Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Президент Москвада, парламентке базаны кароо сунушталды...


3-февралда президент Курманбек Бакиев иш сапары менен Москвага барды. Ушул эле күнү анын орус президенти Дмитирий Медведев менен жолугушуусу, 4-февралда ЖККУ жана ЕврАзЭШтин жыйынына катышуусу белгиленген.

Президент Курманбек Бакиев менен президент Дмитрий Медведевдин жолугушуусу учурунда Кыргызстандын Россияга 190 миллион доллар тышкы карызын “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясына алмашуу, Камбар-Ата ГЭСине 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүү, андан сырткары 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя жана 150 миллион доллар гранттык жардам боюнча төрт келишимге кол коюу белгиленген.

Алардын ичинен тышкы карыз боюнча келишимге жетишүү жакын экендигин Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Асейин Исаев “Азаттыкка” билдирген эле:

- Биздин оюбуз боюнча, “Дастан” боюнча келишимге жетишүү жакын. Россияга 190 миллион доллар карызыбыз бар. Ошону реструктризациялайлы деп жатабыз.

Бул насыя, гранттар расмий Бишкек "Манастагы" АКШнын аскерий базасын чыгарса гана берилет, орус тараптын шарты ушундай деген бейрасмий маалыматтар Кыргызстанда тарап кеткен.

Андай түкшүмөлдөрдү 3-февралга “Ак жол” фракциясынын чукул жыйынын чакырылышы күчөтүп жиберди.

Чындыгында, 3-февралда фракциянын чукул жыйыны чакырылды. Ага президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов баш болгон Ак үйдөн келген адамдар катышты. Бирок жыйында фракциянын лидери алмашты. Мурунку жетекчи Азиз Турсунбаевдин ордуна Улукбек Ормонов шайланды. Фракция жетекчисинин орун басары Ажибай Калмаматов да бошотулуп, анын ордуна Максат Кунакунов шайланды.

Фракциянын жетекчилигинин алмашканы менен анын ишинде өзгөрүү болбойт деди Улукбек Ормонов:


-Башка бир жолго бурулуп, же өзгөртүү жасайбыз деген жок бул жерде. Фракциянын мүчөлөрү Максат Касымжанович экөөбүзгө чоң ишеним көрсөтүштү. Биз фракциянын буга чейин даярдаган ишин улантабыз. Анча-мынча өзгөртүүлөр болот. Бирок катуу бурулуш, өзгөрүш болбойт.

Ал ошондой эле фракциянын жыйынында "Манастагы" базага байланыштуу маселе талкууланбаганын билдирип, бирок 2-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы өткөргөн жыйында маселе көтөрүлгөнү тууралуу суроого мындай жообун берди:

- Кечээ төрагада болгон Координациялык кеңеште базага байланыштуу маселе козголду. Бирок анда базаны чыгарыш керек деп маселе коюлган эмес. Маселе бейшемби күнү Жогорку Кенештин күн тартибине киргизилеби? Иш ошого жараша жүрөт.

АКШнын Манастагы базасын чыгарууга байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин февраль айындагы күн тартибине киргизүүнү
Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев 2-февралда парламенттин Координациялык кеңешинде сунуштаган.

Ал сунуш тууралуу Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Мен бул маселени карап, чечим кабыл алууга парламентке төртүнчү-бешинчи жолу сунуш кылып жатам. Кечээ төрагада жыйын болгондо ушул сунушту кайталасам, бир-эки депутат мени колдоду, бир-эки депутат каршы болду. Эми бейшемби күнү добуш бергенде маселе күн тартибине киреби-кирбейби так айкын болот.

Коммунисттик фракциянын лидеринин пикиринде, базаны чыгарууга өкмөт кызыкдар эмес. Анткени базадан бюджетке салымдар болуп жатат. Ал эми Россия геосаясий жактан базанын турушуна кызыкдар эместир, бирок Москвадан келген расмий өкүлдөр база маселесин Кыргызстан өзү чечиш керектигин айтып келет.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG