Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

УКМК Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалганын билдирди


“Беш-Сары” соода комплекси.
“Беш-Сары” соода комплекси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Беш-Сары” компаниясынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаева кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишканада өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. 2023-жылы ноябрь айында тиешелүү мамлекеттик органдар “Беш-Сары” компаниясынын жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин соода-базар комплексинде иштеген ишкерлердин ижара акысы 30% төмөндөтүлгөнү кабарланган.

Ишкана 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысын кайра мурдагы баага алып келип, жогорулатууну көздөгөнү айтылат. Мындан улам “Беш-Сары” соода түйүнүндө иштеген ишкерлер нааразы болушкан.

Наргиза Жолдошбаева 29-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Наргиза Жолдошбаеванын атасы Камчыбек Жолдошбаев “салык төлөөдөн качуу” жана “алдамчылыкка” шек саналып кармалганын быйыл февраль айында кабарлаган. Экс-депутат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун - 150 млн сом төлөп берди деген негиз менен 19-апрелде Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Акыркы окуя тууралуу Жолдошбаеванын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы декабрь айында ири соода-сатык комплекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган. Ал “базарлардын ээлери ишкерлерге шарт түзбөсө, аны мамлекетке алып коюуга саясий эрк жетиштүү” экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG