Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Клинтон НАТО менен Россияны кызматташууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон НАТОнун кеңейиши жана ракетадан коргонуу системасы Россияга коркунуч туудурбайт деп билдирди жана алянсты Москва менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө чакырды.

Вашингтондо дүйшөмбү күнү Атлантика кеңеши (Atlantic Council) изилдөө уюмунун жыйынында сөз сүйлөп, Хиллари Клинтон Европадагы коопсуздуктун жаңы архитектурасын сунуш кылган орус президенти Медведевдин демилгесин четке какты. Мамлекеттик катчы бул маселеде кандайдыр бир жаңы келишимдерди түзүүнүн кажетин көргөн жок.

"Россия өз коопсуздугуна байланыштуу реалдуу коркунучтарга туш келди, бирок НАТО мындай коркунучтарга кирбейт", - деп айтты Клинтон. НАТО менен Россиянын ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө АКШ кызыкдар экенин ырастап, мамкатчы мунун арты конкреттүү натыйжаларга алып келерин жана эки тараптын ортосун жакындатарын белгиледи.

Москва алянстын чыгыштагы өлкөлөрдүн, өзгөчө Грузия менен Украинанын эсебинен кеңейишине такай каршы чыгып келатат. Мындан тышкары Румынияда ракетадан коргонуу системасынын айрым элементтерин орнотуу планына да орус жетекчилиги жакында камтамачылык билдирген эле.

Ушул темага токтолуп, мамлекеттик катчы "массалык кыргын куралдарынын жайылышын ооздуктоо ишинде жана ракетадан коргонуу маселесинде Россиянын өнөктөш болушуна" Батыш муктаж экенин ырастады.

"Биз Россияны ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүдө НАТОго кошулганга чакырабыз, мындай жол европалыктарды жана Россиянын бардык жарандарын коркунучтардан бекем коргойт",- деп ишендирди Клинтон.

Клинтондун айтымында, НАТО менен Россия өз курал-жарактары, аскерий жайлары жөнүндө ачык маалымат алышып, биргелешкен машыгууларды өткөрүп турушса Европадагы коопсуздукка алда канча пайдалуу болмок.

Россия качандыр бир кезде НАТОнун мүчөсү болуп калышы мүмкүнбү деген суроого жооп берип, Клинтон ушундай күн келерине үмүттөнө турганын айтып, бирок орустар азыр муну реалдуу иш катары көрөрүнө ишеничи жоктугун да моюнга алды.

НАТОнун келечегине кайрылып, Клинтон алянс өзгөргөн кырдаалга ылайык стратегиялык концепциясын жаңылап чыгышы керектигин эскертти. "Каракчылык, террор, массалык кыргын куралдары же кибер-жапырыктар болобу, жаңы коркунучтар кайдан чыкпасын, алардын баарына сокку урганга даяр болуу керек. Дале өткөн согушта урушуп жаткан тарап жаңы согушта жеңип чыга албайт", - деп көрсөттү Клинтон.

НАТО азыр өзүнүн жаңы стратегиясын аныктоо үчүн иштеп жатат. Азыркы концепция 1999-жылы кабыл алынган. Жаңы концепцияны даярдоо боюнча эксперттер тобун АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлин Олбрайт жетектейт.

Документ быйыл ноябрда алянстын Лиссабондо боло турган саммитинде кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG