Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

"Орусиядагы мигранттарды сак болууга чакырабыз"


Нурсултан Карабаев
Нурсултан Карабаев

Кремлдин Украинада уланып жаткан согушунун тушунда борборазиялык мигранттардын ишинде улам кыйынчылыктар жаралып, аларга мамиле барган сайын катаалдашууда.

Ар кандай мыйзам бузууларга айыпталып кармалгандардын айрымдарын фронтко жөнөтүү коркунучу да тооруп турат. Ал эми өткөн айда Москвага жакын жердеги теракттан кийин абал ого бетер оорлошуп, мигранттарды басмырлоо күч алганы айтылып жатат. Бул маалыматтарды "Азаттыктын" социалдык түйүндөгү баракчаларына дээрлик күн алыс келип жаткан кат-кабарлар далилдейт.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бир канча жылдан бери укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев ой бөлүштү:

- Орусиядагы мигранттар буга чейин деле кыйынчылыкка көп туш болушчу. Жылдан жылга мыйзамдар татаалдаштырылып, "Крокус ситидеги" каргашалуу окуядан кийин ого бетер катаал болуп баратат. Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттердин жарандарына да түйшүк жараткан өзгөртүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, 1-апрелден күчүнө кирген мыйзамга ылайык, кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү бир жылга гана жарактуу болот. Мигрант бир жылдан кийин Орусиядан айдоочулук күбөлүк алууга милдеттүү. Бул кошумча төлөм талап кылынат - чөнтөккө зыян. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары үчүн виза режимин киргизүү тууралуу сөз болуп жатат. Бул чыныгы демилгеби же популизмби, азырынча белгисиз. Андан тышкары, Кыргызстанга "тандап алуу" ыкмасы киргизилиши мүмкүн. Мындай тажрыйба Өзбекстанда колдонулат. Анын оң да, терс да жактары бар.

- Ал кандай ыкма?

- Мисалы, Орусиядагы кайсы бир компания "бизге 300 киши керек, алардын арасында 100 адам ширетүүчү болушу зарыл" дегендей буйрутма берет. Ошол жумушчуларды Кыргызстандагы жалдоочу фирмалар даярдап, жөнөтөт. Азыр мигранттар тааныштары аркылуу, туугандары аркылуу жумуш таап, иштеп жүрөт эмеспи. Европага жумушка кетип жаткандар ошол "тандап алуу" ыкмасы менен барышат.

- Сиз айтып жаткан демилгелер "Крокустагы" каргашага чейин эле күн тартибинде бар беле?

- "Крокустагы" терактка чейин деле мигранттарга мамиле бир кылка болгон эмес. Алар көп басмырлоого кабылышчу. Теракттан кийин аларды жек көргөндөргө ого бетер шылтоо табылды. Мигранттарды алар тажик, кыргыз же өзбек деп бөлбөйт. Орус полициясы же башка органдардын адистери баарынын эле укугун бузушат. Эми кээ бир кесиптерге - такси айдаганга, коомдук тамактануучу жайларга иштегенге мигранттарды такыр жолотпоо же алардын санын чектөө тууралуу сөз болуп жатат. Мурда Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги "Орусияда жумуш" деген онлайн платформа ачкан. Бирок анысы дурус иштечү эмес. "Крокустагы" окуядан кийин аталган министрлик саясатын күчөтүп, ишке ошол платформа аркылуу гана кабыл алууну жактап жатат.

- Ал кандай иштейт?

- Ошол жерге бош иш орундары тууралуу жарыялар чыгат. Жумуш издегендер арыз жазып гана ишке кабыл алынат.

- Терактты ишке ашырууга шек саналгандар тажик тектүү жарандар экени маалымдалгандан кийин мигранттарды текшерүү күчөгөнүн угуп жүрөбүз. Андан бери силерге кайрылгандар көбүнчө кандай көйгөйлөрдү айтып жатышат?

- Кыргыз жарандырын көп кыйнаган маселелердин бири каттоого туруу болчу. Ал үчүн эмгек келишими керек. Орусиялык иш берүүчүлөр көбүнчө андай келишимдерди түзбөйт. Себеби ал үчүн салык төлөшү керек. Мындан улам мигранттар түйшүк тартышат. Теракттан кийин болуп жаткан рейддерде ошол каттоонун айынан кармалып, суракка алынгандар бар. Орусияда полиция кызматкерлери көчөдөн эле тосуп текшерип, суракка ала берген адаты мигранттарды жүдөтөт. Мындай текшерүүлөр "Крокустагы" окуядан кийин ого бетер күчөдү. Ошондуктан биз биздикилерге жок дегенде бир-эки ай эл көп чогулган жерлерге барбай, топ-топ болуп баспай эле коюу зарылдыгын айтып жатабыз. Андан тышкары, социалдык түйүндөр аркылуу, мессенжерлерде көп жазышып, терактты талкуулабай эле койгон оң. Анткени полиция мигранттардын социалдык түйүндөгү баракчаларын, жазышууларын текшерген фактылар бар. Мигранттар азыр колунан келишинче өздөрүнө сак болушу керек.

- Орусияда "чет элдик агент" өңдүү мыйзамдар бар эмеспи, эл аралык же чет элдик уюмдардын ишмердигин тескеп, керек болсо алардын иштешине уруксат бербейт. Мындай шарт силерге мигранттар менен иштешүүдө кыйынчылык жаратып жаткан жокпу?

- Албетте, жаратат. Түйшүк бар. Бирок ал жөнүндө айтпай эле койгонум оң. Биз тиешелүү жардамды өзүбүздүн мамлекеттик органдардын көмөгү менен ишке ашырып жатабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG