Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

Такыбалардын “табышмагы”


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот Абдрахманов Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга жергиликтүү диний лидерлердин да тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ал башаламандыктар башталардан мурун мечиттерде беймаал азан чакырууга уруксат берген айрым имам-хатибдер учурда изин жашырып, качып жүрүшкөндүгүн билдирди.

Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов да тастыктады. Серепчилер муну өлкөдөгү диний кырдаалдын бир өңчөй эмес экендиги менен байланыштырышууда.

Тергөөнүн материалдарына караганда июндун онунан он бирине караган түнү беймаал убакта шаардын бир топ мечиттеринде азан чакырылган. Андан соң салют атылып, башаламандыктар башталып кеткен. Ошол күндөрү Жалал-Абад шаарындагы мечиттин имамы Мухаммеджан Ахмедов улуттар аралык кастыкты ырбатууга тиешеси бар деген шек менен камакка алынды. Ош шаарынын казысы Рахматулла Касымов жана бир катар мечиттердин имамдары кызматтарынан кетишти.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахманов алардын көпчүлүгү учурда из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөндүгүн белгиледи.

- Ошол түнү беймаал азан чакырылышына тиешеси бар имамдар туура эмес иш кылгандарын эми билишип, азыр өздөрү качып жүрүшөт. Учурда ошол түнү мечиттерден беймаал азан чакырылган көрүнүшкө баа берилип, талданып, аныкталып жатат. Качып кеткен дин кызматкерлеринин ордуна жаңы адамдар келишип, тынчтыкты сактоо, туруктуулукту камсыздоо жана чатакташкан тараптарды жараштыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Жанагындай башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелген адамдар иштен кетишкен.

Кыргызстанда салтуу исламдан тышкары түрдүү багытты тутунган диний агымдар кийинки учурда күчөп кеткендиги айтылып келет. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов мына ошол агымдардагы исламдын атын жамынуу менен кара өзгөй мерчемдерин жүзөгө ашырууну көздөгөн айрым диний лидерлер башаламандыктардын орун алышына түрткү болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Бейубак азан айтылган, мусулмандардын ортосунда жихад жарыялаган нерселердин бардыгы бул диний билими бар адамдын фатвасы (чечими, бүтүмү) болбосо жөндөн-жөн эле айтылмак эмес. Демек ошол уруштун болушуна кызыкдар болгон диний лидерлер болгон деген түшүнүктөмүн. Эгерде диний билими бар туруп, мусулман менен мусулманды касташтырган, аларды кан төгүүгө чакырган учурда биз ал адамдарды мусулман деп тааный албайбыз. Ал жоосун шайтандан деп билебиз. Ал эми шариятта мындай аракет арам эсептелинип, өтө чоң күнөөлөрдүн катарында турат.

Учурда ондон ашуун түрдүү багыттагы диний агымдар өлкөдө мыйзамдан сырт ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Алардын ичинен серепчилер ахмадийлер, акромийлер, салафийлер, вахабийлер жана хизбийлер сыяктуу агымдардын таасир көрсөтүү чөйрөсү күчөп жаткандыгын белгилешет. Муну талдоочулар мусулмандар диний башкармалыгынын өзүндөгү абалдын жакшы эмес экендиги менен байланыштырышат. Анткени муфтийдин орду үчүн болгон күрөш диний такыбалардын чыныгы жүзүн ачып койду деп белгилейт дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот Абдрахманов:

- Муфтийди шайлаган бир эле орган бар, ал Уламалар кеңеши деп коёт. Ал кеңешти чогулткан максаты да ошондо болуп жатат. Алар келишип татыктуу муфтийди шайлап алышы керек. Баягы коркутуп, үркүткөндүн жыйынтыгында жана өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып, кызматка келип калгандарга туура баа берилиши керек. Буга эми жакында чогула турган Уламалар кеңеши баа берет деп ойлойм. Бул багытта азыр жумуштар жүрүп жатат.

7-апрелдеги окуядан кийин маркум Муратаалы ажы Жуманов муфтийдин милдетин аткарып турууну Ислам университеттинин ректору Абдышүкүр Нарматовго тапшырат. Бирок Уламалар кеңешинин жыйынына бир күн калганда мурдагы муфтийди белгисиз адамдар уурдап кетишип, эртеси кайра кайтарышкан. Андан соң муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр Нарматов кызматтан кетип калган. Муфтийдин милдетин аткаруу анын орун басары Сүйүн ажы Кулуевге жүктөлөт. Бирок ага коркутуу болуп, кайсы бир күчтүн жардамы менен Руслан Жумагулов деген адам кызматка келип калган.

Фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов буга жакында Уламалар кеңеши баа бере тургандыгын белгиледи.

- Бул нерселерге уламалардын баасы берилбей койбойт. Бирок биринчи кезекте бизде бул маселени териштирүү эмес, болуп өткөн окуяларды жөнгө салуу болгондуктан Уламалар кеңешинин мүчөлөрү элди ынтымакка, ыйманга, биримдикке чакырышып, жер-жерлерде иштеп жүрүшөт. Албетте биринчи даражадагы маселе бүткөн соң экинчисине орун берилет. Аталган маселе жакында каралып, ага чекит коюлат.

Ошол эле учурда серепчилер дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиле так аныкталбагандыктан, диний кырдаал коомдогу кандайдыр бир чыңалуунун очогуна айланып калып жатат деп болжолдошот.
XS
SM
MD
LG