Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Ван: зилзалада кыргыздар дагы набыт болду


Куткаруучулар уранды астында калгандарды издөөдө, Түркиянын Эржиш району, 24-октябрь.
Куткаруучулар уранды астында калгандарды издөөдө, Түркиянын Эржиш району, 24-октябрь.

Түрк радио жана телекорпорациясынын (TRT) кызматкери Алмазбек Асанбаев “Азаттыктын” таңкы обосунда Анкарадан түз байланышка чыгып, апаат болгон Эржиш районунда бир кыргыз үй-бүлө уранды астында калганын кабарлады.

"Азаттык": Бул табигый апааттын масштабы, зыяны жөнүндө эмне айтылууда?

Алмазбек Асанбаев: Кечээ күнү Түркиянын чыгыш жагындагы Ван облусунда саат 13төн 40 мүнөт өткөндө жеңил, ал эми 13төн 50 мүнөт өткөндө 7,2 баллдык катуу жер титирөө болду.

Вандын борборундагы айрым райондордо жана Эржиш айылында айрым имараттар кулады. Алгачкы белгилөөлөргө караганда, Эржиш районунда 45 киши, Ван облусунда 93 киши каза болду жана көп сандаган жаралуу бар. Бул туурасында премьер министрликтен билдирилди.

Жер титирөөдөн көп сандаган жоготуу болушу мүмкүн экендиги санааркатып жатат. Урандылардын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

"Жарандык коргонуу" жана "Кызыл айдын" топтору ошол замат аймакты көздөй бет алышты. Жер титирөөдө зыянга учураган Ван аэропорту жабылды. Саат 13:50дө болгон жер титирөөнүн очогу Вандын борбордук районуна караштуу Табанлы айылы экендиги белгиленди.

Жер титирөө Битлис, Сиирт, Батман, Эрзурум, Бингөл, Агры, Муш жана Диярбакыр сыяктуу чөйрөдөгү облустарда да сезилди. Аймактын тургундары көчөлөргө чыга качышты. Жер титирөөнүн очогу болгон Табанлы айылынын айланасындагы жолдор толугу менен жараксыз болуп калды. Вандын борборунда жана Эржиште көп сандаган имарат кулады.

Урандылардын астында калгандар бар экендиги билдирилүүдө. Урандылардын астында калгандарды куткарууга аракет жасалып жатат. Куткаруу иштерине полициялар менен катар жарандар да катышууда. Эржиш районунда кризисти башкаруу бөлүмү түзүлдү жана чөйрөдөгү облус жана райондордон Тез жардам унаалары талап кылынды. Алгач аймак менен байланышуу кыйын болуп жатты. Көп сандаган район жана айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Чөйрөдөгү облустардан куткаруучу топтор аймакка өткөрүлдү.

"Азаттык": Жер силкинген Ван өрөөнүнүн Улуу Памир кыштагында кыргыздар да жашайт, сиз алар менен кабарлаша алдыңызбы, аман-эсен бекен?

Алмазбек Асанбаев: Ооба, алар менен кабарлаша алдым. Ван конулусунун айыл өкмөтү Касымбек Варол менен байланыштым. Кыргыздар жашаган Улуу Памир айылында эч кандай кыйранды болбоптур, аман-эсенбиз дейт. Бирок алардын айрымдары Эржиш деген райондо жашашат. Ошол район кыйрагандыктан бир үй-бүлө урандынын астында калыптыр. Ал үй-бүлөдө 7 киши бар экен, анын үчөө набыт болуп калды деп жатышат. Атын атай кетсем, Шиван ажы, Кормо деген жубайы жана бир кызы. Калгандарын аман-эсен чыгардык деп мага кабар беришти.

Түркияда зилзалада жүздөгөн адам жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG