Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

АКШнын “Манас” аба базасынын айланасында оюндар күчөдү


Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан “Манас” аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасын кетирүү маселеси кайрадан көтөрүлүүдө.

Айрымдар муну президент Курманбек Бакиевдин Москвага боло турган расмий сапары менен байланыштырып, 2 миллиард доллар насыя алыш үчүн Кыргызстан АКШ базасын кетирүүгө макулдугун бериши ыктымал дешет. Ошентсе да айрым саясат талдоочулардын айтымында, 2 миллиард доллар карыздын үстүнө дагы 2 миллиард карыз алуу, ал аз келгенсип пайда келтирип жаткан базаны жабууга макулдук берүү – бул абдан акылсыз жосун болуп калмакчы.

Бул жолу АКШ аба базасын кетирүү маселеси президент Курманбек Бакиевдин Москвага расмий сапарынын алдында козголду. Орусия маалымат каражаттары буга чейин Москва Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыя бере турганын, анын ордуна К.Бакиев АКШ аба базасын чыгаруу боюнча жардыкка кол коёрун жазып чыгышкан.

Ошентсе да расмий Бишкек азырынча андай кеп-сөздөрдү тастыктай турган маалымат жок экендигин билдирүүдө. Президенттин администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Ислан Рыскулов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, бул боюнча эч кандай расмий маалымат азырынча жок экенин айтты.

Бир катар саясат талдоочулардын айтымында, Кыргызстанга антитеррордук коалициянын аба базасы бир гана АКШнын эле каалоосу менен жайгашып калган жок. БУУнун Коопсуздук кеңеши антитеррордук коалиция түзүү боюнча чечим кабыл алгандан кийин, БУУнун мүчөсү катары Кыргызстан да террорчулукка каршы күрөштө өз салымын кошуу иретинде аба базага орун берген. Ага БУУга мүчө Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөр да макулдугун беришкен.

Ошентсе да Кыргызстандагы айрым саясатчылар бул аба кетиши туура болорун, анткени “Манас” аба базасына сокку урула турган болсо Кыргызстан эле жапа чегип каларын айтышууда. Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев мындай дейт:

- Биринчиден бул аскердик база кетсе, бизге куралдуу коркунучтар азаят. Себиби биздин башыбызга бомба түшпөйт, коркунучтар азаят. Кандай болсо да ошол аскер базасы бомбаларды ташып, Ооганстандын үстүнө таштап атпайбы. Бир учур келип, ошол жердеги АКШга каршы күчтөр күчөп кетсе, алар келип толугу менен бул базаны талкалаганга моралдык укуктары болот. Экинчиден, кээ бирлери айтып атышпайбы, АКШ бизге 15 миллион, 80 миллион берип атат, ошого байланыштуу унчукпашыбыз керек деп. Биз айтып атабыз, бул жерде акча менен эсептешиштин кереги жок. Дос катары АКШ келе беришсин, куралдуу күчтөрүн үйүнө калтырып коюшсун.

Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, АКШ базасын кетсин дегендердин талабы түккө да арзыбаган нерсе жана мындай демилге көтөрүп жаткандар жөнөкөй эле талдоо жасай албаган адамдар. Ошондой эле ал, Орусиядан 2 миллиарддык насыя алып, анын ордуна АКШ аба базасын чыгаруу керектиги тууралуу ойлорду суу кечпеген кеп деп эсептейт:

- 2 миллиард тышкы карызыбыз бар болсо, Орусиядан дагы 2 миллиард карыз алсак 4 миллиард карыз менен калып атабыз да. Анан дагы АКШ базасын чыгарып салсак тапкан пайдабыз эмне болот? Айта кетчү нерсе, торрорчулук акцияны жасоо үчүн сөзсүз түрдө ал жерде АКШнын базасы болушу керек эмес. Өзбекстанда деле АКШ базасын кетиришкенден кийин деле торрорчулук акциялар болуп атпайбы. Орусиянын өзүндө деле канча террорчулук акциялары болууда.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы Кыргызстанга 2001-жылы сентябрь айындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин жайгаштырылган. Мына ошол мезгилден бери база Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылып келатат. Аны чыгаруу талаптары, кийинки жылдары Орусиянын тирдене баштоосу жана АКШ менен тирешүүсү күчөгөндөн тарта көбөйдү дешет. Ушундан улам Орусия ар кандай жолдор менен Кыргызстанды көкүтүп, АКШ аба базасын Кыргызстандан кетирүү максатында айрым учурларда кыргыз бийлигин кысмакка алып келет дешет.

XS
SM
MD
LG