Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Молдолор жаатташкандарды элдештире алдыбы?


Оштун бир мечитиндеги сыйынуу, 2009-жылдын 13-майы.
Оштун бир мечитиндеги сыйынуу, 2009-жылдын 13-майы.

Быйыл жайда Ошто болгон тополоңду басууда, араздашкан тараптарды элдештирүүдө динаятчылардын аракети кандай болду?

Бул маселе боюнча талкууга Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов жана Оштогу Раббат Абдуллахан мечитинин имамы Сиражиддин ажы Шамсудинов катышты.

Беймаал азан коштогон кандуу калаба

«Азаттык»: Урматтуу молдолор, Ош шаарында 10-июнда куптандан кийин башталып, бүтүн өлкөнү кара кийгизген кандуу калабага беш айдын жүзү болууда. Бул окуянын башталышы «Шейит-Дөбө» мечитиндеги түнкү азан чакыруу менен коштолгону эл арасында «динаятчы, динзарлар арасында бузукулар бар» деген пикир жаратты. Азирети муфтий, бул маселе тополоңдон соң сиз баштаган бир топ белгилүү аалымдар элди элдештирүү аракети менен түштүккө барган учурда талкууландыбы?

Муфтий Чубак ажы Жалилов. 20-август 2010
Чубак ажы Жалилов:
Албетте, ошол убакта биздин башыбызды оорутуп, убактыбыздын негизги бөлүгүн алып жаткан маселе: «Канткенде ушул жараканы бүтөйбүз жана бул жараканын келип чыгуу себептери эмнеде?» - деген суроо болду жана ал суроо бардык жерде, бардык масштабда талкууланып жатты. Карапайым эл менен, намазкандар менен, динаятчылар менен дагы бул маселе талкууланып жатты. Бирок келип-келип эле анын жыйынтыгы, ар ким ар кандай тил менен айтып, бирок бир мааниге такалып жатты. Тактап айтканда: жалпы эле Кыргызстандагы диний билим берүүнүн төмөндүгү, молдолордун чала сабаттыгы, же диний билим берүүгө мамлекет тараптан толук көңүл бурулбагандыктан улам адамдар руханий кризистен, ачкачылыктан чыгуу үчүн көрүнгөн жерден маалымат алып, ошонун натыйжасында динге туура эмес көз караштагы инсандардын пайда болуп калгандыгы менен түшүндүрүп жатышты.

«Азаттык»: Сиражиддин ажы, жамаат уруштун себебин эмнеден көрүшөт?

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Эми биз, муслмандар, Алхамдилулла, бардык нерсени жалгыз Алладан деп билебиз. Жамандыкты да, жакшылыкты да Кудайдан деп түшүнөбүз. Тагдыр ушундай экен, бул иштер болуп кетти; ал элибизге, мусулмандарга бир сыноо болду. Бул күндөр өтүп кетти, жагдай жакшы болуп кетет. Кудайга шүгүр.

«Азаттык»: Молдо Сиражиддин, Ошто болгон чет элдик кабарчылар, динаятчылар эки улутту элдештирүүгө олуттуу салымын кошууда деген кеп натура дешет. Себеби, кыргыздар арасында өзбектерге болгон жек көрүүчүлүк, ал эми өзбек жамаатында кыргыздарга болгон жек көрүүчүлүк жана ишенбөөчүлүк күчтүү экенин, атүгүл эки улут бирин-бири айыптоолору дале мечиттерде талкууланганын айтышат. Ушундай пикирге эмне дейт элеңиз?

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Ушул окуялар болуп жатканда беш маал намаз, жума намаз маалында окулуп жатты. Баарыбыз Алла-Таалага дуба кылып, элибизде тынчтыктын болушун тилеп отурдук. Дамыллаларыбыз да эл журтту ыймандуулукка, сабырдуулукка үндөп жатышты. Ал күндөрдү сабырдуулук менен өткөрдүк. Кудайга шүгүр, эл азыр сабырдуу.

«Азаттык»: Сиражидин ажы, ошол тополоң маалында эмнегедир эл ичине чыгып, «Токтогула, тилибиз, динибиз жакын эл өз ара бөөдө кан төкпөйлү!”- деп чыккан молдолор болбоду дешет?
Оштун бир мечитиндеги сыйынуу, 2009-жылдын 15-майы.

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Жок, андай эмес. Эки тараптын молдолору бирге болуп, намазга же жума намазга чогулган адамдарды ынтымакка, тынчтыкка чакырып, сөз сүйлөп, чогуу дуба кылып жаттык. Кудайга шүгүр, ал күндөрү биз баарыбыз бир сапта туруп, Алладан тынчтык болушун тиледик. Намазгөйлөрдү сабырдуу болгула деп сурандык. Баарыбыз бир жакадан баш чыгарып, эл-журтубузду эң негизгиси сабырдуулукка чакырганга далалат кылып жаттык.

Чубак ажы Жалилов: Сырттан келген байкоочулардын динаятчылардын эл ичинде кадыры болгон жок деген сыяктуу сөздөрүн мен таптакыр четке кагам. Мисалы, Жалал-Абадда болгон окуяда Сузак районунун өзбек маалесине молдолор гана киришти, молдолордон башка эч ким кирген жок ал жакка. Ошондон кийин тынчтык орноду. Ош шаарын алсак, муфтийдин биринчи орун басары Убайдулла ажы өзү кан кечип жүрүп, денесинен, башынан ажыраган бейтааныш өлүктөрдү чогуусу менен алып барып, жаназа окуп көмүп жатты. Ушул жерде башка адамдар эл арасына чыккан жок. Жанагыдай сөздөрдү Ислам дининин кадырын төмөн түшүргөнгө багытталган аракет деп баалайм. Ушул жерде элдер бир нерсени түшүнүштү. Алардын эки жакты элдештирүүдө бар үмүтү динаятчылар экенин билишти. Себеби, карапайым эл бизге болгон кайрылууларында ошондой үмүт-ишеничичин айтып атышты. Өзбек, кыргыз улутундагы адамдар мен муфтий болгондон кийин да мага келишип: "Түштүктө аскерлердин кээ бирлери элге каршы чыгып атат, ушуларды айтып койсоңуз, биздин үнүбүз сиз аркылуу гана жетип атат", - деген муң-зар менен коштолгон кайрылууларын айтышты.

Мечиттер да бөлүндүбү?

«Азаттык»: Сиражиддин ажы, кээ бир адамдар эл арасындагы ажырымга намазгөйлөрдүн кыргыз, өзбек мечит болуп бөлүнгөнү да себеп болгонун айтышат. Мисалы, «Курманжан датка» же «Манас-Ата» мечити аталса, оштуктар өздөрү эле бул жайга жалаң кыргыздар чогулат, ал эми «Шейит-Дөбө», Масалиев көчөсүнүн Ош базары тушундагы мечитти өзбектердики деп айтышат экен. Бул сөз канчалык жөндүү?

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Жок, ал натуура сөз. Бардык адамдар мечитке кыргыз же өзбек деп бөлүнбөстөн аралашып келишип, “Бир жакадан баш чыгарып» ибадат кылышат. Мусулмандарда улутка бөлүү жок, бардыгыбыз бир момун мусулманбыз. Андай кеп-сөздү уксаңыз, ал натуура маалымат. Ош тополоңу маалында меичттерде аралашып намаз окудук. Эл арасында тополоңго чейин да, тополоңдон кийин эч өзгөрүш болгон жок. Мечитке эл аралашып келип эле ибадат кылышып, дуба окуп жатат.

«Азаттык»: Анда эмне үчүн ырасмий маалыматтар боюнча өтө көп адамдар Ош шаарынан, Жалал-Абаддан азыр кетип атат?
Сузактын мечитиндеги жума намаз, 2010-жылдын 18-июну

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Бу адамдар бала-чаканы багуу максатында, тиричилик кылыш үчүн кетип жатат.

«Азаттык»: Ошентсе да Чубак ажы, Оштун калкы улутуна жараша мечитке бөлүнбөөсү үчүн мен байкоочулардын кебин айтып атам, чындап эле тополоңдо жабыркаган маалелердин ордуна бир ирет маалымдалгандай, ар түркүн эл чогуу жашагандай бийик тамдарды куруу керектир. Анын үстүнө кыргыз-өзбек чогуу жашаган маалелерде чыгым болбогону, эл чогуу ошол маалени, көчөнү коргогону маалым. Чубак ажы, бул пикирге сиздин оюңуз кандай?

Чубак ажы Жалилов: Азыр «Кытайдын борбору Бээжиндеги мечитте эмне үчүн кыргыздар менен кытай аралашып намаз окубайт?» дегендей сөз болуп жатат. Эмне дегенде Бээжинде кыргыз жок. Ошол сыяктуу эле Оштун кээ бир райондорунда бүтүндөй өзбек улутундагы адамдар жашагандыктан алардын мечитинде жалаң өзбектер намаз окуганы табигый көрүнүш. Ал жердеги мечитте мусапырчылык менен келип, же өтүп кетип аткан гана кыргыздар окуп калбаса, башка адамдар келбейт. Ошондой эле кээ бир кыргыз жашаган жерлердеги мечиттерде түгөл кыргыздар намаз окушат, а өзбек туугандар ошол жака соода менен келип аралашып эле калбаса, башка учурда барышпайт. Ал эми өзбек-кыргыз аралаш жашаган жерлерде, бул маалыматты мен да четке кагам. Мисалы, мен экинчи жолу Ошко сапарга барганымада “ал-Бухари Алай” мечитинде намазды өзбек-кыргыз чогуу аралашып, (проценттик деңгээли да 50 пайыз десек жаңылышпайбыз) окуп жатышты.
Кара-Суудагы мечит.

Ал эми "Шейит-Дөбө" мечитинде намазга жыгылгандардын 30 пайызга жакыны кыргыз туугандар болсо, 70 пайызга жакыны өзбек туугандар болот. Бул жерде көбүнчө өзбек улутундагылар жашагандыгы үчүн ушундай. Ал эми ушул коогалаңдан бир айдан кийин, менин үчүнчү жолку сапарымда “Хад-Кожо” деген мечитке барганымда (бул жерде негизинен өзбектер жашайт) намазга келген бир канча кыргыздарды өз көзүм менен көрдүм. Андан сырткары, өзүңүз туура белгилегендей, өзбек- кыргыз чогуу жашаган жердеги үйлөр кыргынга учурабаган себеби, ал жердеги адамдар күнүгө бири-бирин көрүп турушат. Ал жерде кыргыз ким, өзбек ким экенин баары билет. Элибизде “Өңдү көрсө жүз тайды” деп айтышат эмеспи. Ал эми жалаң кыргыздар жашаган жерге бирөө келип: “Кыргыздар, силер мындайсыңар”,- деп, же өзбек жашаган жерге келип, кыргызча сүйлөп:”Силер мындайсыңар,”- деп элди бири-бирине чагыштырып кайраштырганга жалгыз улут жашаган жерде шарт көбүрөөк түзүлүп калган деп айтаар элем.

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Азирети муфтий туура айтып кетти. Мен да кошулам, ошондон пайдаланышып ушундай кылып кетти.

Руханий жакырчылык жана саясий шариат

«Азаттык»: Ошто жаш балдарды намазга чакыруу кеңири жайылган көрүнүш экени көп маалымат булактарынан кабарланууда. Жаш балдар Орозо айт, Курман айт түгүл ар күнү мечитке намазга барышат дешет. Бул акырындап жүрүп алардын диний фундаментализмге, андан ары экстремизмге кирүүсүнө өбөлгө болот деген да эксперттер бар. Анткени, жашоодогу оорчулуктарды өздөрүнөн эле эмес, кайрыдиндерден же башка диндердеги адамдардан көргөн көз караштар мечиттерде кеңири жайылганы айтылат. Жаш балдар берегидей кепке ишенип кетет дешет серепчилер. Муну ислам, араб өлкөлөрүндө өткөрүлгөн бир катар сурамжылоолор да көрсөткөн. Канчалык негиздүү ушундай байкоолор?
Оштун бир мечитине келген мектеп окуучулары, 2009-жылдын 29-майы.

Чубак ажы Жалилов: Бул көрүнүш эң туура көрүнүш. Себеби, адам материалдык муктаждыкка зар болсо, уурдап-тонойт. Мындай уурулукту биз кээде жөндүү деп кабыл алып калабыз. Азирети Умардын убагында ислам өлкөсүндө өтө жакырчылык болгон убакытта адамдардын колун кескенге тыюу салган азирет Умар. Себеби, Кураны каримде «уурулардын колу кесилсин» деп айтылгандыктан Мухаммед пайгамбрдын үмөттөрүнүн колунун көбү кесилип калаар эле. Бул саясий шариат деп айтылат. Ошол сыяктуу азыркы учурда бизде руханий ачкачылык болуп турат. Чындыгында, Кыргызстанда материалдык ачкачылыкка караганда руханий кризис көбүрөөк. Ал эми адамдардын ашказаны тамакка мутаж болгондой эле, булардын жүрөгү диний билимге, руханий көрөңгөгө муктаж болуп турат. Алар ислам дини аркылуу гана андай талапты кандыра алат. Мына ошол нерсени, биз мамлекет катары эгер камсыз кылып бере албаган болсок, анда жөнөкөй жарандарды күнөөлөгөнгө биздин моралдык дагы, Кудайдын астында дагы пендечилик укугубуз калбай калат.

Шариатыбыз дагы ушундай жоболор менен айтат: Эгерде адамга сабак берип жатканда адамдын өзүнүн ким экендиги анык болсо гана, орусча "личность" деп айтабыз, ошол адам гана анык тарбия бералат. Азыркы күндө бизге анык эмес болгон, көрүнгөн жерде ырасмий эмес булактардан илим алган, өздөрүнүн илими да шектүү болгон инсандардын тараткан баракчалары, же алардын айткан сөздөрү аркылуу адамдар өзүнүн руханий көрөңгөсүн байытканга аракет кылууда. Мына ушуну биз өзүбүз колго албасак, анда бул нерсе туура эмес жакка кетип калышы мүмкүн. Бул дегеле түштүк облустарында эмес, балким түндүк аймактарда, же болбосо ошол эле Нарындын өзүндө козголуп жүргөн маселе. Түштүктө эки улут жайгашкандыктан жайкы чатактын чыгышына улут аралык маселени себепчи кылышкан болсо, башка жерде башка бир нерсени себеп кылуусу мүмкүн. Демек элибизди диний жактан агартуу - бул мамлекеттин мойнундагы айныгыс милдеттердин катарындагы иш.
Бишкектеги бир мечитте жума намазын окуп жаткан жаш балдар, 2010-жылдын 25-июну.

«Азаттык»: Сиражиддин ажы, мечитке такай барган жаш балдар арасында араб маданиятына өтө берилүү, ошол эле учурда Батыш, Чыгыш, башка элдердин маданиятын таануу сезими күч алган дешет?

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Албетте, өспүрүм болгондон кийин аларда дүйнөгө кызыгуу күчтүү. Ошон үчүн биз алардын мечиттен таалим-тарбия алышын каалайбыз. Таксыр айткандай, Балдар ислам билими ишенимдүү адамдардан таалим-тарбия алышса жакшы болмок. Ошондо балдарыбыз жаман жакка барбай, жаман иштерге кошулбай, аман-соо да болушат.

Июнь коогасында мусулмандар эмне үчүн бирин-бири аяшкан жок?

«Азаттык»: Ошто киши колдуу болгон МАИнин эки кызматкеринин өлүмүнө ажыда болуп келген эки адамдын, болгондо да өлкөдө тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун эки мүчөсү жооптуу экени тергөө кезинде аныкталганы жөнүндө маалыматтар болууда. Бул ажылык кээ бир динзарларды бузукулуктан сактабасын, алардын дилин тазартып, ыйман жолуна салбаганын күбөлөйт го... Же андай эмеспи?

Чубак ажы Жалилов: Азыркы учурда, мисалы, чиркөөлөрдүн тонолуп атканын да кээ бир адамдар исламга жүктөгүсү келип атат. Ошол эле убакта түштүктөгү окуядан кийин дагы көптөгөн мамлекеттик кызматчылар келип, түштүккө барсаңыздар дешип, бизден жардам сурашкан. Бирок тополоң бүткөндөн кийин алар биз менен байланышпай калышты. Болбосо, шайлоо өнөктүгүнүн астында көптөгөн партиялар келип, дуба алышып, бата алып, анан молдокелдерди өздөрүнө кошуп алып жатышты. Бирок шайлоонун жыйынтыгы чыкканда депутаттык мандат алган бир дагы молдокени көргөн жокпуз. Ошондуктан, саясатчылар биздин динаятчылардын жөнөкөйлүлүгүн көп учурда өздөрүнүн пайдасына колдонушат.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

Эгерде зыян келе турган болсо, “башы-көздөн садага" деп, аны молдолорго түртүп коюу адаты бизде күч алып турат. Мунун бардыгын биздин молдолордун жөнөкөйлүгү менен, алардын саясий тажрыйбага ээ болбогону менен гана түшүндүрөбүз. Жана сиз айткан иш боюнча айыпталып аткандар «Хизб-ут Тахрир» уюмуна тиешелүү деп айтылып атат. «Хизб-ут Тахрир» жөнүндө биздеги маалыматтар так эмес маалыматтар деп ойлойм. Булардын өздөрү менен мен муфтий катары, же салттуу диндин өкүлү катары сүйлөшүп, туура жолго тарталы деп айталы десек, же алардын кеңсесин билбейбиз, же лидерлери белгилүү эмес. Эгерде биздин мыйзам жол бере турган болсо, алар баптисттер, ахмадийлер каттоого алынгандай, каттоого алынган болсо, алар менен түздөн-түз сүйлөшө алат элек. Балким, алар түшүнбөгөн маселелерди оң жолго салат белек деген ой менен айтылган кеп. Мелис Эшимкановдун убагында КТРден берилген «Жума кутпасы» деген берүүбүз алынып салынды. ЭлТРден суранганыбыздан мурдарак убакыт берилбей калып, анан күнөө келгенде бар жалаа муфтиатка жабылып коюлуп атат. Бизге телерадио аркылуу көбүрөк орун берилген болсо, булардын айтып аткан күмөндүү болгон ой-пикирлерин таразалап, ошого исламдын түз пикирин бергенге аракет кылаар элек. Анан бирөөнү күнөөлөгөндө Кудайды карап күнөөлөсө, адилеттүүрөк болор эле.

«Азаттык: Сиражиддин ажы, Куран каримдин «Хужурат» сүрөөсүндөгү бир аятта «О, момун мусулмандар, бири-бириңерди мазактабагыла, жаман лакаб аттарды койбогула» деген. Бирок Ош, Жалал-Абадда болуп кеткен коогалаңда эмнегедир мусулмандар бири-бирин аяган жок, эмне үчүн деп ойлойсуз?

Сиражиддин ажы Шамсудинов: Мен сиздин мындай сөзүңүзгө такыр кошула алайм. Себеби мечитке келип, Аллага табынган момун мусулмандар ар кандай жаман иштерге барган жок. Ошол коогалаңдуу күндөрү өзбектер менен кыргыздар бири-бирине бара алышпагандыктан, өз ара телефон аркылуу кабарлашып жатты. Кыргыз туугандарыбыз да бизден кабар алышып: “Силер чатак ишке аралашпагыла, биз да аралашпайбыз” дешип, биз сыяктуу эле Аллага жалынып-жалбарып жатышты.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

«Азаттык»: Чет өлкөдөгү мусулман уюмдарынын өкүлдөрү элди жараштырууга катыштыбы? Аттуу-баштуу динаятчылар атайын кайрылуу жасаштыбы?

Чубак ажы Жалилов: Басма сөздөн көп нерсени айтышкан жок. Канчалык деңгээлде биз жардам көрсөттүк, же болбосо канчалаган аалымдар өлкө түштүгүнө барды, ал жөнүндө айтылган жок. Муфтиаттын өзүнүн кербени да жардам алып барды, муфтиаттын кызматкерлеринин 90 пайызын ошол жакка жөнөттүк. Булар учкай айтылып кетип, бирок толук айтылган жок. Бирок биз буга капа болгон жокпуз. Кылган ишибиздин баары Кудайдын ыраазылыгы үчүн. Бүткүл дүйнөлүк ислам аалымдарынын коомунун өкүлдөрү келип кетти. Бул Бишкектеги Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын чакыруусу менен болду. Башында Кура Даги баш болгон аалымдар келип, азыркы учурда алар тараптан бөлүнгөн каражаттарга турак-үйлөр салынууда. Башка өлкөлөрдүн муфтийлери, же ардактуу аалымдары, (Казакстандан, жакынкы жана алыскы кошуна өлкөлөрдөн дагы) Кудай талаага жалынып дуба кылып жатышты; алардын элди сабырдуулукка чакырган телеграммалары келип турду. Иран Ислам Республикасынан дары келгенде жеке өзүм коштоп, элчи мырза менен Ошко бардык. Түрк элчиси Фехрибей менен да Ошто, Жалал-Абадда, кийин Бишкекте Куран окутуу салтанаттарын өткөрдүк.

Орозо айында өзбек-кыргыз аралаш жашаган жерлерде эл чогулутуп, аларга тамак берүү аземи астында сөз сүйлөп, элди бириктирүүгө аракет кылдык. Кийин Бүткүл дүйнөлүк ислам аалымдар уюмунан келгендерди Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Болотбек Абдрахманов өзү жетектеп барды. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана башкалар да чогуу болушту. Алар Алай, Өзгөн жана башка райондордо болушуп, адамдарга жакшы маселелер айтылды. Мунун биздин президентибиз Роза Отунбаева да өзүнүн сөздөрүндө баса белгилеген.

«Азаттык: Ырахмат сиздерге.
XS
SM
MD
LG