Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Түркия: Зилзала курмандыктарынын саны өсүүдө


Куткаруучулар урандылар астынан тирүү тапкан жаш баланы тез жардам унаасына алып барууда. Түркиянын Эржиш району, 24-октябрь.
Куткаруучулар урандылар астынан тирүү тапкан жаш баланы тез жардам унаасына алып барууда. Түркиянын Эржиш району, 24-октябрь.

Түркиянын чыгышындагы зилзаладан ажал тапкандардын саны 25-октябрда 360тан ашканы кабарланды.

Куткаруучулар кыйраган имарат астында калгандарды издеп, куткаруу иштерин улантышууда. Апаат болгон аймак менен азыр телефон байланышы жок, электр кубаты үзүлгөн, жолдор жабыркап, жергиликтүүлөр чатырларда жашап жатат. Каза болгондордун арасында эржиштик төрт этникалык кыргыз да бар экени айтылууда.

Зилзала болгон аймакка АКШ, Азербайжан, Кытай, Жапониянын куткаруучулары жардамга келип, кыйраган имараттарда издөө иштерин жүргүзүү менен кырсык кесепеттерин четтетүүгө жардамдашууда.

Кыйраган имарат астында калгандар дагы деле куткаруучулар тарабынан табылып, сыртка чыгарылууда. Андайлардын бири зилзала учурунда уранды астында иниси экөө калып, өзү аман чыкканын, иниси дагы деле дубал астында калып жатканын айтып берди:

- Иним экөөбүз зилзала учурунда үйдөн чыга албай калып калдык. Мен болсо мына сыртка чыктым. Бирок иним дагы деле уранды астында...

Минтип бузулган үй-жайларынан чыга албай калгандардын саны да бир топ болушу мүмкүн. Аларды сактап калуу үчүн куткаруучулар жан далбас аракеттенип жатат. Түркия өкмөтү 38 шаардан куткаруучулардын тобун Ванга алып келди. 650дөй куткаруучу Эржиште, 350дөй Ванда иштеп жатат. Мындан тышкары армиядан да алты батальон аскер апаат жүргөн аймакка кутаруу иштерине жиберилмекчи.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Ванга шашылыш учуп келди. Абал менен таанышкандан соң өкмөт башчы буларды билдирди:

- Эгер зарыл болсо Түрк өкмөтү башка өлкөлөрдөн көмөк сурайт. Жер титирөө болгон аймакта Азербайжан, Иран жана Болгариянын куткаруучулары иштеп жатат.

Жергиликтүү аба майдан жана автожол жарактан чыгып калгандыктан Ван менен катнаш бир топ оорчулукту жаратууда. Түрк өкмөтү башпаанексиз калган миңдеген кишилердин керектөөлөрүн камсыздоо, бузулган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери колго алынаарын билдирди. Өлкөнүн ички иштер министри Идрис Наим Сахин үй-жайсыз калгандар убактылуу баш калкалоо үчүн 100дөгөн чатырлар орнотулаарын билдирди.

Зилзала болгон Ван, Эржиш аймактарында 4 миң чамалуу этникалык кыргыздар бар. Жер титирөө очогуна жакын Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Варол акыркы абал тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

-Эржиш деген райондон биздин төрт кыргыз кайтыш болуп кетти. Шиван ажы деген ажыбыз бар болчу ал кемпири, небереси дагы Камал акенин 22 жаштагы бир кызы набыт болуп кетти.

Айыл башчы Улуу Памирдегилер тынч экенин, бирок жер дале улам-улам тербелип турганын кошумчалады:

- Улуу Памирдегилер жакшы, аман-эсен, алар тынч. Биз азыр ушул биртикеден жер тербелип тургандыктан үйлөргө кире албай турабыз. Чатыр жок, боз үй да жок болуп жаткандыктан биртикеден палас-малас, бир нерселерди тосмолоп отурабыз азыр.

Касымбек Варол зилзаладан көп жапа чеккен Эржиштеги 30 чакты үйлүү баш паанексиз калган кыргыздарды да азыр Улуу Памирге көчүрүп жатышканын билдирди.

23-октябрдагы зилзалада кыйраган имараттар арасында Ван аймактык түрмөсүнүн дубалдары да бузулган. Эки жүздөй абактагылар мындан пайдаланып качып чыкканын, анын ичинен элүүдөйү үй-бүлөсү менен көрүшүп кайра келгенин "Хюрриет" интернет басылмасы жазып чыкты.


Түркияда зилзалада жүздөгөн адам жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG