Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Баш прокуратура: бүтпөгөн иштердин бүгүнкү жообу


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын соту.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын соту.

Балыкчы, Петровка окуясы боюнча иште саясий куугунтук жоктугун Башкы прокурор Э.Сатыбалдиев журналисттерге уюштурулган ачык эшик күнүндө билдирди.

Прокуратура кызматынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына карата маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган ачык эшик күнүндө башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жүргүзүп, мыйзамдуулуктун сакталышына, жарандардын укугун коргоого өзгөчө маани берилип жатканын баса белгиледи.

Прокуратуранын иши жана ар кандай өңүттө козголгон кылмыш иштери тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып башкы прокурор Балыкчы, Петровка окуясында эч кандай саясий куугунтук жок экендигин айтты:

-Саясий куугунтук жок. Бул кылмыш куугунтугу. Менде андай түшүнүк жок. Саясий куугунтук дегенди мен бир дагы китептен окуганым жок. Беш жыл университетте андайды көргөнүм жок. Жумуш кылып жатып көргөнүм жок. Эми ар бир инсан өзүн жакташ үчүн жеңилдик жагынан саясий куугунтук деп алып кете бериши мүмкүн. Бирок ал жерде саясий куугунтук жок. Эмне дегенде Балыкчынын ишин прокуратура кызматкерлери бүтүрдү. Петровка боюнча дагы прокуратура кызматкерлери бүтүрдү.

БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров башкы прокурордун айткандары менен макул эмес. Анын көз карашында, бийлик карапайым калкты коркутуу максатында Петровка, Балыкчы окуясы менен “күнөөсүздөрдү күнөөкөр” кылып көрсөтүүдө:

-Мына биз оппозициянын өкүлдөрүн ушул иш менен минтип камап койдук. Ооздорун жаап, колдорун байлап койдук дегендей, бир ашкере жагынуучулук менен козголгон иш. Мунун баары саясий заказ экендиги билинип турат.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев түрк ишкеринин өлүмүнө себеби бар делип айыпталып жаткан Аликбек Жекшенкулов жеке өзү күнөөлүү болбосо дагы анын жеке тапанчасы кылмышка байланышы бар делип шектелип жаткандыгын айтты. Ошондой эле Аксы окуясы боюнча кылмыш ишине чекит коюлганын, ал боюнча тиешеси бар адамдар Жогорку Сот тарабынан айыпталганын белгиледи.

-Аксы окуясы боюнча биз кылмыш иштердин бардыгына чекит койдук. Бүгүнкү күнгө нааразы тарап жок. Аксы окуясы боюнча ар бир тиешелүү адамдар өз жазасын Жогорку Сотко чейин барып алышты.

Аксылыктардын жактоочусу Сартпай Жайчыбеков болсо бул окуя боюнча Кыргыз өкмөтүн күнөөлүү деп тапкан БУУнун чечими бар экендигин, бийлик ага жооп берүүнүн ордуна укук коргоо органдары айыптууларды жоопко тартуудан качып, тескерисинче аларды жогорку кызматтарга дайындашканын айтты.


-Улукбек Өтмөнбетов деген жигитти аткан милиция азыр Ички иштер министрлигинин 7-бөлүмүнүн начальниги. Эң чоң, эң күчтүү отделдин начальниги. Зоотбек Кудайбергеновду деле соттодук дегени менен аны алып барышып Айыл чарба министрлигинин юридикалык бөлүмүн жетектетип койду. Чубак Абышкаев болсо Кыргыз Республикасынын аскер сотунун төрагасы болуп калды. Азыр күнөөсү бардыгынын баары кызматта отурат. Анан кайдан эле Аксы окуясына Жогорку Сот чекит койду деп башкы прокурор айтып жатат?

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Аксы окуясы боюнча Зоотбек Кудайбергенов, Султан Урманаев, Кубанычбек Токобаев бир гана иш менен Жогорку Сотто каралганы менен аны уюштургандардын жана аткаргандардын күнөөлөрү ачыктан эле жаап-жашырылган:

-Ушул эле Элмурза Сатыбалдиев Аксыга барып элге убада берип келген. “Мына азыр ушул үчөөнүн ишин сотко өткөрүп турабыз, калганын 3 айдын ичинде сотко өткөрөм” деген. Ошондо үч айдан кийин сотко өткөрмөк түгүл бардык иш жабылып калган. Мындайча айтканда Аксы окуясынын келип чыгышы, анын уюштуруучулары, анын тийгизген таасири боюнча иштер иликтенбей дым-дым болуп отурбайбы.

Элмурза Сатыбалдиев өлүм жазасынын Кыргызстанга кайрадан киргизилишине каршы экендигин белгилеп, укуктук мамлекет катары калыптанып келаткан жаш мамлекет катары баа берерин айтты.

Баш прокурор жыл башынан бери жети журналистке кол салуулар боюнча козголгон кылмыш ишинин айрымдары аягына чыгып, айрымдары иликтенип жатканын, ошондой эле экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун өзү эмес анын жеке тапанчасына байланыштуу кылмыш иши ачылганын, бул маселеге сот чекит коерун кошумчалады.

Бекназаров болсо учурда Башкы прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган болбой эле жазалоочу органга айланып калды деп эсептейт.

-Конституция боюнча Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү орган. Бул куугунтуктоочу орган эмес, же болбосо тергөө жүргүзө турган орган эмес. Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдардын үстүнөн мыйзамдардын так аткарылышы жөнүндө көзөмөлдөп турган орган болушу керек болчу. А бирок булар бир жарым жылдын ичинде “биз куугунтуктоочу органбыз” деп туруп мыйзамдарын өзгөртүп албадыбы. Бүгүн прокурорлор милициядан, СНБдан, финполициядан айырмасы жок болуп калды. Мен эми буга Башкы прокуратуранын жетекчилери күнөөлү дегенден алысмын. Анткени Кыргызстанда “Бардык мамлекеттик органдар үй-бүлөгө кызмат кылыш керек”, деген ушундай саясий система орноп калды. Ушуга канткенде биз жакшы көрүнөбүз, каткенде үй-бүлөгө жакшы кызмат кылабыз деген атаандашуудан улам ушул көзөмөлдөөчү орган прокуратура укук коргоо органдарынын бирине айланып калды.

Элмурза Сатыбалдиев белгилегендей прокуратура кызматкерлери мыйзамдын аткарылышына эле көзмөл жүргүзүү менен чектелбестен адамдардын укугунун корголушуна дагы өзгөчө маани беришет. Анын айтымында, бүгүнкү күнү прокуратура органында жалпы жонунан 925 адам эмгектенет. Алардын 820 прокуратура кызматкерлери. Орточо маянасы 7 миң сом. Элмурза Сатыбалдиевдин айлыгы 18 миң сомду түзөт.

Маалыматтарга караганда 1924-жылы 22-ноябрда Кара-Кыргыз Автоном облусунун революциялык комитетинин президиумунун токтому менен Эл комиссарлыгынын алдындагы юстиция системасында 15 адамдан турган биринчи улуттук прокуратура түзүлгөн. 1934-жылы болсо КырАССРнин аймагындагы 27 райондо прокурорлор иш аракеттерди жүргүзүп, 1936-жылы Кыргыз ССРинин прокуратурасы болуп кайрадан түзүлгөн.

Э.Сатыбалдиев: "Айлыгым үй-бүлөмө жетет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG