Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамы иштен алынды


Оштогу тополоң алдында, түн бир оокумда беймаал азан айтылышы түкшүмөл суроолорду пайда кылууда.
Оштогу тополоң алдында, түн бир оокумда беймаал азан айтылышы түкшүмөл суроолорду пайда кылууда.

Муфтий Чубак ажы Жалилов алдыдагы орозо тууралуу журналисттерге маалымат берип, тополоң алдында беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамын кызматтан алганын, калган жагдайларды укук коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.

Муфтий Чубак ажы Жалилов уламалар кеңешинин сунушу боюнча муфтиятта алдыдагы орозо тууралуу фатва (чечим) чыккандыгын жарыя салды:

- 2010-жылдын 11-августу (шаршемби) – орозо айынын алгачкы күнү. 2010-жылдын 10-сентябры (жума) – Орозо айт. 2010-жылдын 16-ноябры – Курман айт.

Муфтий Чубак ажы Жалилов мусулмандарды орозо айында кечиримдүү болууга, өткөн-кеткенге өкүт жасабоого, таза жүрүүгө чакырып, орозо битир маселесине да токтолду. Орозо битир адаттагыдай эле 1,6 килограмм буудайдын баасы менен өлчөнүп, жан башына 14 сом деп табылган.

Муфтий Чубак ажы Жалилов зекет боюнча да түшүнүк берди. Анын айтымында, мусулман адамдын өз тирлигинен ашыкча жыйнаган байлыгынын 40тан бир бөлүгү зекетке кетиш керек. Башкача айтканда, жылына бир жолу кедей-кембагалдарга таратып бериш керек. Зекет берүүгө 85 грамм алтыны барлар, демек, азыркы Кыргызстандын шартында 82 450 сомдон ашык байлыгы барлар катыша баштайт. Үй тирлигиндеги буюмдар, маселен, канча унаасы болсо да, канча муздаткычы болсо да алар зекет берүүгө милдеттендирилбейт.

Быйыл орозо айы эң узак, абасы ысык августка туш келгени турат. Анын үстүнө көптөгөн адамдар кайгы жутуп, бар-тапканынан ажырап турган чак. Ош шаарынын тургуну Иманберди Жалилов орозого эч кандай шарт тоскоол боло албай турганын белгиледи.

Жай мезгили болгондуктан алдыдагы орозодо өз убагында үйгө келип ооз ача албай калышыбыз мүмкүн деп чочулагандар жок эмес. Аларга Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов мындай кеңеш берди:

- Кыргызстан ислам мамлекети болбогондуктан ооз ачар убагында көптөгөн адамдар иште же жолдо болуп калышы ыктымал. Ооз ачуу - сөзсүз үйдөгү дасторконго жетүү эмес. Ооз ачар убакытты өткөрүп ийбей, ниет кылып, суу менен да, сүт менен да, курма менен да ооз ачса боло берет.

Муфтий Чубак ажы Жалилов маалымат жыйынында айрым орун басарлары, бардык облустардын, Бишкек шаарынын казылары менен чогуу түштүккө баргандыгын айтып, этностор аралык кагылышуу болордун алдында беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамын кызматтан четтеткенин, калган жагдайларды укук коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.

Орозо таңдын атышына карап Кыргызстандын ар бурчунда ар башка мүнөттөрдө кармалат. Маселен, Бишкекке караганда Ошто 15 мүнөт кеч тутулат.
XS
SM
MD
LG