Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Турсунбек Акун: укук коргоочу Аскаровду акташ керек эле


Акйыкатчы Турсунбек Акун
Акйыкатчы Турсунбек Акун

Базар-Коргон райсоту 13-июндагы кандуу окуя боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Акыйкатчы Турсунбек Акун ага мындай жаза чектөөгө негиз жок деп эсептейт.

"Азаттык:" Турсунбек мырза, мына бүгүн укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын иши боюнча сот өкүмү чыгып, укук коргоочуга өмүр бою эркинен ажыраткан жаза чектелди. Сиздин баамыңызда, мындай жазага канчалык деңгээлде негиз бар?
Азимжан Аскаров сот сурагында, 6-сентябрь.

Турсунбек Акун: Биз президент Роза Отунбаеванын өтүнүчү боюнча жана өзүмдүн демилгем боюнча атайын комиссия түзүп, ушул иш боюнча Жалал-Абад жергесине өкүлдөрүмдү жибергем. Алар эки жума бою иштеп, чын-бышыгын билип келишти. Азимжан Аскаровдун түрмөгө кирип өзү менен жолугушуп, бүткүл бардык ишин эки жактуу карап, үй-бүлөсү менен да жолукканга аракет кылышты. Мен дагы Азимжан Аскаров менен телефон аркылуу жарым сааттай сүйлөштүм. Анан бүт материалдын баары келди. Биз бардык жактан изилдедик эки жактуу. Биздин жүргүзгөн мониторингдин негизинде Азимжан Аскаровдун акыркы окуяларга байланыштуу күнөөсү бар деп айта албайбыз. Анткени далилдүү фактыларды, негиздерди таба албай койдук. Ошол кезде, жанакы милиция кызматкери М. Сулаймановду өлтүрүп жаткан кезде ал бир жарым чакырым алыс, башка жакта жүргөн экен. Ал буга чейин укук коргоо органдары жөнүндө, прокуратура жана башка органдар жөнүндө, алардын кемчиликтерин чукуп көп жылдан бери айтып жүргөн укук коргоочу болчу. Анын "күнөөсү" балким ушундадыр. Ошон үчүн баягы убагы келип калганда, мөөнөтү келип калганда "өч алалы" деген аракеттер деп баалайбыз.

"Азаттык:" Демек, Турсунбек мырза, Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратууга эч кандай негиз жок дегиңиз барбы?

Турсунбек Акун: Эми өмүр бою деген сөз күлкү келтире турган сөз. Өмүр бою эркинен ажыратуу эмес, ал жигитти бошотуу керек, акташ керек деп ойлойм. Бирок анын колунда вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун айтымында, бир үн жазгыч бар экен. Ошол үн жазгычты Азимжан Аскаров укук коргоо органдарынын, тергөөнүн колуна бериши керек. Ошону бербей жаткан имиш. Бирок мен ойлойм, Азимбек Бекназаров деле калп айтпайт, бекер айткан жок. Ушундай болуп жатат...

"Азаттык:" Ал эмне үн жазгыч болушу мүмкүн?

Турсунбек Акун: Эми ошол жерде бүт бардыгы жазылган деп тергөөнүн адамдары, укук коргоо, прокуратуранын адамдары айтып жатышат. Ошол жерде бардыгы бар экен. Так ошол Аскаровдун жанагы чагымчылдык иштери ошондо жазылган, бар болчу деп жатышат. Бирок мен ойлойм, алар ошол үн жазгычты шылтоо кылып жатышат.

"Азаттык:" Соттук иш жарым айга чейин созулуп кетишине себеп эмне болду дейсиз?

Турсунбек Акун: Буга себеп - материалдардын аягына чейин топтолбой жатышы. Бул жерде саясат жыттанган иш болуп жатат. Чын эле саясий фактысы бар. Анткени Азимжан Аскаровдун аркасынан ушу укук коргоо органдары "мергенчилик" кылып келе жатышкан. Ошону аягына чыгарыш керек болчу. Бирок айтайын дегеним, бул жерде Азимжан Аскаров жана ал өңдүү өзбек тектүү укук коргоочулар туура эмес, бир жактуу маалымат берип койгон учурлары бар. Бул боюнча биз далилдерди сактап жатабыз, далилдеп жатабыз.

"Азаттык:" Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG