Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Манасты тарткан сүрөтчү Зеленская


Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетүүдө. 8-март, 2020-жыл.
Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетүүдө. 8-март, 2020-жыл.

8-мартта маршка чыгып, кармалгандардын бири – Татьяна Зеленская чыгармачыл чөйрөдө кыргыз тарыхын, маданиятын, турмушун жакшы билген таланттуу сүрөтчү катары белгилүү. Ал Кыргызстанда «Манас» эпосу тууралуу анимациялык фильм жараткан саналуу адамдардын бири.

Мындан улам коомчулук өкүлдөрү социалдык тармактарда Зеленскаянын Манас дүйнөсүнө кошкон салымы аялдар укугу тууралуу акцияларга каршы чыгып жүргөн «Кырк чоро» уюмуна караганда арбын экенин айтып жатышат.

Былтыр социалдык тармактарга тараган «Улуу аш» деп аталган анимациялык фильмде Көкөтөйдүн ашы тууралуу баяндалат.

Тасма «Нарк» долбоорунун алкагында Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романынын негизинде жалпы журтту биримдикке жана ынтымакка чакыруу тилеги менен тартылган. Кыска метраждуу фильмдин режиссеру жана анимациялык сүрөттөрдүн автору - Татьяна Зеленская.

Анимациялык тасмада байыркы кыргыз доору, мекенин, элин коргогон айкөл Манастын, аны жандаган чоролордун тоодой карааны, акылга дыйкан Бакай ата, Каныкей баштаган каармандардын бейнеси өтө чебер, өзгөчө сүрөттөлүп, эпостогу окуялар кыл калемдин тили менен сүрдүү, сырдуу баяндалган.

Көрүүчүлөрдүн айтымында, анда Татьяна Зеленская тарткан сүрөттөр Герцендин сүрөттөрүнөн артык болушу мүмкүн, бирок кем эмес. Мындай пикирди кубаттагандардын бири - журналист Дилбар Алимова.

«Татьяна бир да кыргыз жасабай жүргөн ишти жасап, «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн анимациялап келет. Эпостогу баянды бизге түшүнүктүү кылып сүрөткө тартып, чагылдырып жүрөт. Кечээ митингде болгон окуядан улам салыштырып көрсөк, «Кырк чоронун» атын жамынган эркектер Манасты жайылтууга көбүрөк салым кошуп жатабы же Татьяна сыяктуу назик сүрөтчүлөр алардан көп салым кошуп атабы?».

Татьянанын «YouTube» каналына жүктөлгөн кыскаметраждуу анимациялык тасмаларын бүгүнкү күндө жүз миңдеген адамдар көрөт.

Татьяна Зеленская Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясын аяктаган. Сүрөткер буга чейин бир нече долбоорлордо иштеп, акыркы жылдары ала качууга туш болгон кыргыз кыздарынын аянычтуу тагдыры, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасы боюнча бир нече социалдык тасманы жараткан. Ал чыгармачыл чөйрөдө кыргыз тарыхын, маданиятын, турмушун жакшы билген таланттуу сүрөтчү катары белгилүү. Бул тууралуу искусство таануучу Алтын Капалова кеп кылды.

Антрополог Алтын Капалова.
Антрополог Алтын Капалова.

«Ал тасма көркөмдүк жактан сапаттуу болгон. Татьяна - кыргыз маданиятын терең билген инсан. Андыктан ар бир тасмага жан дилин берип, кыргыздын салттуу маданиятына сүңгүп кирип, баалап, бир нече долбоорду ишке ашырып келатат».

Зомбулукка каршы митингге чыккан Татьяна Зеленскаянын күйөөсү Егор Танков да сүрөтчү. Чыгармачыл жубайлар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы чакырык салган бир нече долбоорлорду чогуу ишке ашырып келатышат.

Бүгүнкү күндө «Манас» эпосу боюнча анимациялык тасма тартуу көптөгөн аниматорлордун кыялы. Бирок аны баштоого даагандар аз. Татьяна Зеленская Манас ааламы өзгөчө дүйнө экенин, көпчүлүк сүрөтчүлөр бул темада иштөөдө Манас окуясын жомок сыяктуу элестетип, жараткан эмгектери реалдуу турмуштан алыстап кетерин кеп кылды.

«Манас темасы боюнча мага жигиттер кайрылып, алар тасма кандай болушу керектигин айтып беришкен. Бул жерде бүтүндөй эпос эмес, бир окуя тууралуу баяндалган. Мында мага жаккан бир идея бар - ал кыргыз элинин биригүүсү. Бул идеяны жактырып, роликти чогуу жасоого макул болгом. Мага сүрөтчү Татьяна Дедикова жана күйөөм Егор Танков көмөктөштү. Биз бул темага өтө аяр мамиле жасадык».

Татьяна Зеленская.
Татьяна Зеленская.

Анимациялык тасмадагы сүрөттөрдөн Манастын жүзүн көрүүгө мүмкүн эмес. Автор бул ыкма менен кыргыз элинин рухий туу чокусу болгон Манастын ыйыктыгын сактоого аракет жасаганын кошумчалады.

Деген менен сүрөтчү 8-марттагы акцияда улуу эпостогу каармандар, кыргыздын улуттук баш кийими туура эмес максатта колдонулганына өкүнөт.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» башталар алдында чогулгандарга башына ак калпак кийип, бетин жапкан белгисиз жигиттер чабуул коюп, натыйжада милиция марштын катышуучуларын кармап кеткен. Милиция кызматкерлери кармагандардын арасында Татьяна Зеленская да болду.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG