Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусияда кыргыз дипломаты полициянын кысымына кабылды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлөсүнө карата орус полициясынын орой мамилесин айыптап, нота тапшырды. Орусия тарап окуяны териштирүүнү убада кылды.

ТИМдин айыптоосу

Окуяга байланыштуу 12-апрелде Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Орусиянын элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьевой менен жолугушуу өттү.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз тарап мындай мамиле 1961-жылы кол коюлган “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” Вена конвенциясынын талаптарына каршы келерин эскертти.

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитацияланган кызматкерлерине карата Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттери кабыл алынгыс экени, кылдат териштирүүнү жана күнөөлүүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартууну талап кылары белгиленди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Консул Андрей Бурьевой бул окуяга өкүнүчүн билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын нотасын кабыл алганын, териштирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилерин кабарлады.

ТИМ элчиликтин кызматкеринин үй-бүлөсүнө жасалган мамиле тууралуу кенен маалымат берген жок.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев полициянын орой мамилесине кабылган элчиликтин кызматкери Манас Жолдошбеков экенин ырастады. Ал Х баракчасында Жолдошбеков менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураганын жазды:

“Манас Жолдошбеков менен байланышып, чоо-жайын тактадым. Инцидент болуптур, бирок Кудайга шүгүр, эч ким жабыркабаптыр. Эгерде элчиликтин кызматкерине ушундай болуп жатса, иммунитети жок жарандарга кандай мамиле болуп жатканын элестетүү кыйын. Орус полициясы жаалданып калган окшойт”.

"Эшигин бузуп кирген"

Орусиялык "ВЧК-ОГПУ" Телеграм-каналы кыргыз элчилигинин кызматкери кабылган окуя жөнүндө кенен жазды. Андагы маалыматка ылайык, 8-апрелде эки полиция кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун тийиштүү уруксаты бар-жогун текшерүү үчүн анын үйүнө мыйзамсыз кирип келген. Башкача айтканда, үйүнүн кулпусун жана эшигин бузуп кирип, орой мамиле жасап, миграциялык каттоо боюнча документти талап кылышкан.

“Дипломат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык паспортторун жана дипломатиялык карталарын көрсөткөнүнө карабай, милиция кызматкерлери алардан миграциялык каттоо документтерин берүүнү талап кылышкан. Натыйжада дипломаттын аялынын денесине, жашы жете элек балдарына психологиялык жактан зыян келтирилген”, - деп жазылган анда.

Телеграм-канал Орусиянын Ички иштер министрлигинин жетекчиси тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлбөгөнүн жана эч кандай чара көрүлбөгөнүн белгилеп жазды.

Миграция маселеси курч бойдон турат

Кыргыз элчилигин кызматкеринин окуясы Орусияда мигранттарга текшерүү күчөгөн учурга туш келди. Мындан улам миңдеген кыргыз мигранттарынын ал өлкөдөгү абалы тынчсыздандырууда.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бул окуя кыргыз бийлиги мигранттардын абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин көрсөттү дейт:

Алмаз Тажибай
Алмаз Тажибай

“Мамлекеттик кызматкерге орой мамиле кылгандар жөнөкөй жумушчу мигрантты аяп койбойт. Мындай мамиле болуп келген. Айрыкча “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин мигранттардын кооптонуусу күчөдү. Муну түшүнсөк болот. Тышкы иштер министрлиги эми мигранттарды кандайдыр бир коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүшү керек. Буга чейин эле мигранттар арасында элчиликке нааразылык болуп келген”.


Соңку учурда борборазиялык мигранттардын ишинде улам кыйынчылыктар жаралып, аларга мамиле барган сайын катаалдашып жатат.

Орусияда кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев мигранттарды сак болууга чакырды.

“Текшерүүлөр "Крокус Ситидеги" окуядан кийин ого бетер күчөдү. Ошондуктан биз биздикилерге жок дегенде бир-эки ай эл көп чогулган жерлерге барбай, топ-топ болуп баспай эле коюу зарылдыгын айтып жатабыз. Андан тышкары, социалдык түйүндөр аркылуу, мессенжерлерде көп жазышып, терактты талкуулабай эле койгон оң. Анткени полиция мигранттардын социалдык түйүндөгү баракчаларын, жазышууларын текшерген фактылар бар. Мигранттар азыр колунан келишинче өздөрүнө сак болушу керек”, - деди Карабаев.


"Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуудан мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Жанарбек Акаев 4-апрелдеги сессияда өкмөттү мигранттар боюнча Орусия менен сүйлөшүүгө чакырган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров миграцияга тийиштүү иштер жүрүп жатканын айтып, кыргыз жарандары дагы барган өлкөсүнүн салтын, мыйзамдарын сакташы керек экенин билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилбегенин билдирген.

Ал тапта "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кыргыз жаранына Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү (“Терроризмди ачык актоо”) боюнча иш козголгону белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG