимжан Аскаров жана башка жети адамдын өкүмү боюнча адилетсиз, туура эмес өкүм чыгарылды деген пикирлерин жарыялап жатышат. Ошол А.Аскаров баш болгон жети соттолуучуну соттоого жетиштүү далилдер бар беле?

Нургазы Алимкулов: Соттолуучу Аскаров Азимжандын күнөөсү, ошол эле иш боюнча соттоолуучу болуп өтүп атышкан Расулов, Розубаев, Кочкаров, Мамадалиева, Юлдашев, жабырлануучу Базар-Коргон районунун акими Артыковдун жана иш боюнча ошол окуяда катышкан 16 милиция кызматкерлери, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү, иш боюнча далил буюмдар жана иштин башка материалдары менен толук далилденди. Ал кишинин кыймыл аракети боюнча териштирүү жүргүзүлгөндө юридикалык баа берилип, мен өкүм кабыл алдым.

- Адам укугун коргоочулар менен соттолуучулардын жактоочулары да бул өкүм саясий чечим болуп калган, бүгүнкү ишти алып барган судьяга Жогорку Соттон, же болбосо жабырлануучулар тараптан кысым жасалган окшойт деген бүдөмүк ойлорун айтып жатышат.

Адвокат Нурбек Токтакунов.
Нургазы Алимкулов:
Мен буга каршымын. Анткени мага эч ким басым көрсөткөн жок, же бул иш боюнча буйрук иретинде айтылган жок. Мен өзүмдүн ички ынаным менен, ишке болгон далилдерге баа берип, өкүм кабыл алдым.

- Ошол эле соттолуучулардын жактоочулары да сот өкүмү чыгарылганга чейин аларга коюлган айыптар далилденген жок деген пикирлерин айтышты.

Нургазы Алимкулов: Туура, алар сотттук териштирүүдө да айтышты. Кечээ Токтакуновго да ошентип айтышыптыр. Мен буга макул эмесмин. Анткени соттук териштирүүдө, жарыш сөздө адвокат Токтакунов жана башка адвокаттар өздөрүнүн жактоосунда турган сотолуучулардын күнөөсү жок деп айтышты. Бирок алар эч кандай конкреттүү далилдерди келтире алышкан жок. Кыргыз Республикасынын жаза-процессуалдык кодексинде айыптоочу тарап айыпкерди ашкерлөөчү далилдерди келтирет. Ал эми жактоочу тарап ошол эле убакта эгерде өзүнүн жактоосундагы соттолуучулардын күнөөсү жок десе, ал ошол иш боюнча далилдерди келтирүүгө укуктуу.

- Өзүңүз айткандай, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов жана башка бир нече адам укугун коргоочулар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, соттолуучулардын күбөлөрү аз чакыртылып, ал эми жактоочулардын күбөлөрү көп суралганын, соттолуучулардын туугандары сотко катыштырылбаганын, аларды жабырлануучулар коркутуп-үркүтүп, сотко жакындатышпаганын, соттун жүрүшүндө адвокаттарга да коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтышты. Чын эле ошондой болду беле?

Нургазы Алимкулов: Жок, бул туура эмес. Мен бул пикирге кошулбайм, Токтакунов туура эмес айтып жатат. Анткени адвокаттардын, соттолуучулардын, ошол эле убакта менин коопсуздугумду камсыз кылуу максатында Ош облустук ички иштер бөлүмү тарабынан атайын кызматкерлер бөлүнүп берилген. Ошол эле убакта Базар-Коргон жана Ноокен райондук ички иштер бөлүмдөрү катуу күзөттө туруп, Токтакунов жана башка адвокаттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартиптеги милициялар кайтарып турушкан. Мен булардын пикирине кошула албайм. Ал жерде адвокаттарга карата кандайдыр бир коркутуп-үркүтүү, кысым болгон жок, мен ага жол берген жокмун.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова.

- Ошол эле жактоочу Нурбек Токтакуновдун билдириши боюнча, адам укугун коргоочу, «Кылым шамы» уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова сот өтүп жаткан жерге барса, жабырлануучулар “ал жерден Абдрасулова тирүү чыкпайт” деген сөздөрүн айтышыптыр. Ушундай болгонбу?

Нургазы Алимкулов: Жок, соттук териштирүүдө андай сөз болгон жок. Адвокат Токтакуновдун иш боюнча Исаков, А.Абдрасулованы сотко келтирүү жөнүндө мага пикирин айтышты. Мен анын өтүнүчүнө ооз эки өтүнүч менен жооп бергем, ал протоколго жазылган. Анда мен “иш боюнча Кыргыз Республикасынын жаза-процессуалдык кодексинин 251-беренесинде айыптоочу жана жактоочу тарап өздөрү иш боюнча келтирген күбөлөрдү сотко өздөрү камсыз кылат. Ошондуктан сот сиздин өтүнүчүңүздү канааттандырбайт, эгерде сиз Азиза Абдрасулованы чакырып сура десеңиз, мен каршылыгым жок, мен анда соттук териштирүүнү башка күнгө калтырып берем” десем, ал киши “анда повестка жазып бериңиз” деди. Мен ага “соттук териштирүүдө күбөлөргө, же башка жабырлануучуларга, соттук процесстин катышуучуларына сотко чакыруу жазганга судьянын укугу жок” деп түшүндүрдүм. Ал киши менин айткан өтүнүчүм боюнча макул болду.

Андан тышкары башка адвокаттар деле биздин өзүбүздүн күбөлөрүбүз бар эле, чакырып сурагыла деген расмий өтүнүчтөрдү келтиришкен жок. Алар өздөрүн эгерде күбөлөрү болсо, далилдери болсо ачык сот жүргүзүлгөн, алар чакырып алып келсе соттук жүрүштө суралмак, алардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан толугу менен сакталмак.

- Адам укугун коргоочу, «Кылым шамы» уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Базар-Коргондо Азимжан Аскаров мурда президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп турган Исмаил Исаковго жолукканда Базар-Коргонго өзбек тектүү адамдар курал-жарактарды түшүрүп жатат деген маалыматын айткан экен. Ушундай көрсөтмөлөр эске алындыбы?

Азимжан Аскаров.
Нургазы Алимкулов:
Бул көрсөтмөлөрүнө мен баа бердим, Азимжан Аскаров өзү да айтты. Бирок ал киши тергөө мезгилинде башкача көрсөтмө берген, ал эми соттук териштирүүдө башкача көрсөтмө берди. “Мен окуя болгон күндөрү ким, канча, кандай адамдар өлгөнүн тасмага тартайын деп ооруканага барып тартайын десем, видео пленкам жок экен, эч нерсе тарта албай калдым” дейт. Азиза Абдрасулова, Исмаил Исаковго телефон чалганы бул кылмышка чейинки болгон фактылар боюнча айтылган экен.

- Соттук отурумда ырасталгандай, 13-июндагы Ош-Бишкек жолунун Базар-Коргон районуна караштуу Кара-Үңкүр дарыясынын жанында чогулган адамдардын арасында Азимжан Аскаров болгондугу, тартип сакчылары барганда “алардын башчысын кармагыла, калгандарын өлтүргүлө” деп айткан сөзү ырасталдыбы?

Нургазы Алимкулов: Бул эпизод боюнча Аскаровго тергөө органдары тарабынан угузулган. Бул соттук териштирүүдө толугу менен өз далилин тапты. Атап айтканда, Аскаров 2010-жылдын 12-июнунда Сейдикум айылындагы чек арада миңге жакын өзбек тектүү жарандар топтолуп турганынан барып, элдер менен кошулуп, сүйлөшүп, чек арадан Өзбекстанга өтүп кетүү аракеттери жасалып атканда, райондун башчысы Артыков ошол жерге барганда, Аскаров “акимди барымтага алгыла” деп буйрук берген. Бул факт далилденди. Бул факт аким Артыков менен барган айдоочусу, жанындагы жан сакчысы, ошол эле катышып жүргөн соттолуучу Мамадалиеванын көрсөтмөлөрү менен толук далилденди.

Андан кийин ал киши 12-июнда Базар-Коргонго кайра келип, саат 19-21 чамаларында Базар-Коргон айылынын Сайдуллаев көчөлөрүндө трактордун тележкасын жолго тосуп, элдерди үгүттөп, “кыргыздар келатат, чыккыла, эгерде силер чыкпасаң үйүңөрдү өрттөп кетет, эмне кылып отурасыңар” деп козутуп, массалык башаламандыкты уюштурган.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мергентаев, Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери ал жерге барган, ал кишилер Мирзалимов Шухратты, Мамадалиева Минураны жана Аскаров Азимжанды көргөн. Ошол эле окуя боюнча соттолуучу Мамадалиева да көрсөтмө берген, Аскаров Мамадалиевага “сен ушул жерди башкарып турасың, кыргыздар келсе, өлтүргүлө, ургула, милицияларга каршылык көрсөткүлө” деп көрсөтмө берген. Тергөө мезгилинде экөөнү беттештирүүдө Мамадалиева өз көрсөтмөсүн толук тастыктап берген. Адвокат Абылакимов, Токтакуновдун катышуусу менен көрсөтмө берген. Бул далилдерге ишенбей коюуга сотто негиз болгон жок.

Андан кийин 2010-жылдын 13-июнундагы окуя боюнча эртең менен өзүнүн кеңсесинде тепкичке чыгып алып, “кыргыздар келатат, трассаны тоспойсуңарбы, жаштар кайдасыңар” деп кыйкырганда, ошол жерде жүргөн Юлдашев Кабылжан деген киши келип Асакаровго кайрылган, “сен эмне үчүн жаштарды үгүттөп атасың, сен мындай мыйзам бузууга бардырышың, кыргыз бийлигине каршы чыкканың туура эмес” десе, Аскаров “сен бул жакка чык” деп жанына чыгарып алып, “мына, камера керекпи, азыр алып чыгам элди” деп айтканда, ал киши тилдеп кетип калыптыр. Бул киши тергөө мезгилинде көрсөтмө берген.

Ошол эле убакта иш боюнча соттолуучулар Расулов, Розубаев, Кочкаров, Мамадалиева 13-июнь күнү Аскаров Бишкек-Ош жолундагы Кара-Үңкүр көпүрөсүндөгү жолду тосуп турганбыз дейт. Бул жерге Мамадалиева келген эмес. Ошол жерде турганда Аскаров Азимжан жана тергөө органдары тарабынан аныктала элек балдар менен колунда курал-жарак менен куралданышкан балдарга Аскаров “милицияны барымтага алгыла, калган милицияларды өлтүргүлө” деп түздөн-түз буйрук берип, милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө үгүттөгөн. Бул боюнча күнөөлөрү соттук териштирүүдө толугу менен далилденди жана тергөө органдары тарабынан иш боюнча далилдерге баа берип, ал кишинин бул эпизод боюнча аракеттерин мен күнөөлүү деп эсептеп, күнөөлүү деп баа бердим.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG