Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

НАТОнун эшиги Грузия үчүн ачык


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен(оңдо) жана Грузия президенти Михаил Саакашвили(солдо) НАТОнун Брююселдеги башкеңсесиндеги маалымат жыйынында. Белгия. 25-март 2010
НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен(оңдо) жана Грузия президенти Михаил Саакашвили(солдо) НАТОнун Брююселдеги башкеңсесиндеги маалымат жыйынында. Белгия. 25-март 2010

НАТО Тбилисинин алдына койгон талаптарды аткарса, Грузия узактан берки максатына жараша НАТОго мүчө боло алат.

Мындай билдирүүнү НАТОнун башкатчсысы Андерс Фог Расмуссен бейшемби күнү Брюсселде Грузия президенти Михаил Саакашвили менен болгон кездешүүдө жасады.

Грузия жан башына алганда Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү-ISEFке баарынан көп аскер жөнөткөн.
Президент Саакашвили

Расмуссен НАТО Грузияга эки жыл мурда берген убадасы күчүндө экенин 25-мартта Грузия президентине кайра кайталады:

-НАТОнун Грузия саясаты өзгөргөн жок. Биз Грузиянын Евроатлантикалык дымагын колдоону токтотпойбуз.

НАТОнун жетекчилиги 2008-жылы апрелде Бухарестте өткөн саммитте Грузияны Мүчөлүк аракет планына кошкон эмес. Бирок, Грузия менен Украина тийиштүү талаптарды аткарса, уюмга мүчө 27 өлкөнүн макулдугу менен НАТОго кабыл алынат деп сөз берген.

Украинанын жаңы президенти Виктор Янукович жакында Киевтин НАТОго кошулуу планы сууп калганын билдирген.

Президент Саакашвили Европа элдик партиясынын жыйынына баратат, Брюссель. 25-март 2010
Президент Саакашвили бейшемби күнү Брюсселде сүйлөп, өлкөсү Абхазия жана Түндүк
Россиялык жоокерлер автоматтарын тазалашууда. Цхинвалидеги аскерий база. Түштүк Осетия. 7-август 2009
Осетиядай жикчил региондорунан айрылса да, НАТОго өтүү үмүтүнөн баш тартпаганын баса белгиледи жана Грузия Түндүк Атлантика уюмуна мүчө болот деген илгери үмүтүн билдирди. Ал Грузиянын НАТОнун Ооганстандагы миссиясына 1 миң жоокерин жөнөткөнүн да эске сала кетти:

-Биз Ооганстан боюнча милдеттенмебизди аткаруудабыз. Грузия жан башына алганда Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү-ISEFке баарынан көп аскер жөнөткөн. Биздей чакан профессионалдык армиясы бар өлкөнүн Ооганстандын өтө катаал аймагына аскер жиберүүсү чоң жүк. Ал жакка барган адамдар өз жоопкерчилигин жана башын тобокелге байлаганын жакшы билишерин баса айткым келет. Грузин коому бул чечимди колдоду деп ойлойм.

НАТО 2008-жылкы Грузия-Россия арасындагы согушта Тбилисиге куралдуу жардам көрсөтпөсө да сөз жүзүндө колдоп жатты. Натыйжада, Брюссель-Москва мамилеси салкындап кеткен. Бирок, НАТО быйыл январда Россия менен грузин согушуна чейинки кызматташтыкты калыбына келтирди жана НАТО-Россия кеңеши мурдакыдай иштей баштады. Анткен менен Расмуссен альянс 2008-жылкы согуштун жыйынтыгына ынанбасын эскертти:

-НАТО Грузиянын эгемендигин жана бүтүндүгүн толук колдойт. Биздин альянс Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү деп тааный берет.

НАТОнун башкатчысы Россия 2008-жылдын 12-августундагы ок атууларды токтотуу келишиминин аткаруусу керек экенине да көңүл бурду. Ал келишимге ылайык, Москва өз аскерлерин согушка чейинки өңүтүнө же Абхазия жана Түштүк Осетиядан чыгарып кетиши шарт.

XS
SM
MD
LG